Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 29-ноябры ПЖ № 325
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын айрым маселелери жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу, тышкы мамлекеттик аудиттин натыйжалуулугун жогорулатуу жана кадрдык потенциалды чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык токтом кылам:
(КР Президентинин 2026-жылдын 2-июлундагы № 247 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- II бөлүмдүн 4-главасынын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты
Категориялар | Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия | Эсептөө палатасы (борбордук аппарат) | Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдөрү | Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аппараты |
Жогорку кызмат орду | ||||
Ж-А | Аппараттын жетекчиси(*) | Аппараттын жетекчиси(*) |
| Аппараттын жетекчиси (*) |
Башкы кызмат орду | ||||
Б-А | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы | Башкармалыктын начальниги(*) Бөлүмдүн башчысы(*) Башкы мамлекеттик инспектор(*) | Аймактык бөлүмдүн жетекчиси(*) | Башкармалыктын начальниги Бөлүмдүн башчысы |
Б-Б | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Атайын өкүл Басма сөз-катчысы(*) | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы(*) Аналитик(*) Мамлекеттик инспектор(*) Басма сөз-катчысы(*) | Бөлүмдүн башчысы(*) Мамлекеттик инспектор(*) | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы Акыйкатчынын (Омбудсмендин) облустар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Басма сөз-катчысы(*) |
Улук кызмат орду | ||||
У-А | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Эксперт Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы(*) Эксперт(*) Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл(*) | Эксперт(*) | Сектордун, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы Эксперт Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл |
У-Б | Башкы адис Системалык администратор | Инспектор(*) Башкы адис(*) | Инспектор(*) Башкы адис(*) | Инспектор Башкы адис |
Кенже кызмат орду | ||||
К-А | Жетектөөчү адис | Жетектөөчү адис(*) | Жетектөөчү адис(*) | Жетектөөчү адис |
К-Б | Адис | Адис(*) | Адис(*) | Адис |
".
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |