Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы ПЖ № 325 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын (мындан ары - Эсептөө палатасы) административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүү маселелерин жөнгө салат.
2. Кызмат орундарын ээлөө тартиби
3. Эсептөө палатасынын бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлөө бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлөөгө коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлерди (мындан ары - талапкерлер) тандоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
4. Талапкерлерди тандоо ага катышууга жарандардын бирдей жеткиликтүүлүгү, мыйзамдуулук, ачыктык, тандоо жүргүзүү шарттарынын жана тартибинин, ошондой эле анын натыйжаларын чыгаруунун бир түрдүүлүгү принциптеринде жүргүзүлөт.
5. Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт:
1) адистиги боюнча иш стажына жана тажрыйбасына жана тиешелүү кесиптик көндүмдөргө;
2) тиешелүү административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордундагы иштин өзгөчөлүгүн эске алуу менен билиминин деңгээлине жана профилине;
3) мамлекеттик жарандык кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө кыргыз, орус жана чет тилдерди билүүгө;
4) тиешелүү административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жөндөмдөргө жана көндүмдөргө.
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Ушул Эрежелердин 5-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга кошумча катары төмөнкү кызмат орундарына төмөнкүдөй талаптар белгиленет:
1) аппарат жетекчисине Эсептөө палатасынын системасында административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы тобундагы кызмат ордунда 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адам дайындалат;
2) аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине Эсептөө палатасынын системасында административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы тобундагы кызмат ордунда 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Эсептөө палатасынын ар бир административдик мамлекеттик жарандык кызмат орду боюнча квалификациялык талаптар Эсептөө палатасынын төрагасынын буйругу менен бекитилет.
8. Төмөнкү адам бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлөөгө талапкер боло албайт:
1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо соттун өкүмү менен кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын белгилүү кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
2) мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;
3) квалификациялык талаптарга ылайык келбеген;
4) Эгерде алардын иши алардын биринин экинчисине түздөн-түз баш ийүүсү же контролдугу менен байланыштуу болсо, Эсептөө палатасынын жетекчилик курамы (Эсептөө палатасынын төрагасы, аудитору, аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери) менен жакын туугандыкта болгон (ата-энелери, жубайлары, ага-инилери, эже-сиңдилери/карындаштары, уулдары, кыздары, ошондой эле жубайларынын ата-энелери, ага-инилери, эже-сиңдилери/карындаштары жана балдары);
5) кадырын кетирген негиздер боюнча же ишенимди жоготкондугуна байланыштуу Эсептөө палатасынан же башка мамлекеттик кызматтан мурда бошотулган;
6) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же башка мамлекеттин жарандыгын алган, жашап турууга уруксат же чет мамлекеттин аймагында туруктуу жашоого анын укугун ырастаган башка документ алган.
9. Эмгек мыйзамдарына ылайык жумуш орду сакталып турган убактылуу жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчынын милдеттерин убактылуу аткаруу үчүн кабыл алынуучу адамдар ээлеген кызмат ордуна коюлуучу бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Талапкерлерди тандоо төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) талапкер берген документтер боюнча тандоо;
2) белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык ишти жөнгө салуучу мыйзамдарды билүүсүн компьютердик тестирлөө;
3) аңгемелешүү.
11. Тандоодо талапкердин ушул Эрежелердин 5, 6-пункттарында көрсөтүлгөн бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү, ошондой эле анын функциялык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон билими, жөндөмдөрү жана көндүмдөрү аныкталат.
12. Аңгемелешүү талапкер менен анын жеке жана кесиптик-ишкердик сапаттарын, келечектеги иши тууралуу ой-пикирлерин, күтүүлөрүн, мотивациясын аныктоо үчүн интервью түрүндө жүргүзүлөт.
3. Тандоо жүргүзүүнүн шарттары жана тартиби
13. Бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орду пайда болгон учурда, биринчи кезекте Эсептөө палатасынын кадрлар резервинде турган, коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдардын арасынан тандоо жүргүзүлөт. Эсептөө палатасынын кадрлар резервинде турган адамдардын арасынан тандоо үч жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Эсептөө палатасынын кадрлар резервинде турган адамдар аңгемелешүүдөн гана өтөт.
14. Эсептөө палатасынын кадрлар резервинде квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер жок болгон учурда Эсептөө палатасынын төрагасынын чечими боюнча 3 жумуш күндүн ичинде Эсептөө палатасынын веб-сайтында квалификациялык талаптарды көрсөтүү менен бош кызмат ордуна тандоо өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылат. Талапкерлерден керектүү документтерди кабыл алуу мөөнөтү он календардык күн болуп белгиленет.
15. Талапкерлерден документтерди кабыл алууну, тандоонун бардык этаптарын өткөрүүнү уюштурууну, анын ичинде: документтерди алгачкы иштеп чыгууну, катышуучулардын тизмесин түзүүнү, тандоонун этаптары жөнүндө кабарлоону жана тандоого катышкан талапкерлерди каттоону Эсептөө палатасынын адам ресурстарын башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмү жүзөгө ашырат.
16. Бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо үчүн Эсептөө палатасынын төрагасынын буйругу менен талапкерлерди тандоо боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт.
17. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Эсептөө палатасынын аудитору:
2) Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси;
3) Эсептөө палатасынын адам ресурстарын башкаруу жана укуктук маселелер боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана (же) кызматкерлери;
4) Эсептөө палатасынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана (же) кызматкерлери;
5) Эсептөө палатасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасы маселелери боюнча комиссиянын төрагасы;
6) коррупциянын алдын алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу кызмат адамы.
Комиссиянын жок мүчөлөрүн алмаштырууга жол берилбейт.
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
18. Комиссиянын мүчөсү талапкерге карата кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда комиссиянын жыйналышынын протоколуна тиешелүү жазууну милдеттүү түрдө киргизүү менен өзүнүн баш тартуусун билдирүүгө милдеттүү.
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
19. Талапкерлердин кесиптик билимин текшерүү үчүн комиссия тарабынан тиешелүү багыттагы адистер тартылышы мүмкүн.
20. Комиссия:
1) берилген документтерди карайт жана талапкердин бош кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга ылайык келиши же ылайык келбеши жана тандоонун кийинки этабына киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат;
2) талапкердин кесиптик, атайын билимин, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн компьютердик техниканы колдонуу менен текшерет жана интервью өткөрөт;
3) тандоодон өткөн талапкерди бош кызмат ордуна дайындоого сунуштоо же дайындоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
4) Эсептөө палатасынын кадрлар резервине киргизүүгө эң жакшы натыйжа берген талапкерди сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алат.
21. Тандоо өткөрүүнүн мөөнөтү отуз жумуш күндөн ашык эмес белгиленет.
22. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын чечими, эгерде жыйналышка катышкан анын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет. Добуштар тең болгон учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
4. Тандоо этаптары
23. Талапкерлерди тандоо боюнча комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет, ага жыйналышка катышкан бардык мүчөлөр кол коёт.
24. Бош административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөө үчүн тандоого катышууга талапкерлер мамлекеттик же расмий тилдерде төмөнкү документтерди берет:
1) жеке арызы, сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу баракчасы;
2) өмүр баяны;
3) паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин түп нускасы аңгемелешүүдө көрсөтүлөт);
4) зарыл болгон кесиптик билимин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
5) В2 же С1 деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө сертификаттын көчүрмөсү;
6) берилген күндөн тартып үч айдын ичинде колдонуу мөөнөтү менен соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
241. 24-пункттун 4, 5-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү, талапкердин иштеген жери боюнча персоналдарды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн түрдө берилет.
Талапкер иштебеген учурда же документтердин күбөлөндүрүлбөгөн көчүрмөлөрү берилген учурда Эсептөө палатасынын адам ресурстарын башкаруу түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери көчүрмөлөрдү талапкер берген документтердин түп нускалары менен салыштырууну жүргүзөт жана көчүрмөлөргө ыйгарым укуктуу кызматкердин фамилиясын, инициалдарын, кол тамгасын жана датаны көрсөтүү менен "Көчүрмө туура" деген белги коёт.
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
25. Тандоо боюнча комиссия документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде ушул Эрежелерге ылайык берилген арыздардын жана документтердин негизинде талапкерлердин белгиленген талаптарга ылайыктыгы (же ылайык келбегендиги) жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алат.
26. Талапкердин тиешелүү кызмат ордуна белгиленген квалификациялык талаптарга ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтүү үчүн жиберилет.
27. Компьютердик тестирлөө комиссиянын катышуусу менен Эсептөө палатасынын санариптик өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу Эсептөө палатасынын түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - компьютердик тестирлөө жүргүзүү боюнча бөлүм) тарабынан жүргүзүлөт.
28. Талапкерлерди компьютердик тестирлөө Эсептөө палатасынын ишинин тиешелүү багыттарын регламенттеген мыйзамдарды билүүсү үчүн жүргүзүлөт. Тест 100 суроодон турат.
Тесттин суроолорун Эсептөө палатасынын төрагасы аныктаган жумушчу топ иштеп чыгат жана түзөт.
29. Тестирлөөнүн жыйынтыктары протокол менен таризделет, ага компьютердик тестирлөө өткөрүү бөлүмүнүн жетекчиси жана комиссиянын мүчөлөрү кол коёт.
30. Мыйзамдарды билүүсүнө компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө жаппы санынан 60 пайыздан кем эмес балл алган талапкерлер аңгемелешүүгө киргизилет.
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
31. Аңгемелешүүнү өткөргөнгө чейин талапкердин функциялык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон билимин, жөндөмдөрүн жана санариптик көндүмдөрүн аныктоо үчүн тандоо боюнча комиссия оргтехниканы колдонуу менен талапкердин практикалык көндүмдөрүн текшере алат.
32. Аңгемелешүү талапкер менен анын жеке жана кесиптик сапаттарын, аткаруучу иши, күтүүлөрү, мотивациялары жөнүндө түшүнүк алуу үчүн интервью түрүндө жүргүзүлөт.
33. Комиссиянын чечими мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
34. Тандоонун жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде тандоонун бардык этаптары боюнча эң жакшы натыйжа берген адамдарды бош кызмат ордуна дайындоо жөнүндө, Эсептөө палатасынын кадрлар резервине киргизүү жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын буйруктары 3 жумуш күндүн ичинде чыгарылат.
35. Тандоону өткөрүү боюнча ушул Эрежелер менен жөнгө салынбаган уюштуруучулук мүнөздөгү маселелер Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан аныкталат.
36. Эсептөө палатасы талапкер тарабынан берилген документтерде камтылган маалыматтардын тууралыгын атайын текшерүүнү, анын ичинде соттуулугунун жоктугуна, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгына, терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын Реестрде болушуна атайын текшерүүнү уюштурууга укуктуу.