Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-декабры № 686
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 "Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 58-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 "Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленсин:
1) 2 жумуш күндүн ичинде - 1340 сом;
2) 1 жумуш күндүн ичинде - 3760 сом;
3) 3 сааттын ичинде - 8460 сом.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3551) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |