Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-декабры № 642
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 538 "Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 4-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 538 "Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Автомобиль жолдорун долбоорлоого тапшырманын курамы Бажы бирлигинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" (ББ ТР 014/2011) техникалык регламентинин (мындан ары - техникалык регламент) автомобиль жолдорун долбоорлоо эрежелеринин талаптарына, анын ичинде зарыл болгон учурда байланыш курулмаларынын (линиялык-кабелдик) түзүлүшү боюнча талаптарга ылайык белгиленет.
Бул талаптар заказчы тарабынан санариптештирүү жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы жана/же профилдик бизнес-ассоциациялар менен макулдашуу боюнча аныкталат.";
- 9-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Долбоордук документтерди иштеп чыгуучуга техникалык регламенттин автомобиль жолдорун долбоорлоо эрежелерине ылайык баштапкы маалыматтар, анын ичинде байланыш курулмалары боюнча талаптар берилет.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгууда электр байланыш тармагын келечектүү өнүктүрүү программасына ылайык келүүсүнө карата санариптештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоорлонуучу автомобиль жолунун боюнда байланыш курулмаларын жайгаштыруу үчүн орундар жана кесилиштер каралууга тийиш.
Байланыш курулмаларын жайгаштыруунун варианттары долбоордук уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу ченемдик талаптарга жана экономикалык жана техникалык мүмкүнчүлүктөргө ылайык аныкталат.
Тар шарттарда байланыш курулмаларын жердин бетине орнотууга жол берилет.";
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Тапшырмадагы жумуштардын түрлөрү жана көлөмдөрү долбоорлоого тапшырманы бекитүүгө чейин аткарылууга тийиш болгон объекттерди техникалык текшерүүнүн, интенсивдүүлүктүн, жүк көп ташылгандыгынын жана жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруунун, байланыш курулмаларына зарылдыктын негизинде аныкталат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-пункт менен толукталсын:
"25-1. Автомобиль жолунун боюнда пландалган байланыш курулмаларынын курулушу кызыкдар жактар тарабынан транспорт жана коммуникациялар жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
Алардын курулушу жана андан ары пайдаланылышы боюнча өз ара аракеттенүү маселелери келишимдик негизде жөнгө салынат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |