Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-декабры № 671
Кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
- Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
- Иш-чаралар планынын бюджети 3-тиркемеге ылайык;
- Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 4-тиркемеге ылайык.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган коммерциялык банктар жана ассоциациялар ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булагы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
1-артыкчылык. Агрокластердик ыкманы колдонуу менен тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү | ||||||
1 | Тамак-аш азыктарына болгон калктын керектөөлөрүн канааттандыруу жана азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү | 1.1. 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын кластердик саясат концепциясын иштеп чыгуу | 2024-жылдын декабры | "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын кластердик саясат концепциясын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кароого жана тиешелүү чечим кабыл алууга киргизилди. Кыргыз Республикасында кластердик саясатты өнүктүрүүнүн укуктук жана экономикалык негизи түзүлдү | АЧМ | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында |
1.2. Кластердик өнүктүрүү борборун түзүү | 2027-жылдын июну | Кластердик өндүрүштү башкаруунун түзүмү түзүлдү | АЧМ | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында | ||
2-артыкчылык. Эт, сүт жана жумуртка кластерлеринин агрегаторлорун өнүктүрүү | ||||||
2 | Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын жаңы ишканаларын, логистика объекттерин, жаңы иш орундарын түзүү жана өлкөнүн калкын жумуш орундары менен камсыз кылуу | 2.1. Эт жана сүт кластерин, ошондой эле жумуртка кластерин колдонуу менен тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча мастер-планды иштеп чыгуу | 2024-жылдын июну | Мастер пландар иштелип чыгып, министрликтин буйругу менен бекитилди, максаттуу параметрлер, индикаторлор, жооптуу аткаруучулар жана күтүлүүчү натыйжалар аныкталды | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында |
2.2. Эт жана сүт кластерлеринин тамак-аш жана кайра иштетүү продукцияларын түзүү боюнча ТЭН иштеп чыгуу | 2024-жылдын июну | Сүт кластерин түзүүнүн экономикалык максатка ылайыктуулугуна баалоо жүргүзүлдү | АЧМ | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында | ||
2.3. Сүт кластеринин 4 тамак-аш жана кайра иштетүү ишканасын түзүү, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Талас облустарында бирден | 2023-2025-жылдар аралыгында | Сүттү кластердик өндүрүү принциптерин киргизүү жана ишке ашыруу менен 4 сүт өндүрүшү түзүлдү | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында | ||
3 | Өндүрүлгөн эттин, сүттүн жана жумуртканын көлөмүн көбөйтүү | 3.1. Жаныбарларды жасалма уруктандыруу пункттарын камсыз кылуу үчүн өндүргүч букалардын уругун жеке өндүрүүнүн жана чет өлкөдөн алып келүүнүн көлөмүн көбөйтүү | 2023-2026-жылдар | Жасалма уруктандыруу менен 80,0% жасалма уруктандыруу пункттары камтылды, 100,0 миң уй жана кунажын жасалма жол менен уруктандырылды жана уйлардын жана кунажындардын азык-түлүк сапаты 10%га жакшыртылды | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында |
3.2. Токтоп турган жаныбарларды жасалма уруктандыруу пункттарын ишке киргизүү жана жаңы пункттарды түзүү | 2023-2027-жылдар |
| АЧМ инвестициялык долбоорлорунун алкагында | |||
3.3. Сүт, эт жана жумуртка багытындагы асылдандыруу чарбалары үчүн асыл тукум жаныбарларды жана канаттууларды сатып алуу | 2023-2027- жылдар | Импорттолгон асыл тукум жаныбарлардын саны жыл сайын 500 башка чейин, канаттуулар 30000ге чейин көбөйтүлдү, асыл тукум малдын породалык курамы жаңыртылды жана жакшыртылды | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында | |||
3.4. Мал чарбачылыгында алыскы жайыттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүү | 2023-2027-жылдар | Алыскы жайыттарды пайдаланган фермерлердин саны 30%га көбөйдү | КРП облустардагы ЫУӨ | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин жана жайыт пайдалануу үчүн түшкөн жыйым каражаттарынын алкагында | ||
3.5. Региондордо экиден кем эмес бордоп семиртүүчү цех куруу үчүн шарттарды түзүү | 2023-2027-жылдар | 2 бордоп семиртүүчү цех курулду | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында. "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында | ||
3.6. Тоют өндүрүү заводун куруу үчүн шарттарды түзүү | 2023-2024-жылдар | Тоют чыгаруучу завод курулду | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында. "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында | ||
3.7. Сүт-товардык фермаларды (СТФ) куруу үчүн шарттарды түзүү | 2023-2027-жылдар | 10 СТФ курулду | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында. "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында | ||
4 | Өндүрүлгөн сүттүн жана эттин салатын жакшыртуу | 4.1. Фермердик чарбаларга асыл тукум малды лизингге жана дотацияга берүүнүн финансылык механизмдерин иштеп чыгуу | 2023-жылдын декабры | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында асыл тукум малдын лизингинин финансылык механизмдери иштелип чыкты, фермерлер асыл тукум малды лизингге алышты | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, "Айыл Банк" ААК (макулдашуу боюнча) | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында |
4.2. Ветеринардык контролду күчөтүү жана эт-сүт продукциясына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу | 2023-2027-жылдар | Республиканын ички агроазык-түлүк рыногунда кооптуу эт-сүт продукциясын сатуу фактылары азайтылды | АЧМ | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында | ||
4.3. Эт тармагындагы жаңы ишканаларды куруу же эскилерин реабилитациялоого, реконструкциялоого инвестицияларды салуу боюнча инвестициялык сунуштарды жана бизнес-пландарды даярдоо | 2024-жылдын октябры | Инвесторлорго презентация жасалды, инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү | АЧМ, ИУА | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында | ||
5 | Өндүрүлгөн сүт жана эт азыктарын кайра иштетүүнүн сапатын жакшыртуу | 5.1. НАССР жана ISO 22000 стандарттарын колдонуу боюнча эт жана сүт тармактарынын ишканаларынын операторлорун практикалык окутуу | 2024-2027-жылдар | Эт жана сүт тармактарындагы ишканалардын операторлору тарабынан сапаттын эл аралык стандарттарын колдонуу боюнча билимдер алынды | АЧМ, ССМ | АЧМдин инвестициялык долбоорлорунун алкагында |
6 | Сүттү жана этти кайра иштетүү секторундагы кошумча нарктын чынжырчасынын (мындан ары - КНЧ) катышуучуларынын билим деңгээлин жогорулатуу | 6.1. Ар бир максаттуу топ менен КНЧ боюнча тиешелүү окууларды өткөрүү | 2024-2027-жылдар | Окуулар жана тренигдер өткөрүлдү, КНЧ катышуучуларынын билими жогорулатылды | АЧМ | АЧМ инвестициялык долбоорлорунун алкагында |
6.2. Өндүрүүчүлөрдүн, мамлекеттик органдардын, бизнес-түзүмдөрдүн адал продукцияны экологиялык эрежелер менеджменти системасы ISO 9001, ISO 14001, ISO 22000, FSSC 22000 стандарттарын киргизүү чөйрөсүндөгү билим деңгээлин жогорулатуу | 2024-2027-жылдар |
|
|
| ||
3-артыкчылык. Мөмө-жемиш жана жашылча кластери чөйрөсүндө тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү | ||||||
7 | Өндүрүүчүлөрдүн маркетинг топторун түзүү | 7.1. Мөмө-жемиш, жашылча, картошка кластерлерин өнүктүрүү боюнча мастер-планды иштеп чыгуу | 2024-2025-жылдар | Мастер пландар иштелип чыгып, министрликтин буйругу менен бекитилди, максаттуу параметрлер, индикаторлор, жооптуу аткаруучулар жана күтүлүүчү натыйжалар аныкталды | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында |
8 | Мөмө-жемиштерди кайра иштетүүнүн сапатын жакшыртуу жана түшүм жыйноодон кийинки технологияны өркүндөтүү | 8.1. Жаңы мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын сапатын жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо жана бекитүү | 2024-2025-жылдар | Жашылча-жемиштердин азык-түлүк сапатын жакшыртууга шарт түзүлдү, жашылча-жемиштерди сатуунун көлөмү 2024-жылга карата 10-20%га өстү | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында |
8.2. Алдынкы тажрыйбаларга негизделген чийки затты баштапкы иштетүүнүн жаңы технологиясын киргизүүгө көмөк көрсөтүү | 2024-2025-жылдар | |||||
8.3. 2024-2028-жылдарга тамчылатып сугарууну киргизүү менен интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу | 2024-жыл | "2023-2027-жылдарга тамчылатып сугарууну киргизүү менен интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизилди, интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүүгө укуктук жана экономикалык негиздер жана жагымдуу шарттар түзүлдү | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | АЧМдин инвестициялык долбоорлорунун алкагында | ||
9 | Мөмө-жемиштерди жана жашылча-жемиштерди жыйноо үчүн логистикалык борборлорду жана дүң-бөлүштүрүү борборлорун түзүү | 9.1. 2024-2028-жылдарга карата соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу | 2024-жыл | "2024-2028-жылдарга соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизилди, республикада тамчылатып сугарууну киргизүүнүн укуктук жана экономикалык негиздери жана жагымдуу шарттар түзүлдү | АЧМ | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында |
9.2. Ысык-Көл облусунда СЛБ куруу | 2027-жылга чейин | СЛБ пайдаланууга берилди | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | Инвесторлордун каражаттарынын эсебинен | ||
9.3. Кампа тил кат системасын киргизүү, фермерлерге колдоо көрсөтүү | 2027-жылга чейин | 100дөн кем эмес фермер кампа тил каттары боюнча кредит алышты | АЧМ, коммерциялык банктар | Инвестициялык долбоорлордун каражатынын эсебинен | ||
10 | Жашылча-жемиш КНЧ катышуучуларынын билим деңгээлин жогорулатуу | 10.1. Ар бир максаттуу топ үчүн тиешелүү тренингдерди өткөрүү | 2024-2027-жылдар | Окуу жана тренингдер өткөрүлдү, КНЧ катышуучуларынын билимдери жогорулатылды | АЧМ | АЧМдин инвестициялык долбоорлорунун алкагында |
10.2. GLOBAL G.A.P., ISO 22000 стандарттарына окутуу | 2027-жылга чейин | Айыл чарбасынын 100 субъектиси эл аралык сапат стандартын киргизүү боюнча окуудан өтүштү | АЧМ | АЧМ инвестициялык долбоорлорунун алкагында | ||
4-артыкчылык. Ун жана нан азыктарын өндүрүү секторунда "дан" кластеринин агрегаторлорун өнүктүрүү | ||||||
11 | Нан азыктарын өндүрүүдө жана ун өндүрүү тармагында кластердик бирикмелерди түзүү менен тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү | 11.1. Аштык буудай данынын айдоо аянттарын көбөйтүүгө дем берүү | 2024-2025 -жылдар | Буудайдын айдоо аянты 270,0 миң/га чейин көбөйтүлдү | АЧМ | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында |
12 | Өндүрүлгөн ундун жана нан азыктарынын сапатын жакшыртуу | 12.1. Фермерлерди бириктирүүгө дем берүү механизмдерин иштеп чыгуу жана ун тартуучу кластерине киргизүү | 2024-2027-жылдар | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору боюнча кластердик өндүрүштү капиталдаштыруу механизми ишке ашырылды | АЧМ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында |
13 | Ун өндүрүү жана нан азыктарын өндүрүү секторунун катышуучуларынын билим деңгээлин жогорулатуу | 13.1. Ар бир максаттуу топ үчүн тиешелүү окууларды өткөрүү | 2024-2027-жылдар | Окутуу жана тренингдер өткөрүлдү, КНЧ катышуучуларынын билимдери жогорулатылды | АЧМ, ССМ, БИМ | АЧМдин инвестициялык долбоорлорунун алкаганда |
13.2. НАССР жана ISO 22000 системасынын негизинде ун жана нан бышыруу тармактарынын операторлорун практикалык окутуу (4.3.1) | 2024-жылдын сентябрына чейин | Тамак-аш индустриясынын операторлорунун билими жана потенциалы жогорулады | АЧМ | АЧМдин инвестициялык долбоорлорунун алкагында | ||
5-артыкчылык. "Бал" кластерин өнүктүрүү | ||||||
14 | Бал аарычылык объекттерин колдоо жана контролду күчөтүү | 14.1. Бал аарычылык объекттерине ветеринардык-санитардык көзөмөлдү күчөтүү | 2024-2025-жылдар | Жыл сайын өткөрүлүүчү ветеринардык-санитардык иш-чаралар бекитилди | АЧМ | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында |
14.2. Бал аарычылык чөйрөсүнүн субъекттерине ветеринардык кызматтарды көрсөтүү | 2024-2025-жылдар | Ветеринардык тейлөөгө макулдашуулар түзүлдү |
|
| ||
15 | Тамак-аш коопсуздугунун системасын жана өндүрүлгөн аары азыктарынын сапатын киргизүү жана бал аарычылыкта селекциялык-асыл тукум иштерин уюштуруу | 15.1. Эл аралык стандарттардын ченемдери боюнча сертификацияланган лабораторияларды уюштуруу, аккредитациялоо | 2024-2027-жылдар | Кыргыз Республикасынын сертификатталган жана аккредитацияланган лабораторияларынын саны көбөйтүлдү | АЧМ, КАБ | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында |
15.2. Асыл тукум бал челектерин уюштуруу жана селекциялык-асыл тукум иштерин жүргүзүү | 2024-2025-жылдар | Породаларды райондоштуруу киргизилди |
| |||
15.3. Бал аарычылыкка окутуу, аарычылык боюнча адистердин. менеджерлердин жана ветеринардык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу | 2024-2025-жылдар | Бал аарычылык боюнча окуу тренингдери уюштурулду. Аарычылык адистерин даярдоо үчүн окуу мекемелери менен кызматташуу күчөтүлдү | АЧМ | АЧМдин инвестициялык долбоорлорунун алкагында | ||
6-артыкчылык. Балык кластерин өнүктүрүү | ||||||
16 | Балык чарба чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 16.1. Балык кластерин өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү | 2024-жыл | Балык кластерин өнүктүрүү боюнча мастер пландар иштелип чыгып, министрликтин буйругу менен бекитилди, максаттуу параметрлер, индикаторлор, жооптуу аткаруучулар жана күтүлүүчү натыйжалар аныкталды | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, балык чарба ассоциациясы | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында. Кыргыз Республикасынын балык чарба ассоциацияларынын каражаттарынын эсебинен |
17 | Балык чарбаларындагы ветеринардык коопсуздук | 17.1. Балык илдетин диагностикалоо, алдын алуу жана дарылоо боюнча ихтиопатологиялык лабораторияны жана адистештирилген көчмө экспресс-лабораторияларды түзүү | 2023-2024-жылдар | Балык чарба субъекттерине ветеринардык кызматтар көрсөтүлдү | АЧМ | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында |
17.2. Балык өстүрүү объекттерине ветеринардык-санитардык көзөмөлдү күчөтүү | 2023-2024-жылдар | Балык чарбаларынын ветеринардык-санитардык жана балык өстүрүү биологиялык ченемдерин жана талаптарын сактоо боюнча кварталдык, жылдык ветеринардык-санитардык пландык иш-чараларды өткөрүү | АЧМ | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында | ||
18 | Өндүрүлгөн балык продукциясын кайра иштетүүнүн сапатын жакшыртуу | 18.1. Балык тармагындагы ишканалардын операторлоруна НАССР жана ISO 22000 стандарттарын колдонууга карата практикалык окууларды өткөрүү | 2024-2026-жылдар | Балык тармагындагы ишканалардын операторлору тарабынан эл аралык сапат стандарттарын колдонуу боюнча билимдер алынды | АЧМ, ССМ, Кыргызстандарт | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында |
19 | Балык иштетүү секторунда кошумча нарк чынжырчасынын (мындан ары - КНЧ) катышуучуларынын билим деңгээлин жогорулатуу | 19.1. Ар бир максаттуу топ менен КНЧ боюнча окуу өткөрүү | 2024-2026-жылдар | Окуу жана тренингдер өткөрүлдү, КНЧ катышуучуларынын билимдери жогорулатылды | АЧМ | АЧМдин долбоорлоо бөлүмдөрүнүн жардамынын алкагында |
20 | Аймактарда кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү | 20.1. Ассортиментте балыкты жана балык продукциясын экспорттоону уюштуруу максатында Жалал-Абад, Чүй облусунда логистикалык борборлорду түзүү | 2024-2027-жылдары | Логистикалык борборлор ишке киргизилди | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында |
7-артыкчылык. Агрокайра иштетүү секторун өнүктүрүү | ||||||
21 | Агрокайра иштетүү секторун өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү | 21.1. Кайра иштетүүчү компаниялар үчүн жаңы кредиттик линияны ачуу боюнча донорлор жана коммерциялык банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. Коммерциялык банктардын каражаттарына жаңы кредиттик линияны жана агрокайра иштетүүчү компаниялар үчүн жаңы кредиттик линияны ачуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө | 2024-2027-жылдар | Кайра иштетүүчү компаниялар үчүн жаңы кредиттик линиялар каралды | АЧМ, ЭКМ КРУБ | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында |
22 | Региондордо тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү | 22.1. Айыл чарба продукциясын экспорттоону жана реэкспорттоону уюштуруу максатында Баткен облусунда 2 логистикалык борборду түзүү | 2023-2027-жылдар | 2 агрологистикалык борбор пайдаланууга берилди | АЧМ, КРП облустардагы ЬГУӨ | Жеке ишкерлердин каражаттары |
22.2. 5тен кем эмес КНЧ түзүү: - Нарын облусунда этти жана сүттү кайра иштетүүнүн аймактык кластерин түзүү; - Нарын облусуна бордоп семиртүүчү цехти куруу; - Жумгал районуна мал союучу цехти куруу; - Ат-Башы районуна логистикалык борборду куруу; - 3төн кем эмес МТФ куруу | 2023-2027-жылдар | Аймактык сүт жана эт кластерлери түзүлдү, МТФ, мал союучу цех жана логистикалык борбор курулду, сүт жана эт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча шарттар түзүлдү. Жумуш орундары түзүлүп, продукцияны экспорттоо жөнгө салынды | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында | ||
22.3. Ысык-Көл облусунда жашылча-жемиштерди кайра иштетүү боюнча ишкана түзүү: - Ысык-Көл облусунда бордоп семиртүүчү цех түзүү; - үчтөн кем эмес МТФ түзүү; - этти жана сүттү кайра иштетүү боюнча ишканаларга көмөк көрсөтүү; - Ысык-Көл облусунда логистикалык борборду куруу; - картошканы жана өрүктү кайра иштетүүчү цехтерди түзүү | 2023-2027-жылдар | Жаңы жумуш орундары түзүлдү. Өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү, калктын сүткө, этке болгон муктаждыгы камсыздалды. Продукцияны экспорттоо үчүн шарттар түзүлдү | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында | ||
22.4. Чүй облусунда кант, сүт, эт кластерлеринин, ошондой эле өсүмдүк майынын кластерин түзүү; логистикалык борборду жана айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү ишканаларды куруу; айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү ишканаларды жана логистикалык борборлорду куруу; "Кыргызстан-Корея" агроөнөр жай кластерин өнүктүрүү | 2023-2027-жылдар | Калктын кантка болгон муктаждыгы камсыздалды. Жаңы жумуш орундары түзүлдү. Экспорттук потенциалдар көбөйтүлдү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүккө жетишти | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында | ||
22.5. Эл аралык жана донордук өнүктүрүү фонддору үчүн инвестициялык долбоорлордун жылдык презентацияларын уюштуруу. Инвестициялык долбоорлордун реестрин жүргүзүү | 2023-2027-жылдар | Донорлор менен 5тен кем эмес инвестициялык долбоор демилгеленди | АЧМ УИА | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында | ||
23 | НАССР сыяктуу өзүн-өзү контролдоо системасын ишке ашырууга тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына көмөктөшүү | 23.1. Тамак-аш индустриясынын ишканаларына НАССР системасын киргизүүгө көмөктөшүү | 2023-2027-жылдар | Окуулар, тренингдер өткөрүлдү, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү сапат стандарттарын киргизүү боюнча билим алышты | АЧМ, ЭКМ | АЧМдин долбоорлоо бөлүмдөрүнүн жардамынын алкагында |
23.2. Сыноо лабораторияларын керектүү жабдуулар менен толуктоо: - республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун; - Ош зоналык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборун | 2023-2027-жылдар | Продукциянын сапаты жана коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин талаптары аткарылды | АЧМ, БИМ | Инвестициялык долбоорлордун каражаттарынын алкагында | ||
24 | Тамак-аш жана кайра иштетүү продукциясынын маркетингин жана сатылышын камсыз кылуу | 24.1. Мамлекеттик экспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн толук тездетилген спектрин алуу максатында "Сонун" Кыргыз экспортерлорунун жашыл тизмесин түзүү | 2023-2025-жылдар | Маркетинг уюштурулду, тамак-аш продукциясынын экспорту көбөйдү | АЧМ, ЭКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында |
25 | Айыл чарба продукциясынын маркетингин жана сатылышын жакшыртуу | 25.1. Өлкөнүн чекене соода түйүндөрүнүн текчелеринде азык-түлүк товарларынын көлөмүн көбөйтүү | 2023-2024-жылдар | Маркетинг уюштурулуп, топоздун этин, бал жана балык сатуу көлөмү көбөйдү | МСХ, ЭКМ | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында |
26 | Ички рынокто айыл чарба азык-түлүк товарларын илгерилетүү | 26.1. Өлкөнүн чекене тармактарынын текчелеринде тамак-аш азыктарынын түрлөрүн көбөйтүү | Дайыма | Чекене тармактарда айыл чарба продукциясынын көлөмү көбөйдү, жарманкелер өткөрүлдү | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында |
26.2. Республикада айыл чарба жарманкелерин уюштуруу | Дайыма | Айыл чарба базарлары керектүү жабдуулар менен камсыздалды, базарлардын инфраструктурасы жакшыртылды жана жаңыланды | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | Жеке инвестициялар | ||
27 | Айыл чарба жана азык-түлүк соодасы үчүн онлайн аянтчаны түзүү | 27.1. Айыл чарба продукцияларын сатуу үчүн мобилдик тиркеме менен онлайн аянтчаны иштеп чыгуу же аны иштеп жаткан платформалардын алкагында өнүктүрүү | 2024-жылдын октябры | Айыл чарба продукциясынын жаңы жана арзан ассортименти менен камсыз кылууга шарттар түзүлдү | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | Жеке инвестициялар |
27.2. Кампа тил каттары боюнча онлайн аянтчаны иштеп чыгуу жана өнүктүрүү | 2024-жылдын декабры | Натыйжалуу иштеген, ийгиликтүү жана ачык онлайн аянтча уюштурулду | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | Жеке инвестициялар | ||
27.3. Багбанчылык жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн сатуу боюнча онлайн аянтчаны иштеп чыгуу жана өнүктүрүү | 2024-жылдын декабры | Натыйжалуу иштеген ийгиликтүү жана ачык онлайн аянтча уюштурулду | АЧМ, Банктар бирлиги (макулдашуу боюнча) | Жеке инвестициялар | ||
28 | Тышкы рынокто ата мекендик товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу | 28.1. 2023-2027-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча жаңы планды иштеп чыгуу жана бекитүү | 2024-жылдын июну | Натыйжалуу иштеген ийгиликтүү жана ачык онлайн аянтча уюштурулду | ЭКМ, министрликтер жана ведомстволор | Жеке инвестициялардын эсебинен |
28.2. Тамак-аш азыктарын үчүн салттуу жана жаңы сатуу рынокторуна изилдөө жүргүзүү | 2025-жылдын марты | Россия, Казакстан, Өзбекстан, КЭР жана башка өлкөлөрдүн рынокторуна талдоо жүргүзүлдү | КР ПА, ЭКМ | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында | ||
28.3. "Кыргызстанда жасалган" продукциясынын эл аралык таанылышын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү | 2024-жылдын августу | "Кыргызстанда жасалган" продукциясынын имиджи үчүн брендбук, улуттук стенддин дизайны, медиа контент иштелип чыкты | АЧМ, ЭКМ ТИМ, ИУА, ММСЖСМ, КР бизнес-коомчулугу | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында | ||
8-артыкчылык. Органикалык продукция өндүрүшүн өнүктүрүү | ||||||
29 | Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнү колдоо, сертификациялоо системасын киргизүү жана өнүктүрүү | 29.1. Органикалык өндүрүштү сертификациялоо органын уюштурууга көмөктөшүү жана эл аралык стандарт боюнча органды аккредитациялоо | 2023-2027-жылдар | Өткөөл мезгилде турган фермерлер органикалык продукцияны өндүрүүгө жеңилдетилген кредиттерди алышты | АЧМ | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында |
29.2. Органикалык продукцияларды экспорттоо үчүн тиешелүү кампалары бар төрт органикалык продукциянын логистикалык борборун түзүү | 2023-2027-жылдар | Органикалык өсүмдүк продукциясын сактоо жана кайра иштетүү боюнча Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарында, ХАССП же ISO стандарттары боюнча үч логистикалык борбор түзүлдү, анын ичинде органикалык эт продукциясын сактоо жана кайра иштетүү боюнча Нарын облусунда | АЧМ, КАБ | Жеке инвестициялар | ||
30 | КНЧны өнүктүрүүгө органикалык продукцияны өндүрүү үчүн жагымдуу экономикалык шарттарды камсыз кылуу | 30.1. Биологиялык продуктыларды жана энтомофаг өндүрүү департаментинин филиалдарынын өндүрүштүк потенциалын модернизациялоо аркылуу фермерлерди өсүмдүктөрдү коргоодо коопсуз каражаттар жана органикалык жер семирткичтер менен камсыз кылуу | 2023-2027-жылдар | Өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттарды жана органикалык жер семирткичтерди өндүрүү көлөмү көбөйдү | АЧМ | Жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында |
30.2. Органикалык үрөндөрдү өстүрүү үчүн 4 үрөнчүлүк чарбаны уюштуруу | 2023-2027-жылдар | Чарбакер субъекттер органикалык үрөндөр менен камсыз болушту | АЧМ | Жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында | ||
30.3. Өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык каражаттарын, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, ошондой эле колдонуудагы стандарттар боюнча органикалык өндүрүштү алып баруу, мониторинг жүргүзүү боюнча иштеген кадрларды кайра даярдоо | 2023-2024-жылдар | Квалификациялуу адистер даярдалды. Өсүмдүктөрдү коргоонун сапаттуу биологиялык каражаттары чыгарылды | АЧМ | Жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында | ||
31 | Органикалык продуктыларды өндүрүү боюнча фермерлерге маалымат берүү жана билим алуусун камсыз кылуу | 31.1. Стандарттарга ылайык органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча фермерлер үчүн семинарларды, тренингдерди өткөрүү | 2023-2027-жылдар | Органикалык продукцияны өндүрүүчүлөр жана кызыкдар тараптар органикалык өндүрүштү жүргүзүү боюнча билим алышты | АЧМ, БИМ | АЧМдин долбоорлоо бөлүмдөрүнүн колдоосунун алкагында |
31.2. Калкка органикалык айыл чарба өндүрүшү жана туура тамактануу жөнүндө ЖМК аркылуу үзгүлтүксүз маалымат берип туруу | 2023-2027-жылдар | Калкка органикалык айыл чарба өндүрүшү жана туура тамактануу жөнүндө ЖМК аркылуу үзгүлтүксүз маалымат берилип турду | АЧМ | Жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында | ||
32 | Менеджмент системасына жана инновацияларды өнүктүрүүгө эл аралык стандарттарды киргизүү | 32.1. Global G.A.P. эл аралык стандарттын талаптары жөнүндө айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана тиешелүү мамлекеттик органдардын билим деңгээлин жогорулатуу | 2023-2027-жылдар | Калкка органикалык өндүрүш жана анын эрежелери жөнүндө маалымат берилди | АЧМ | АЧМдин долбоорлоо бөлүмдөрүнүн жардамынын алкагында ... |
32.2. Талаптарды чечмелөө (интерпретация) боюнча улуттук колдонмону иштеп чыгуу | 2023-2027-жылдар | Туруктуу негизде окутуу жүргүзүлүп, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли жогорулатылды | АЧМ | АЧМдин долбоорлоо бөлүмдөрүнүн колдоосунун алкагында | ||
9-артыкчылык. Жашыл агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча чаралар | ||||||
33 | Өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана бардык өндүрүш факторлорун натыйжалуу пайдалануу үчүн технологияны иштеп чыгуу жана "жашыл" айыл чарбасын каржылоо | 33.1. Жашыл климаттык фонддорго долбоордук сунуштарды даярдоо жана берүү | 2027-жылдын декабры | Үчтөн кем эмес долбоордук сунуш иштелип чыкты | АЧМ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | Жеке инвестициялар |
33.2. "Жашыл агроөнөржай комплекси" үчүн айыл чарбасына каражат бөлүүнү караган колдонуудагы жеңилдетилген кредиттөөгө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | 2027-жылдын декабры | Фермерлер жашыл финансылык ресурстарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышты | АЧМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Жооптуу министрликтин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында | ||
33.3. Айыл чарбасына биогаз орнотмолору, өндүрүштөгү ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар жана ушул сыяктуу үчтөн кем эмес технологияларды киргизүү | 2024-2027-жылдар | Жаңы технологиялар киргизилди | АЧМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Эл аралык уюмдар | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
КР | - | Кыргыз Республикасы |
КРПА | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
Кыргызстандарт | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
КАБ | - | Кыргыз аккредитациялоо борбору |
КРП облустардагы ЫУӨ |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
АРИС | - | Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
KOICA | - | Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттиги |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
ЕЭК | - | Евразия экономикалык комиссиясы |
НАССР | - | тобокелдиктерди талдоо системасы жана критикалык көзөмөл чекиттери |
ISO | - | сапатты башкаруу системасы |
GLOBAL G.A.P. | - | өндүрүлгөн продукциянын тамак-аш коопсуздугуна кепилдик берүүчү система |
ББ | - | Бажы бирлиги |
ТР | - | техникалык регламент |
КНЧ | - | кошумча нарктын чынжырчасы |
СЛБ | - | соода-логистикалык борборлор |
|
| 3-тиркеме |
Кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын БЮДЖЕТИ
млн. сом
№ | Милдеттер | Муктаждыктар | Мүмкүнчүлүктөр | Финансылык ажырым | |||||||||
Бардыгы | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында | МИП, гранттар | Башкалар | Бардыгы | "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында | МИП, гранттар | Башкалар | Бардыгы | РБ | МИП, гранттар | Башкалар | ||
1 | Агроластердик ыкманы колдонуу менен тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү | 7000,00 | 7000,00 | 0,00 | 0,00 | 7000,00 | 7000,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
2 | Эт, сүт жана жумуртка кластерлеринин агрегаторлорун өнүктүрүү | 3000,00 | 3000,00 | 0,00 | 0,00 | 3000,00 | 3000,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
3 | Мөмө-жемиш жана жашылча кластери чөйрөсүндө тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү | 2000,00 | 2000,00 | 0,00 | 0,00 | 2000,00 | 2000,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
4 | Ун жана нан азыктарын өндүрүү секторунда "дан" кластеринин агрегаторлорун өнүктүрүү | 1000,00 | 1000,00 | 0,00 | 0,00 | 1000,00 | 1000,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
5 | "Бал" кластерин өнүктүрүү | 1000,00 | 1000,00 | 0,00 | 0,00 | 1000,00 | 1000,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
6 | Балык кластерин өнүктүрүү | 1000,00 | 1000,00 | 0,00 | 0,00 | 1000,00 | 1000,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
7 | Органикалык продукция өндүрүшүн өнүктүрүү (органика кластери) | 1000,00 | 1000,00 | 0,00 | 0,00 | 1000,00 | 1000,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
| Жыйынтыгы: | 16000,00 | 16000,00 | 0,00 | 0,00 | 16000,00 | 16000,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
| Бардыгы | 16000,00 | 16000,00 | 0,00 | 0,00 | 16000,00 | 16000,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 | 0,00 |
|
| 4-тиркеме |
Кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
Милдети/индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Орто аралык индикаторлор (жылдык) | Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | |||||
2021 | 2022 | 2023 | 2024 | 2025 | 2026 | 2027 | 2028 | |||
1. Агроөнөржай комплексинин макроэкономикалык көрсөткүчтөрү | ||||||||||
Айыл чарба, токой, балык чарбасы, аңчылык жаатындагы продукциялардын дүң өндүрүшү жана кызмат көрсөтүү (азыркы баа менен) | млн. сом | 324535,6 | 354680,8 | 386340,7 | 417680,6 | 439416,1 | 478582,9 | 510803,5 | 540684,8 | АЧМ |
Айыл чарба, токой, балык чарбасы, аңчылык жана кызмат көрсөтүүнүн физикалык көлөмүнүн индекси (өткөн жылга салыштырмалуу пайыз менен) | % | 95,2 | 107,3 | 102,1 | 102,3 | 102,5 | 102,7 | 102,8 | 102,9 | АЧМ |
Өлкөнүн ИДПсынын көлөмүндө айыл чарба, токой, балык чарбасы, аңчылык жана кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү | % | 136,7 | 101,4 | 106,6 | 105,7 | 102,7 | 106,1 | 103,8 | 102,8 | АЧМ |
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясын, анын ичинде суусундуктардын дүң өндүрүшү | млн. сом | 39548,9 | 44895,1 | 47008,1 | 49700,8 | 52472,5 | 55093,1 | 57847,2 | - | АЧМ |
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси (өткөн жылга салыштырмалуу пайыз менен) | % | 113,3 | 111,0 | 104,2 | 105,2 | 105,1 | 104,5 | 104,4 | - | АЧМ |
2. Азык-түлүк коопсуздугунун тизмесиндеги негизги айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмү | ||||||||||
Буудай | миң тонна | 362,7 | 592,5 | 735,0 | 900,0 | 963,0 | 1020,0 | 1065,0 | 1071,0 | АЧМ |
картошка | миң тонна | 1289,1 | 1275,0 | 1287,4 | 1296,3 | 1307,3 | 1322,0 | 1340,8 | 1351,5 | АЧМ |
мөмө-жемиштер | миң тонна | 273,9 | 282,8 | 287,6 | 289,9 | 294,0 | 295,6 | 296,9 | 298,1 | АЧМ |
жашылча жана бакча | миң тонна | 1339,0 | 1389,6 | 1395,4 | 1408,1 | 1417,5 | 1432,0 | 1447,7 | 1462,3 | АЧМ |
өсүмдүктөрү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
кант | тонна | 365,6 | 468,1 | 797,5 | 912,0 | 973,5 | 1020,0 | 1054,0 | 1071,0 | АЧМ |
өсүмдүк майы | тонна | 17,9 | 19,7 | 24,2 | 30,8 | 39,3 | 49,0 | 60,0 | 63,8 | АЧМ |
чийки сүт | миң тонна | 1699,0 | 1734,1 | 1772,2 | 1814,7 | 1860,3 | 1908,3 | 1959,8 | 2014,6 | АЧМ |
мал жана канаттуулар (тирүүлөй | миң тонна | 468,7 | 441,19 | 454,4 | 465,7 | 477,8 | 490,7 | 504,4 | 519,0 | АЧМ |
салмагы) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
жумуртка | млн. даана | 564,2 | 607,8 | 638,2 | 670,7 | 705,5 | 742,9 | 783,0 | 826,0 | АЧМ |
3. Айыл чарба азыктарын экспорттоо жана импорттоо | ||||||||||
Экспорт, бардыгы: | млн. сом | 28329,0 | 38059,8 | - | - | - | - | - | - | АЧМ |
Анын ичинен: |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
- мал чарба продукциясы |
| 2998,9 | 8072,1 | - | - | - | - | - | - | |
- өсүмдүк продукциясы |
| 10112,7 | 13688,2 | - | - | - | - | - | - | |
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы продукциясы |
| 15217,5 | 16299,6 | - | - | - | - | - | - | |
Республиканын экспортунун жалпы көлөмүндө айыл чарба продукциясын экспорттоо үлүшү | % | - | 127,5 |
|
|
|
|
|
| АЧМ |
Импорт, бардыгы: |
| 72926,9 | 92981,9 |
|
|
|
|
|
| АЧМ |
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
- мал чарба продукциясы | млн. сом | 6908,7 | 6970,9 |
|
|
|
|
|
| |
- өсүмдүк продукциясы |
| 21157,2 | 22490,1 |
|
|
|
|
|
| |
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жай продукциясы |
| 44542,9 | 63251,0 |
|
|
|
|
|
| |
Республиканын импортунун жалпы көлөмүндө айыл чарба продукциясын импорттоо үлүшү | % | - | 128,4 |
|
|
|
|
|
| АЧМ |
5. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү | ||||||||||
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайында ири жана чакан ишканаларын ишке киргизүү | бирдик |
| 407 | 3 | 2 | 4 | 5 | 8 | - | АЧМ |
Жаңы жумуш орундарын түзүү | адам | - | 19275 | 120 | 200 | 400 | 1000 | 5000 |
| АЧМ |
6. Айыл чарба продукциясын сертификаттоо жана логистика системасын өнүктүрүү | ||||||||||
Ветеринардык лабораторияларды ишке киргизүү | бирдик | 11 | 11 | 12 | 2 | 2 | 2 | 4 | - | АЧМ |
Ветеринардык лабораторияларды аккредитациялоо | бирдик | 1 | 1 | 6 | 4 | 3 | 2 | 2 | - | АЧМ |
Фитосанитардык лабораторияларды ишке киргизүү | бирдик | - | 2 | 2 | 1 | 2 | - | 3 | - | АЧМ |
Фитосанитардык лабораторияларды аккредитациялоо | бирдик | - | 2 | 2 | 1 | 2 | - | 3 | - | АЧМ |
Өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык жол менен коргоо каражаттарын чыгаруучу биолабораторияларды модернизациялоо жана реконструкциялоо | бирдик | - | 2 | 1 | - | - | - | - | - | АЧМ |
Соода логистикалык борборлорду өнүктүрүү | бирдик | 13 | 30 | 32 | 2 | 4 | 3 | 6 | - | АЧМ |
Мал союучу пункттарды ачуу | бирдик | 94 | 94 | 3 | 2 | 5 | 2 | 3 | - | АЧМ |