Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 538
Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 642, 2025-жылдын 26-августундагы №525 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрдин, милдетин аткаруучу Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| М.Абулгазиев |
Тиркеме
Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 642, 2025-жылдын 26-августундагы №525 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталуучу башка булактардан каржыланган автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо тартибин жөнгө салат.
2. Жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулган:
долбоорлоого чейинки документация - автомобиль жолун куруу же реконструкциялоо боюнча техникалык, экономикалык максатка ылайыктуулугун жана долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн негиздөөчү документ. Долбоорлоого чейинки документацияга төмөнкүлөр кирет: техникалык-экономикалык негиздөө, инженердик издөөнүн жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, конструкциялык жана технологиялык эсептер, макеттер жана объекттерди изилдөөнүн жыйынтыгы, ошондой эле долбоордук документацияны иштеп чыгуу жана долбоорлорду кийин ишке ашыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон баштапкы материалдар жана маалыматтар;
техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) - долбоорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгүн жана максатка ылайыктыгын негиздеген, дээрлик натыйжалуу техникалык, уюштуруучулук жана финансы-экономикалык чечимдерди белгилеген документ;
долбоордук документация - автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын капиталдык оңдоо, реконструкциялоо, куруу боюнча инженердик-техникалык, архитектуралык, технологиялык, конструкциялык, экономикалык, финансылык жана башка чечимдерди камтыган документация;
жумушчу документтер - объектти куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча бекитилген долбоордук документацияда кабыл алынган техникалык чечимдерди ишке ашырууну камсыз кылуучу, курулуш жана монтаждык иштерди жүргүзүүдө, курулушту жабдыктар, шаймандар жана материалдар менен камсыздоодо жана/же курулуш буюмдарын жана конструкциясын даярдоодо керектелүүчү тексттик жана графикалык документтердин жыйындысы;
долбоорлоого тапшырма (долбоордук документацияны иштеп чыгуу тапшырмасы) - подряддын (контракттын) келишимин түзүүдө долбоордук уюм берген, заказчы тарабынан түзүлгөн жана бекитилген документ. Долбоорлоого тапшырма негизги баштапкы маалыматтарды, белгиленген параметрлерди, белгиленген объект үчүн инженердик камсыздоонун булактарын, курулуштун долбоордук объектисинин эксплуатациялык мүнөздөмөсүн жана башка талаптарды, долбоорлоонун татаалдыгын, баскычтарын жана мөөнөтүн аныктайт;
заказчы - автомобиль жолдору карамагында (балансында) турган мамлекеттик бийлик органдары, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
капиталдык оңдоо (реабилитация) - жол кийимдерин жана төшөлгөнүн, жердин бетин жана жол курулуштарын толук калыбына келтирүү жана ишке жөндөмүн жогорулатуу иштеринин комплекси, эскирген конструкцияларды жана деталдарды алмаштыруу же аларды бекемине жана узакка кызмат кыла турганына алмаштыруу, керектүү учурда жолдун геометриялык параметри кыймылдын интенсивдүүлүгүнүн өсүшүнө жана автомобилдердин огуна болгон жүктү эске алуу менен оңдолгон жол үчүн белгиленген ченемдин чегинде, тиешелүү категорияда, жолдун негизги узундугунда жер бетинин туурасын кеңейтпестен жогорулатылат;
автомобиль жолунун реконструкциясы - автомобиль жолунун классынын жана (же) категориясынын өзгөрүүсүнө алып келген, же автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесинин чектерин өзгөртүүгө түрткү болгон автомобиль жолунун, анын участокторунун параметрлерин өзгөрткөн жумуштардын комплекси;
автомобиль жолун куруу - автомобиль жолун куруу боюна технологиялык, инфраструктуралык жана башкаруу процесстеринин комплекси;
негизги техниканы жана жабдыктарды мобилизациялоо графиги - кол коюлгандан кийин келишимдик документацияга камтылуучу документ, кийин ал келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп, келишимди аткаруу үчүн керектүү техника жана жабдуу менен долбоорду камсыздоо боюнча подряддык уюмдун милдеттери жана мөөнөт тууралуу маалыматты камтыйт;
иш жүргүзүүнүн жалпы графиги - кол коюлгандан кийин келишимдик документацияга камтылуучу документ, кийин ал келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп, долбоор боюнча жумуштардын конкреттүү көлөмүн физикалык жана акчалай түрүндө аткаруу милдеттенмелерин жана мөөнөттөр тууралуу жалпыланган маалыматты камтыйт;
ишти аткаруунун жылдык графиги - тиешелүү жылда долбоордун иштерин аткаруу көлөмү боюнча мөөнөт жана милдеттер жөнүндө кенен маалыматтарды камтыган, иш жүргүзүүнүн жалпы графигинин негизинде түзүлгөн документ;
эксплуатацияга кабыл алуу - белгиленген тартипте бекитилген долбоордук документацияга жана тиешелүү техникалык регламенттердин талаптарына, көрктөндүрүүнүн жана жасалгалоонун керектүү элементтери менен, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана аны күтүү системасы менен жабдылган автомобиль жолунун (же анын участогунун) же жол курулмасынын аякталган курулушун кабыл алуу;
кирүүдөгү көзөмөл - тиешелүү коштоп жүрүүчү документтердин, пайдаланылуучу техниканын, жабдуулардын, курулуш материалдарынын жана буюмдарынын бар экендигин текшерүү;
төлөм сертификаты - отчеттук мезгилде аткарылган иштердин көлөмүн жана төлөнүүгө тийиш сумманы аныктоочу документ.
жол кыймылынын коопсуздугунун аудити – долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында жол кыймылынын катышуучулары үчүн тобокелдиктерди аныктоо жана алдын алуу максатында жүргүзүлө турган долбоордук чечимдерди жана жол инфраструктурасынын элементтерин көз карандысыз, системалуу жана техникалык текшерүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-августундагы №525 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Долбоордук-изилдөө иштеринин божомолу
3. Жол чарбасынын объекттери боюнча кезектеги жылдын долбоордук-изилдөө иштеринин божомолун заказчы автомобиль жолдорунун перспективдүү өнүгүү программасына, ошондой эле транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен критерийлерге ылайык иш планга киргизүү үчүн колдонуудагы автомобиль жолдорунун, жол курулмаларынын жана жол инфраструктурасындагы объекттердин абалын диагностикалоо материалдарынын негизинде ишке ашырат.
3. Долбоорлоо тапшырмаларын түзүү жана бекитүү тартиби
4. Автомобиль жолдорун долбоорлоого тапшырманын курамы Бажы бирлигинин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" (ББ ТР 014/2011) техникалык регламентинин (мындан ары - техникалык регламент) автомобиль жолдорун долбоорлоо эрежелеринин талаптарына, анын ичинде зарыл болгон учурда байланыш курулмаларынын (линиялык-кабелдик) түзүлүшү боюнча талаптарга ылайык белгиленет.
Бул талаптар заказчы тарабынан санариптештирүү жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы жана/же профилдик бизнес-ассоциациялар менен макулдашуу боюнча аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 642 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Автомобиль жолдорун долбоорлоо жана ТЭН иштеп чыгуу тапшырмасы заказчы тарабынан бекитилет.
4. Автомобиль жолдорун долбоорлоонун стадиялары
6. Долбоордук документацияны иштеп чыгуу төмөнкүдөй ыраатта ишке ашырылат:
а) курулушта, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда жана реконструкциялоодо үч стадияда:
- долбоордун алдындагы документациясын иштеп чыгуу;
- долбоордук документацияны иштеп чыгуу;
- жумушчу документацияны иштеп чыгуу.
б) капиталдык оңдоодо бир стадияда - жумушчу документацияны иштеп чыгуу.
7. ТЭН жаңы курулушта, реконструкциялоодо жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда иштелип чыгат, алардын ишке ашырылуусу республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жана автомобиль жолдорун өнүктүрүүнүн бекитилген мамлекеттик жана тармактык программаларында каралган чет элдик инвестициялардын эсебинен каржыланат.
Долбоордун ТЭНинин төмөнкүдөй түзүмү болууга тийиш:
- киришүү жана жалпы маалымат;
- транспорт секторунун сереби;
- жол секторун баалоо;
- жол кыймылын изилдөө жана талдоо;
- топографиялык изилдөө жана картография;
- инженердик-геологиялык изилдөө;
- жолдордун инвентаризациясы жана жолдун төшөлгөнүн изилдөө;
- климат, гидрология жана сууну бөлүштүрүү;
- жасалма курулмалар;
- жол бетинин эсеби;
- автожолдун долбоору;
- экологиялык изилдөө;
- социалдык баалоо;
- экономикалык талдоо;
- чыгымдардын сметасы;
- каттамдардын варианттарын салыштыруу;
- өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча иш-чаралар;
- долбоорду ишке ашыруу боюнча сунуштар.
Долбоордун ТЭНи техникалык регламенттин талаптарына жана ушул талаптарга жооп бербеген учурда толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлөт.
8. Долбоордун ТЭНи макроэкономикалык, инвестициялык, экономикалык жана региондук өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияны ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен заказчы тарабынан бекитилет.
5. Долбоорлоого чейинки, долбоордук, жумушчу документацияны иштеп чыгуунун тартиби
9. Долбоорлоого чейинки, долбоордук жана жумушчу документацияны иштеп чыгуу конкурстук негизде, лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулмалардын (I, II, III категориядагы объекттердин) шаар куруу, долбоордук-изилдөө иштерине лицензиясы бар жеке жана юридикалык жактарды тартуу менен ишке ашырылат.
Долбоордук документтерди иштеп чыгуучуга техникалык регламенттин автомобиль жолдорун долбоорлоо эрежелерине ылайык баштапкы маалыматтар, анын ичинде байланыш курулмалары боюнча талаптар берилет.
Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгууда электр байланыш тармагын келечектүү өнүктүрүү программасына ылайык келүүсүнө карата санариптештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоорлонуучу автомобиль жолунун боюнда байланыш курулмаларын жайгаштыруу үчүн орундар жана кесилиштер каралууга тийиш.
Байланыш курулмаларын жайгаштыруунун варианттары долбоордук уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу ченемдик талаптарга жана экономикалык жана техникалык мүмкүнчүлүктөргө ылайык аныкталат.
Тар шарттарда байланыш курулмаларын жердин бетине орнотууга жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 642 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Курулушту контролдоо (техникалык көзөмөл) боюнча иштерге долбоордук документацияны иштеп чыгууга катышкан уюмдарга, ошондой эле ушул объектте материалдарды жана конструкцияларды жеткирүүчүлөр жана подрядчылар менен материалдык-техникалык мамилелери бар уюмдарга катышууга жол берилбейт.
11. Бардык долбоордук документация подряддык келишимдин жана заказчы бекиткен долбоорлоо тапшырмасынын негизинде иштелип чыгат.
12. Тапшырмадагы жумуштардын түрлөрү жана көлөмдөрү долбоорлоого тапшырманы бекитүүгө чейин аткарылууга тийиш болгон объекттерди техникалык текшерүүнүн, интенсивдүүлүктүн, жүк көп ташылгандыгынын жана жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруунун, байланыш курулмаларына зарылдыктын негизинде аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 642 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Автомобиль жолдорун долбоорлоодо заказчы жергиликтүү курулуш материалдарын автомобиль жолдорун курууда колдонуу үчүн карьерлердин жайгашкан жерлерин аныктайт.
Карьерлерди иштетүүгө техникалык долбоор иштелип чыгат. Техникалык долбоор долбоордук документациянын курамында долбоордук документацияны иштеп чыгуучу тарабынан иштелип чыгат жана жер казынасын коргоо жана өнөр-жайлык, экологиялык коопсуздуктун талаптарына жооп беришине экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш. Ушуну менен бирге, техникалык долбоорду иштеп чыгуу тапшырмасына ылайык долбоордук уюм белгиленген тартипте карьерлерде курулуш материалдарын өлчөйт жана сыноодон өткөрөт.
Заказчы техникалык долбоордун бардык каралган экспертизаларын белгиленген тартипте өткөрүлүшүн камсыздайт.
14. Жумушчу документациянын деталдаштыруусунун деңгээли курулуш-монтаждык иштерди аткарууну, курулуштун сапатын жана кыймылдын коопсуздугун толугу менен камсыз кылуусу зарыл.
15. Долбоордук уюм заказчыга келишимдик милдеттерге жана долбоорлоо тапшырмасына ылайык иштелип чыккан долбоорлоого чейинки, долбоордук жана жумушчу документацияны берет.
16. Бекитилгенден кийин беш жыл ичинде долбоордук документациясы иштелип чыкпаган жана бекитилбеген ТЭН эскирген болуп эсептелет жана заказчы кайрадан бекиткенден кийин гана колдонсо болот.
17. Бекиткенден кийин беш жыл ичинде курулушу башталбаган долбоордук жана жумушчу документация (мындан ары - ДжЖД) эскирген болуп эсептелет жана белгиленген тартипте кайра бекиткенден кийин ишке ашыруу үчүн колдонсо болот.
6. Жол кыймылынын коопсуздугунун аудитин жүргүзүү, долбоордук жана жумушчу документацияны макулдашуу, экспертизалоо жана бекитүү
( КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-августундагы №525 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Заказчы жол кыймылынын коопсуздугунун аудитин жүргүзүүнү жана ДжЖД экспертизалоону камсыз кылат. Жол кыймылынын коопсуздугунун аудитин жүргүзүү, ДжЖД макулдашуу жана экспертизалоо мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
( КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-августундагы №525 токтомунун редакциясына ылайык)
181 . Жол-транспорт кырсыктарынын тобокелдигин төмөндөтүү максатында заказчы ДжЖД экспертиза жүргүзүлгөнгө чейин жол кыймылынын коопсуздугунун аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө укуктуу.
Автомобиль жолдорунун коопсуздугунун аудитин жүргүзүү тартиби, анын ичинде катышуучулардын милдеттерин белгилөө, аудит жүргүзүлүүгө тийиш болгон автомобиль жолдорунун долбоорлорун тандоо критерийлерин аныктоо, ошондой эле жол-жоболорду, отчеттуулукка карата талаптарды жана кийинки аракеттерди регламенттөө транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
( КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-августундагы №525 токтомунун редакциясына ылайык)
19. ДжЖД техникалык регламенттин жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берүүсү зарыл.
20. Заказчы чыгымдардын максатка ылайыктуулугуна жана негиздүүлүгүнө карата долбоордук документацияны ведомстволук экспертизалайт.
21. ДжЖД экспертизалоодон жана макулдашуудан өткөрүлгөндөн кийин мыйзамда белгиленген тартипте заказчы тарабынан бекитилет.
22. Экспертизалоого тийиш, бирок белгиленген тартипте андан өтпөй калган курулуштун жана реконструкциянын ДжЖД аякталбаган болуп саналат, бекитилбейт жана андан ары ишке ашырылбайт.
23. ДжЖД өзгөртүлгөн учурда долбоордук документациянын өзгөртүлгөн бөлүгү мыйзамдарда белгиленген тартипте милдеттүү түрдө макулдашуудан, бекитүүдөн жана экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.
24. Жол чарба тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган автомобиль жолдору боюнча бекитилген ДжЖД мамлекеттик жана жергиликтүү ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөргө конкурстук тоорукту өткөрүү, подряддык уюмду аныктоо жана долбоорду ишке ашырууга тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүү үчүн бериши мүмкүн.
7. Автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо
25. Заказчы автомобиль жолдорунун долбоордук-изилдөө иштеринин, курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмесин түзөт.
Автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо объекттеринин титулдук тизмесине мыйзамдарда белгиленген тартипте бекитилген долбоордук документациясы бар объекттер кирет.
Автомобиль жолдорун куруунун жана реконструкциялоонун бардык объекттери архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча мамлекеттик органда мыйзамдарда белгиленген тартипте катталууга тийиш.
25-1. Автомобиль жолунун боюнда пландалган байланыш курулмаларынын курулушу кызыкдар жактар тарабынан транспорт жана коммуникациялар жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
Алардын курулушу жана андан ары пайдаланылышы боюнча өз ара аракеттенүү маселелери келишимдик негизде жөнгө салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 642 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо боюнча жол-курулуш иштерин аткарууга подряддык уюмду жана келишимдик наркын аныктоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
27. Автожолдорду куруу жана реконструкциялоо келишими боюнча подряддык уюм катары лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жеке турак үйлөрдү (I, II, III категориядагы объекттерди) куруудан тышкары курулуш-монтаждык иштин түрүнө лицензиясы бар, конкурстук документациянын жана түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык жол курулуш иштерин аткарууну камсыздоого жөндөмдүү юридикалык жактар катыша алат.
28. Заказчы конкурстук тооруктун жеңүүчүлөрү - подряддык уюмдар менен конкурстук тооруктун жыйынтыгы боюнча белгиленген жумуштун (кызматтын) бүт көлөмүнө келишим түзөт. Келишимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт. Келишим жана келишимдин өзгөчө шарттары конкурстук документацияда көрсөтүлгөн стандарттуу формада түзүлөт. Келишим заказчынын аныктамасы боюнча конкурстук документациянын бөлүгү болуп эсептелет жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
келишимдин өзгөчө шарттарын;
техникалык спецификацияны;
конкурстук өтүнмөдө каралган иш көлөмүнүн ведомостун;
чийимдер жана графикалык материалдар (графиктер) камтылган долбоордук жана жумушчу документацияны.
29. Техникалык спецификациялар - бул долбоордун жана иштин жалпы сүрөттөлүшүн, долбоорду ишке ашыруунун бардык катышуучулары аткарууга милдеттүү болгон ишке негизги техникалык талаптарды караштырган документ. Спецификациянын бардык шарттары техникалык регламенттин талаптарына жооп бериши зарыл.
Техникалык спецификациялар долбоордук документацияны иштеп чыгуучу тарабынан иштелип чыгат жана долбоордук документациянын курамында экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.
30. Иш көлөмүнүн ведомосту подряддык уюм тарабынан көлөмү жана алардын наркы жөнүндө негизги маалыматты чагылдырган өзүнүн берген баасынын сунушунун курамдык бөлүгү катары конкурска көрсөтүлгөн документ болуп саналат. Иш көлөмүнүн ведомосту бир нече бөлүктөн турат, ар бири иштин айрым пункттарын көлөмдү, көлөмдүн бирдиги үчүн наркын жана иштин ушул түрү боюнча жалпы наркын көрсөтүү менен камтыйт.
Конкурсту өткөрүүдө жеткирүүчүлөр иштин ар бир түрүнө өз бааларын сунуштайт, алардын жалпы наркы иш көлөмүнүн ведомостунда чагылдырылган суммадан ашпоого тийиш.
Конкурс өткөрүлгөндөн кийин жеткирүүчүлөрдүн сунуштаган баасы келишимдин бир бөлүгү болуп калат.
Иш көлөмүнүн ведомосту түшүндүрмө катты да камтыйт, мында ар бир баанын алкагында аткарылууга тийиш жумуштун көлөмү, ведомосттогу ар бир пункт боюнча иштин түрлөрү көрсөтүлөт.
Иш көлөмүнүн ведомостуна өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Келишимге кол коюлганга чейин подряддык уюм заказчыга келишимди аткаруу кепилдигин камсыз кылууну акчалай каражаттардагы депозиттер, казыналык облигациялар, банк кепилдиктери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан көрсөтүүчүгө депозиттик сертификаттар түрүндө чыгарылган же камсыз кылынган баалуу кагаздар, жеке же юридикалык жактар берген күрөөлүк камсыздоо түрүндө бериши мүмкүн. Кепилдик камсыздоо келишимде каралган айыптан эки эсе өлчөмүнөн ашпайт же келишимдин наркынын 10 пайызынан жогору болбойт. Келишимди аткаруу кепилдигин колдонуу мөөнөтү келишим боюнча бардык милдеттерди аткаруу мөөнөтүнөн аз болбойт.
Подряддык уюм финансылык тобокелдиктерди четтетүү үчүн тийиштүү суммага кепилдик бергенде келишимдин суммасынан аванстык төлөм талап кылууга укуктуу болот. Аванстык каражатты кармап калуу аткарылган иш көлөмүнүн суммасынан бирдей үлүштөр менен жүргүзүлөт. Аванстын суммасын тараптар подряддык уюм берген кепилдиктин суммасынан ашпаган өлчөмдө аныкташат.
31. Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого жана реабилитациялоого тартылган чет өлкөлүк подряддык жана консультациялык уюмдардын инженердик-техникалык жана жумушчу кызматкерлеринин 80% Кыргыз Республикасынын жарандары болууга тийиш.
32. Бөлүнгөн каражаттарды заказчы автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана куруу объекттеринин тизмесинде каралбаган максатка колдонбойт.
8. Тараптардын милдеттери жана жоопкерчилиги
33. Заказчы тарабынан төмөнкүлөр камсыз кылынат:
жер участогунун бөлүнгөн тилкесин тандоо, баштапкы уруксат берүүчү документацияны даярдоо, долбоордун алдындагы иштерди уюштуруу, ДжЖД иштеп чыгуу, макулдашуу, экспертизасын камсыз кылуу жана бекитүү;
конкурстук тоорук аркылуу подряддык уюмду аныктоо (генподрядчы);
иштин графигин түзүү жана каржылоо менен келишим түзүү;
автомобиль жолдорун куруу жана реконструкциялоо объекттерин архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча мамлекеттик органда каттоо;
подряддык уюмга автомобиль жолдорун курууга жана реконструкциялоого долбоордук жана жумушчу документацияны берүү;
мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жерлерди алып коюу (сатып алуу) жана мүлктү баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
подряддык уюм кабыл алган келишимдик милдеттерин жана келишимде каралган башка функцияларды аткарышын контролдоо жана каржылоо;
техникалык регламенттин курулушту контролдоо талаптарына ылайык курулушту контролдоо (техникалык көзөмөлдөө);
аяктаган объекттерди мыйзамдарда белгиленген тартипте эксплуатацияга кабыл алуу;
кепилдик мезгилде аныкталган дефекттерди четтетүүнү контролдоо;
Заказчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык башка функцияларды аткарат.
34. Подряддык уюм төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
автомобиль жолун жана анын элементтерин объектти куруу жана реконструкциялоо мезгилинде эксплуатациялоочу уюмдан кабыл алууну;
курулуш-монтаждык иштер аяктагандан кийин автомобиль жолун жана анын элементтерин эксплуатациялоочу уюмга өткөрүп берүүнү;
объекттерди куруу жана реконструкциялоо мезгилинде автомобиль жолдорун талаптагыдай кармоону;
иштин графигине ылайык, техникалык регламенттердин жана ДжЖД талаптарын аткаруу менен автомобиль жолдорунун инженердик-техникалык камсыздоо системаларын, конструкцияларын орнотуу, жумуштарын аткарууну;
уюштуруу-технологиялык документацияны иштеп чыгууну жана колдонууну;
курулушту жүргүзгөн жакты өндүрүштүк контролдоо, анын ичинде колдонулган курулуш материалдарынын жана буюмдарынын техникалык регламенттин жана ДжЖД талаптарына жооп беришин контролдоону;
объекттин аткаруучу документациясын жүргүзүүнү жана тариздөөнү, заказчыга өткөрүп берүүнү, анын ичинде милдеттүү сертификаттоого тийиш продукцияга шайкештик сертификаттарын жана колдонулган жабдуунун техникалык паспорттору жана шайкештик декларациясын;
курулуш аянтында эмгек коопсуздугун, курулуштун иштеринин айлана-чөйрө жана калк үчүн коопсуздугун камсыздоону;
курулуш аянтын башкаруу, анын ичинде заказчы кабыл алганга чейин курулуш аянтынын сактыгын жана объекттин коопсуздугун камсыз кылууну;
керектүү учурда адистештирилген иштерди аткаруу үчүн субподряддык уюмдарды тартууну;
техникалык регламенттин жана келишимдин талаптарына ылайык курулушту жабдыктар, конструкциялар жана курулуш материалдары менен камсыздоону;
техникалык регламенттин талаптарын жана долбоордук чечимдерди аткаруу менен курулуш-монтаждык, атайын жана иштетүүгө киргизүү жумуштарын өз убагында жана сапаттуу аткарууну;
объектини заказчыга техникалык регламенттин талаптарына жана келишимдин милдеттерине, бекитилген долбоорго ылайык өткөрүп берүүнү.
Подряддык уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана келишимдин шарттарына ылайык башка функцияларды аткарат.
35. Заказчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана келишимге ылайык подряддык уюмдун алдында төмөнкүлөр үчүн жооптуу:
жумуштун долбоордук жана жумушчу документациясын өткөрүп берүүнү кечиктиргендиги;
геодезиялык бөлүү негизди жана автомобиль жолуна бекитилген геодезиялык пункттарды жана белгилерди өткөрүп берүүнү кечиктиргендиги;
бүткөрүлгөн объекттин, анын өзүнчө кезегинин, иштетүүгө киргизүү комплексинин келишимдин шарттарына ылайык кабыл алынышын баштоону негизсиз кармагандыгы;
келишимге ылайык аткарылган жумушка төлөөнү, ырастоону жана каржылоону өз убагында аткарбагандыгы.
36. Подряддык уюм заказчынын алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана келишимге ылайык төмөнкүлөргө жоопкерчиликтүү:
курулуш-монтаждык иштердин сапатсыз аткарылышына, долбоордук документацияларга жана техникалык регламенттин талаптарына жооп бербешине;
автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууну жана реконструкциялоону өз убагында бүтпөгөндүгүнө;
жол курулуш иштерин бекитилген графикке ылайык өз убагында аткарбагандыгына;
келишим боюнча монтаждык жана башка адистештирилген уюмдар тарабынан иш жүзүнө ашырылган жабдыктарды монтажга берүү мөөнөтүн бузгандыгына;
заказчы менен түзүлгөн келишимдин өзгөчө шарттарында белгиленген жерди рекультивациялоо боюнча иштердин көлөмү жана мөөнөтүнүн бузулгандыгына;
курулуш учурунда же аралык кабыл алууда контролдоочу органдар, автордук көзөмөл, техникалык көзөмөл (инженер-консультант) жана заказчы тарабынан табылган конструкцияда же жумуштарда кетирилген каталарды жана кемчиликтерди оңдоону кечиктирүүгө.
9. Курулуш иштеринин башталышы
37. Келишимге кол коюлгандан тартып он календардык күндүн ичинде подряддык уюм негизги техниканы жана жабдыкты мобилизациялоонун графигин, ошондой эле иш жүргүзүүнүн жалпы графигин заказчыга макулдашуу үчүн көрсөтүшү керек. Заказчы үч күндүн ичинде көрсөтүлгөн документтерди карап чыгат. Шайкешсиздиктер байкалган учурда заказчы керектүү оңдоолорду киргизип, подряддык уюмга оңдоо үчүн жөнөтөт. Бул көрсөтмөлөрдү алгандан кийин подряддык уюм эки күндүн ичинде макулдашуу үчүн эскертүүлөрдү эске алуу менен оңдолгон графикти кароого сунуш кылуусу зарыл. Бардык графиктер ай-айларга бөлүштүрүп түзүлөт.
38. Негизги техниканы жана жабдыкты мобилизациялоо графиги подряддык уюмдун жумуш башталган күндөн тартып жыйырма бир күндүн ичинде мобилизациялоону бүтүрүү шартын эске алуу менен түзүлөт.
Жумуштун жалпы графиги жумушту аткаруунун бүт мезгилине түзүлүшү керек. Курулуш иштерин баштоо күнү болуп заказчы иштердин башталганы жөнүндө билдирүүнү берүү датасы эсептелет. Иштердин башталганы жөнүндө билдирүү төмөнкүлөр орун алгандан кийин берилет:
подряддык уюм аванс алганда (эгерде бул келишимде каралса);
заказчы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча курулуш участогун өткөрүп бергенде;
жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган ишти аткарууга ордер алганда.
39. Иштин жалпы графигин макулдашкандан кийин подряддык уюм жумуштарды аткаруунун жылдык графигин түзөт жана жумуштардын жалпы графигин макулдашкандан кийин он төрт күндүн ичинде заказчыга макулдашууга берет. Жумуштардын жалпы графиги иштердин жылдык жалпы графигин түзүүнүн жыйынтыгы боюнча оңдолот. Жылдык графикке төмөнкү учурларда өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн:
долбоордук документацияда каралбаган, аткарылышы үчүн кошумча убакыт талап кылган кошумча иштерди аныктаганда. Бул учурда иш көлөмүнүн ведомостуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин графиктер оңдолот;
авариялык-калыбына келтирүү иштерин аткаруу зарылдыгын чакырган өзгөчө кырдаалдарда;
заказчынын күнөөсү боюнча подряддык уюм жумуштарды токтоткондо.
40. Келишимде подряддык уюмга иш графигинен артта калганда жаза (айып) колдонуу шарты айтылышы керек.
Келишимде аткарылган иштер үчүн төлөм кечиктирилген учурда заказчыга карата жазалар (айып) каралышы мүмкүн.
Жазанын (айыптын) өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча келишимде аныкталат.
41. Бардык жол-курулуш иштери техникалык регламенттин, долбоорлоо документациянын техникалык спецификацияларына ылайык так аткарылууга тийиш.
42. Жол курулуш иштери аткарылгандан кийин аткарылган жол-курулуш иштеринин бекитилген ДжЖДга жана техникалык регламенттин аткарылган иштердин аралык кабыл алуусуна коюлган талаптарына шайкеш келишин аныктоо максатында аралык кабыл алуу жүргүзүлөт. Аткарылган жол-курулуш иштерин жана (же) конструкциялык элементтерди аралык кабыл алуунун жыйынтыктары боюнча бааланган объектти кабыл алуу же табылган кемчиликтерди жоюу үчүн толуктап иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндөгү чечим менен акт түзүлөт жана ага кол коюлат.
43. Жашырын жумуштар техникалык регламенттин аткарылган иштеринин аралык кабыл алуусуна коюлган талаптарга ылайык таризделет.
44. Кириш көзөмөлү курулуш жана реконструкциялоо процессинде жол курулуш материалдарын, буюмдарды, конструкцияларды жана жабдыктарды колдонуу учуруна чейин жүргүзүлөт. Кириш көзөмөлү ДжЖД жана техникалык регламенттердин талаптарына жооп бергендиги жана сапаты жөнүндө маалыматтарды камтыган коштоочу документтерди (шайкештик сертификатын, шайкештиги жөнүндө декларацияны жана башка документтерди) жана алардын мазмунун текшерүүнү камтыйт.
Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууда жана реконструкциялоодо колдонулган жол-курулуш материалдары жана буюмдары шайкештик сертификаты же шайкештиги жөнүндө декларация формасында аккредитацияланган сыноо лабораторияларында шайкештигин ырастоого тийиш.
Заказчы жана подрядчы кириш көзөмөлүн жүргүзүү учурунда жол-курулуш материалдарын, буюмдарын, конструкцияларын жана жабдыктарын өзүнүн күчү менен аккредитацияланган сыноо лабораторияларында өлчөөнү жана сыноону жүргүзүүгө же алардын жүргүзүлүшүн аккредитацияланган уюмдарга тапшырууга укуктуу.
Подрядчы объектке келген жол-курулуш материалдарынын жана буюмдардын сапаты үчүн жооп берет. Подрядчы келген материалдардын жана буюмдардын долбордук документациясынын жана техникалык регламентинин талаптарына шайкештигин толук сыноо тизмесинен өткөрүүгө укугу бар.
Кириш көзөмөлүндө техникалык регламенттин белгиленген талаптарына ылайык келбеген жол-курулуш материалдары, буюмдары, конструкциялары жана жабдыктары табылган учурда, аларды курулушта жана оңдоо иштерине колдонууга тыюу салынат жана аларды кабыл алууга жана колдонууга жол берилбейт.
45. Объектти курууда жана реконструкциялоодо мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча пландуу текшерүүлөр мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча заказчы бекиткен графикке ылайык жүргүзүлөт.
10. Аткарылган иштер үчүн төлөө
46. Аткарылган иштер үчүн заказчы бекиткен формадагы төлөө сертификаттары боюнча жана иштердин көлөмүнүн ведомостунда көрсөтүлгөн бааларга ылайык төлөнөт.
Төлөм боюнча көрсөтүлгөн талаптарга жана иштердин аткарылган көлөмүнүн шайкештигин ырастоого талдоо жүргүзүү зарыл болгон учурда заказчы билдирүүдө көрсөткөн ырастоочу башка документтерди (чийимдерди, жашырын иштердин актыларын, аткарылган иштерди жана материалдарды кабыл алуу жөнүндө актыларын, материалдарды тестирлөө боюнча актыларды, иштердин түрлөрү боюнча аткарылган тартууларды, сертификаттарды, декларацияларды ж.б.) кошумча сурап алууга укуктуу. Бул билдирмелер заказчы тарабынан аралык төлөмдүн сертификаттарын расмий алгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлөт. Подряддык уюм заказчынын билдирмелерин алгандан кийин үч күндүн ичинде тийиштүү документтерди көрсөтүшү керек. Талап кылынган документтер белгиленген мөөнөттө көрсөтүлбөгөн учурда төлөм боюнча тийиштүү сумма учурдагы аралык төлөм сертификатына камтылбайт.
11. Эксплуатацияга кабыл алуу жана кепилдик берүү мөөнөтү
47. Подряддык уюмдун кепилдик берүү мөөнөтү подряд келишиминде башкача каралбаса, аткарылган ишти заказчы кабыл алган же кабыл алууга тийиш болгон учурдан тартып башталат.
Кепилдик мөөнөтү "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.
Кепилдик берүү мөөнөтүндө подряддык уюм иштерди аткарууда долбоордук документациянын жана техникалык регламенттердин талаптарын бузгандыгынан улам кемчиликтер аныкталган учурда подряддык уюм ошол кемчиликтерди өз каражатынын эсебинен жоёт жана автомобиль жолунун бул аянтына же элементине кепилдик мөөнөтү кемчиликтерди четтетүү боюнча иштерди бүткөн күндөн тартып кайрадан белгиленет. Аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иштерди жүргүзүү мөөнөтү кепилдик мөөнөтүнө кошулбайт.
Кемчилик табылгандан кийин заказчы подряддык уюмга ошол замат билдирет, ал жети күндүн ичинде кемчиликтерди жоюу боюнча иштерди баштоосу керек. Кемчиликтерди жоюу боюнча талап кылынган иштерди аткаруу үчүн аба-ырайы ыңгайсыз болгон учурда, подряддык уюм заказчынын макулдугу менен аба-ырайы ыңгайлуу болгонго чейин бул иштердин аткаруу мөөнөтүн жылдыра алат.
Эгерде подряддык уюм жети күн өткөндөн кийин аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иштерди баштабаса, заказчы кемчиликтерди жоюуну эксплуатациялоочу уюмга тапшырууга укуктуу, кетирилген чыгымдар подряддык уюмга келишимди аткаруу кепилдигинин каражаттарынын эсебинен таандык болот, ошондой эле подряддык уюмду ишенимсиз (ак ниетсиз) кызмат көрсөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына киргизүү үчүн кайрылууну демилгелөөгө милдеттүү. Долбоордук документациянын жана техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылбагандыгынан жүргүзүлгөн иштерден кемчиликтер аныкталганда заказчы курулуш көзөмөлүн жүргүзүү үчүн кеткен чыгымдарга эквиваленттүү сумманы кармап калат.
Баасы келишимди аткаруунун кепилдик суммасынан көп кемчиликтер аныкталган учурда, заказчы подрядчыга белгиленген мөөнөттө кемчиликтерди жоюу жөнүндө кабарлайт жана курулуш көзөмөлүн жүргүзгөн уюмду ишенимсиз (ак ниетсиз) кызмат көрсөтүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына киргизүү үчүн кайрылууну демилгелейт.
48. Кепилдик берилген мөөнөттө заказчы жүргүзүлгөн ишти талдайт жана мурда макулдашылган аралык төлөм сертификаттарын жана келишимдин алкагында төлөнгөн суммаларды текшерет, алардын жыйынтыгы боюнча финансылык отчет түзөт.
Финансылык отчет менен бирге калган иш көлөмүн төлөө жана керек болгон суммаларды кармоону эске алуу менен аяктоочу төлөм сертификаты түзүлөт.
49. Кепилдик мөөнөтү бүткөндөн кийин подряддык уюм заказчыга участоктун техникалык мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү менен Жолдун паспортун берет.
50. Объектти эксплуатацияга кабыл алуу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
51. Заказчы объектини эксплуатацияга кабыл алгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде подряддык уюмга төлөнүүсү керек болгон бардык сумманы камтуу менен акыркы төлөм сертификатын берет. Ошол эле учурда келишим боюнча милдеттер аткарылгандыгы жөнүндө кабарлайт.
52. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынбаган курулуш объекттерин эксплуатациялоого уруксат берилбейт.
53. Заказчы объект кабыл алынгандан кийин эксплуатациялоочу уюмдун тейлөөсүнө участокту өткөрүү жөнүндө тийиштүү буйрукту чыгарат.