Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 149 токтомуна) |
"Нарын" эркин экономикалык зонасында товарларды өткөрүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул "Нарын" эркин экономикалык зонасында товарларды өткөрүү тартиби (мындан ары - Тартип) "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 249-беренесине ылайык Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 455-беренесин ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан жана "Нарын" эркин экономикалык зонасында (мындан ары - "Нарын" ЭЭЗ) эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосун колдонууну, "Нарын" ЭЭЗде товарларды эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштыруу, "Нарын" ЭЭЗдин аймагында товарларды пайдалануу, "Нарын" ЭЭЗдин аймагынан товарларды ташып чыгууда декларациялоо жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосун аяктоо өзгөчөлүктөрүн, "Нарын" ЭЭЗде товарларды контролдоону, "Нарын" ЭЭЗдин аймагын жабдууга жана тосууга коюлган талаптарды аныктайт.
Ушул Тартипти колдонуу максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
"Нарын" ЭЭЗдин аймагында даярдалган товарлар - "Нарын" ЭЭЗдин субъекти тарабынан "Нарын" ЭЭЗдин аймагында эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлардан даярдалган товарлар, ошондой эле "Нарын" ЭЭЗдин аймагында эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) товарларын пайдалануу менен чет өлкөлүк товарлардан даярдалган товарлар;
чектеш чет мамлекет - аймагы Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы аймак менен чектешкен чет мамлекет.
Ушул Тартипте пайдаланылуучу бардык башка терминдер Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары - ЕАЭБ Бажы кодекси), бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерде жана актыларда (мындан ары - бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар) жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган маанилерде колдонулат.
2. "Нарын" ЭЭЗдин аймагында эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосун колдонуу өзгөчөлүктөрү
2. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу "Нарын" ЭЭЗдин аймагында "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин товарларына карата аларды ушул Тартипке ылайык жабдылган "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагында жайгаштырууда колдонулат.
3. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу колдонулган ушул Тартипке ылайык жабдылган "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагы бажы контролунун аймагы болуп саналат.
4. Чектеш чет мамлекеттин аймагынан "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин дарегине "Нарын" ЭЭЗдин аймагына ташылып кирүүчү товарлар ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, бажылык декларациялоого жатпайт.
5. Чектеш чет мамлекеттин аймагынан "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин дарегине "Нарын" ЭЭЗдин аймагына ташылып кирүүчү товарлар төмөнкү учурларда бажылык декларациялоого жатат:
1) ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды кошпогондо, "Нарын" ЭЭЗдин аймагынан товарларды ташып чыгууда;
2) көрсөтүлгөн товарларды "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин тандоосу боюнча декларациялоодо;
3) "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин же "Нарын" ЭЭЗдин башкы дирекциясынын кыймылсыз мүлк объекттерин жана (же) инфраструктура объекттерин куруу жана (же) реконструкциялоо үчүн товарларды ташып кирүүдө;
4) "Нарын" ЭЭЗдин субъекти тарабынан ЕАЭБ Бажы кодексинин 205-беренесинин 1-пунктунун 4-пунктчасында аныкталган операцияларды жасоо үчүн "Нарын" ЭЭЗдин аймагына товарларды ташып кирүүдө.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн учурларда товарлар аларды пайдаланып баштаганга чейин жана алар "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагына ташып киргизилген күндөн тартып 4 ай өткөнгө чейин бажылык декларациялоого жатат.
6. Ушул Тартиптин 5-пунктунун 1-пунктчасынын жоболору чектеш чет мамлекеттин аймагынан "Нарын" ЭЭЗдин аймагына почта байланышынын оператору тарабынан дайындалган "Нарын" ЭЭЗдин аймагынын чегинен тышкары кийин ташып чыгарылууга тийиш болгон эл аралык почта жөнөтүүлөрүн түзүү максаттары үчүн ташылып кирүүчү товарларга карата колдонулбайт, алардын өзгөчөлүктөрү ушул Тартиптин 4-бөлүгүндө аныкталган.
7. Ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга карата "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагында ар кандай операцияларды жүргүзүүгө жол берилет, анын ичинде:
1) сактоо;
2) товарларды жүктөө (түшүрүү) боюнча жана сактоого байланышкан башка жүк операциялары;
3) товарлардын сакталышын камсыздоо үчүн зарыл болгон, ошондой эле товарларды ташууга даярдоо боюнча кадимки операциялар, анын ичинде партияны майдалоо, жөнөтүүлөрдү түзүү, сорттоо, таңгактоо, кайра таңгактоо, маркалоо, товардык сапаттарын жакшыртуу боюнча операциялар;
4) товарларды кайра иштетүү (иштетүү), товарларды даярдоо (анын ичинде чогултуу, ажыратуу, монтаж, эп келиштирүү), товарларды оңдоо же техникалык тейлөө боюнча, анын ичинде аны жасоодо эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлар, эгерде мындай чет өлкөлүк товарлар товарларды даярдоо (алуу) процессинде толугу менен же жарым-жартылай чыгымдалса (керектелсе) жана (же) эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардан даярдалган (алынган) товарларда камтылбаса дагы товарларды даярдоого (алууга) катышат же көмөктөшөт (мындан ары ушул главада - эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды кайра иштетүү боюнча операциялар). Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды жасоодо товарларды даярдоого (алууга) катышкан же көмөктөшкөн чет өлкөлүк товарларга технологиялык процессте көмөкчү каражаттар болуп саналган товарлар кирбейт, мисалы жабдуулар, станоктор, жасалгалар;
5) Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан аныкталуучу учурларда ушул пункттун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды жасоодо товарларды керектөө товарларды чыгымдоого (керектөөгө) караганда башкача;
6) ЕАЭБ Бажы кодексинин 17-беренесине ылайык товарлардын сынамдарын жана (же) үлгүлөрүн тандоо;
7) бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөсүз, ошондой эле чет өлкөлүк товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын жана Бирликтин товарларына карата тыюу салуулар менен чектөөлөрдү колдонуусуз эл аралык почта жөнөтүүлөрүнүн партияларын түзүү.
8. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган "Нарын" ЭЭЗдин субъекттеринин товарлары "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагында бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөсүз, ошондой эле чет өлкөлүк товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын жана Бирликтин товарларына карата тыюу салуулар менен чектөөлөрдү колдонуусуз жайгаштырылат, пайдаланылат жана керектелет.
9. Төмөнкү товарлар эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылууга жатпайт:
1) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер менен актыларга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылууга тыюу салынган товарлар катары аныкталган;
2) "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагына жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана (же) жол жүгүн ташуучу жана (же) "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагынан товарларды ташуучу транспорт каражаттары, ошондой эле мындай транспорт каражаттарында болгон жабдыктар;
3) "Нарын" ЭЭЗдин аймагынын жана "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагынын коопсуздугун камсыз кылуу, инфраструктура объекттерин пайдалануу боюнча функцияларды "Нарын" ЭЭЗдин субъекттери болуп саналбаган жактардын жүзөгө ашыруусу үчүн "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагына жана "Нарын" ЭЭЗдин башкы дирекциясынын дарегине ташылып кирүүчү;
4) "Нарын" ЭЭЗдин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагынан "Нарын" ЭЭЗдин башкы дирекциясы жана "Нарын" ЭЭЗдин субъекттери тарабынан алардын иштөөсүн, кыймылсыз мүлк объекттерин түзүүнү жана аларды тиешелүү абалда кармоону камсыздоо менен байланышкан ташылып кирүүчү. Мындай товарларга төмөнкүлөр кирет: канцелярия товарлары, эмеректер, турмуш-тиричилик жана кеңсе техникасы, компьютерлер, курулуш материалдары, жабдуулар жана алардын бөлүктөрү.
Ушул Тартиптин 4-пунктунда жана ушул пункттун 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн товарларды ташып кирүү "Нарын" ЭЭЗдин субъекти тарабынан "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин товарларды ташып кирүүнү эсепке алуу журналында белгилөө менен жүргүзүлөт.
Бажылык декларациялоого жатпаган товарларды эсепке алуу журналы жүктү коштоочу документтерге ылайык товарларды жөнөтүүчү, товарлардын аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН боюнча коду, саны жана наркы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле жүктү коштоочу документтердин аталышын жана номерин камтууга тийиш. Бул журнал "Нарын" ЭЭЗдин субъекттеринин товарларын бажылык контролдоо маселелери үчүн жооптуу бажы органынын кызматкери тарабынан көктөлүүгө, номерленүүгө жана текшерилүүгө тийиш.
10. "Нарын" ЭЭЗдин аймагына "Нарын" ЭЭЗдин субъекттери болбогон дарекке жана аймактары жабдуу талаптарына жооп бербеген "Нарын" ЭЭЗдин субъекттеринин дарегине ташылып кирүүчү чет өлкөлүк товарлар ЕАЭБ Бажы кодексинде жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте, мөөнөттөрдө жана шарттарда башка бажы жол-жоболоруна жайгаштырылууга жатат.
3. "Нарын" ЭЭЗде бажы операцияларын жасоо жана товарларды пайдалануу өзгөчөлүктөрү
11. "Нарын" ЭЭЗдин ушул Тартипке ылайык жабдылган субъектинин аймагына чектеш чет мамлекеттин аймагынан ташылып кирүүчү товарларга карата ЕАЭБ Бажы кодексинин 11 жана 203-беренелерине ылайык бажы органы тарабынан берилүүчү келүү жөнүндө кабарлоо жана алдын ала маалымдоо талап кылынбайт.
Мында товарлар "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагындагы бажылык контролдоо аймагына ташуучу тарабынан жеткирилүүгө тийиш.
12. Ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды кошпогондо, чет өлкөлүк товарлар:
- ушул Тартиптин 13-пунктунда каралган документтерди жана маалыматтарды берүү жолу менен товарлардын келгендиги жөнүндө кабарланууга тийиш. Кабарлама ташуучу же декларант тарабынан "Нарын" ЭЭЗдин аймагында жайгашкан бажы органына берилет;
- "Нарын" ЭЭЗдин аймагында бажылык контролдоо аймагына ташуучу тарабынан жеткирилүүгө тийиш.
Ошол эле учурда бажы органына келүү жөнүндө кабарлаган учурдан тартып жумуш убактысынын үч саат ичинде товарлардын декларанты төмөнкүлөр менен байланышкан бажы операцияларынын бирин жасоого милдеттүү:
1) товарларды "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагына жайгаштыруу менен;
2) товарларды ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын дарегине ташып кирген учурда, товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу менен;
3) товарларды келген жеринен убактылуу сактоо жерине чейин ташып жеткирүү менен;
4) товарларды бажылык декларациялоо менен;
5) товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуу менен.
13. "Нарын" ЭЭЗдин аймагында жайгашкан бажылык контролдоо аймагына товарлар жана транспорт каражаттары келген учурда ташуучу төмөнкү документтерди жана маалыматтарды берет:
1) документтер:
- транспорт каражатына укук белгилөөчү документ;
- транспорттук (ташуучу) документ;
- ташылуучу товарларга ташуучунун колунда болгон коммерциялык документтер;
2) маалыматтар:
- товарларды жөнөткөн өлкөнүн жана товарлар багытталган өлкөнүн аталышы жөнүндө;
- товарларды жөнөтүүчүнүн жана алуучунун аталышы жана дареги жөнүндө;
- жүк орундарынын саны жөнүндө, алардын маркаланышы жөнүндө жана товарлардын таңгактарынын түрлөрү жөнүндө;
- ири габариттүү жүктөрдү кошпогондо, товарлардын аталышы, товарлардын брутто салмагы (килограмм менен) же болбосо товарлардын көлөмү (куб метр менен) жөнүндө;
- Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө тыюу салынган же чектөө коюлган товарлардын бардыгы жөнүндө.
14. "Нарын" ЭЭЗдин аймагында жайгашкан бажылык контролдоо аймагына товарларды ташып кирүүдө ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык берилген документтер жана маалыматтар "Нарын" ЭЭЗге товарларды ташып кирүү жөнүндө кабарлоо болуп саналат.
15. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу товарлардын декларанты "Нарын" ЭЭЗдин субъекти болуп саналат.
"Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагынан товарларды өткөрүүдө, эгерде жак "Нарын" ЭЭЗдин субъекти статусун жоготкон учурда, товарлардын декларанты ошол товарларга менчик укугуна ээ болгон жак болуп чыгат.
16. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун колдонулушу аяктаганда товарлардын декларанты төмөнкүлөр болуп чыга алат:
1) эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардын декларанты же "Нарын" ЭЭЗдин товарларды даярдоочусу болуп саналган "Нарын" ЭЭЗдин субъекти;
2) ага "Нарын" ЭЭЗдин аймагында эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга жана (же) "Нарын" ЭЭЗдин аймагында даярдалган товарларга ээлик кылуу, колдонуу жана (же) тескөө укуктары берилген "Нарын" ЭЭЗдин субъекти же башка жак.
17. "Нарын" ЭЭЗдин субъекттеринин аймагында эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга жана "Нарын" ЭЭЗдин аймагында даярдалган товарларга карата ЕАЭБ Бажы кодексинин 205-беренесинин 1-пунктунда белгиленген каалаган операцияларды жасоого, эгерде мындай операциялар "Нарын" ЭЭЗдин башкы дирекциясы менен "Нарын" ЭЭЗдин ишинин шарттары жөнүндө макулдашуунун (келишимдин) шарттарына ылайык келсе, уруксат берилет.
18. "Нарын" ЭЭЗде "Нарын" ЭЭЗдин башкы дирекциясы менен макулдашуу боюнча регионду өнүктүрүү үчүн түзүлгөн атайын аянтчаларда (комплекстерде, борборлордо) эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга жана "Нарын" ЭЭЗдин аймагында даярдалган товарларга карата башка операциялар менен катар ЕАЭБ Бажы кодексинин 205-беренесинин 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн товарларды чыгымдоого (керектөөгө) караганда товарларды башка керектөөгө жол берилет.
Атайын аянтчалардын (комплекстердин, борборлордун) аймагы ушул Тартипте белгиленген талаптарга ылайык жабдылууга тийиш.
Атайын аянтчаларда (комплекстерде, борборлордо) "Нарын" ЭЭЗдин субъекттери гана ишин жүзөгө ашыра алат.
19. "Нарын" ЭЭЗдин аймагында ушул Тартиптин 18-пунктуна ылайык жерлерде эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды жана "Нарын" ЭЭЗдин аймагында даярдалган товарларды башка керектөө деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
1) "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин товарларды "Нарын" ЭЭЗде ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимге ылайык керектөөсү;
2) "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин чет элдик товарларды жана Бирликтин товарларын жеке жактарга сатып өткөрүүсү;
3) "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин чет элдик товарларды жана Бирликтин товарларын адамдарга интернет-соода аркылуу сатуу жана аларды "Нарын" ЭЭЗдин чектеринен сыртка ташып чыгуусу.
Ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында каралган учурларда, эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун иш-аракети бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте "Нарын" ЭЭЗдин субъекти тарабынан берүү жолу менен аяктайт.
Ушул пункттун 3-пунктчасында каралган учурларда, эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун иш-аракети, товарларды бажы өкүлү, почта байланышынын ыйгарым укуктуу оператору тарабынан дайындалган адам, товарларды сатып алган жактын атынан жана анын тапшырмасы боюнча бажылык декларациялоо жолу менен аягына чыгарылат.
20. Товарларды башка керектөөдө ушул Тартиптин 19-пунктунун 2-пункчасына ылайык "Нарын" ЭЭЗдин аймагынан товарларды ташып чыгуу жеке жактар тарабынан (же бул жактардын атынан же тапшырмасы боюнча) эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун иш-аракетин аягына чыгаруусуз жүргүзүлөт.
21. "Нарын" ЭЭЗдин аймагына ташып келинген жана бажы алымысыз соода бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет элдик товарларды, "Нарын" ЭЭЗдин аймагындагы бажы алымысыз соода дүкөндөрүндө сатууга жол берилет. Бажы алымысыз соода дүкөндөрүнө жайгаштырылган товарлар бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер менен актыларда жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана санда чет өлкөлүк жактарга сатып өткөрүлөт.
Мында жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 107 "Жеке пайдалануу үчүн товарларга байланыштуу айрым маселелер жөнүндө" чечимине ылайык жүргүзүлөт.
22. Бажы алымысыз соода дүкөнүнүн ээси бажы органына бажы алымысыз соода дүкөнүндө сатылган товарлар жөнүндө маалыматтарды жана жеке жактын - товарларды сатып алуучунун өздүгүн күбөлөндүрүүчү маалыматты ай сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтому менен бекитилген форма боюнча бажы органына берет.
23. Ушул Тартиптин 19 жана 21-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, 4-бөлүмүндө көрсөтүлгөн учурларда "Нарын" ЭЭЗдин аймагында эркин бажы зонасы бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды жана "Нарын" ЭЭЗдин аймагында даярдалган товарларды жеке жактарга эркин бажы зонасы бажы жол-жобосунун иш-аракеттерин аяктабастан сатууга тыюу салынган.
24. Товарларды башка керектөө учурларын жана ушул Тартиптин 4-бөлүмүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, эркин бажы зонасы бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга жана "Нарын" ЭЭЗдин аймагында даярдалган товарларга карата эркин бажы зонасы бажы жол-жобосун аяктоо ЕАЭБ Бажы кодексинин 21-главасында жана бажы иши чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
4. "Нарын" ЭЭЗдин аймагына/аймагынан эл аралык почта жөнөтүүлөрүн ташып келүүнүн жана ташып чыгуунун өзгөчөлүктөрү
25. Эркин бажы зонасы бажы жол-жобосу иштеп жаткан "Нарын" ЭЭЗдин аймагында ишин жүргүзгөн почта байланышынын дайындалган оператору "Нарын" ЭЭЗдин субъекта катары катталууга укуктуу.
Почта байланышынын дайындалган оператору "Нарын" ЭЭЗдин субъекти болуп катталган учурда, почта байланышынын дайындалган операторунун аймагында эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу колдонулат.
26. Почта байланышынын дайындалган операторунун чектеш чет мамлекеттин аймагынан "Нарын" ЭЭЗдин аймагына ташып келинүүчү товарлар кийин "Нарын" ЭЭЗдин аймагынын чектеринен сыртка ташып чыгууга тийиш болгон почта жөнөтүүлөрүн түзүү максаттары үчүн 4 ай мөөнөткө чейин ЕАЭБ Бажы кодексинин 101-беренесине ылайык бажылык декларацияланууга тийиш эмес.
Почта жөнөтүүлөрү 4 айдын ичинде ЕАЭБ Бажы кодексинин 101-беренесине ылайык "Нарын" ЭЭЗдин аймагынын чегинен тышкары ташып чыгарылган учурларда товарлар почта байланышынын оператору тарабынан дайындалган декларацияланууга тийиш.
Мында ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн товарларга Дүйнөлүк почта союзунун актыларына ылайык кайра жөнөтүүгө тыюу салынбаган товарлар жана Евразия экономикалык комиссиясынын актылары менен эл аралык почта жөнөтүүлөрүндө кайра жөнөтүүгө тыюу салынбаган товарлар кирет.
27. Ушул Тартиптин 26-пунктунда көрсөтүлгөн, аларды ташып кирген күндөн тартып 4 айдын ичинде "Нарын" ЭЭЗдин аймагынан ташып чыгарылбаган товарлар ЕАЭБ Бажы кодексинин 101-беренесине ылайык бажылык декларацияланууга тийиш.
28. Почта байланышынын дайындалган оператору тарабынан түзүлгөн ушул Тартиптин 26-пунктунда көрсөтүлгөн товарлардан эл аралык почта жөнөтүүлөрү, аларды Евразия экономикалык бирлигинин аймагынын чегинен сыртка ташып чыгууда товарларга декларация же жүргүнчү бажы декларациясы катары, Дүйнөлүк почта союзунун актыларында каралган жана эл аралык почта жөнөтүүлөрүн коштогон документтер колдонулат.
29. Почта байланышынын дайындалган операторунун эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардан жана "Нарын" ЭЭЗдин аймагында өндүрүлгөн товарлардан түзүлгөн эл аралык почта жөнөтүүлөрү "Нарын" ЭЭЗдин аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сырткары мындай эл аралык почта жөнөтүүлөрүн ЕАЭБ Бажы кодексинин 287-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү колдонуу менен бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен ташып чыгарылууга тийиш. Мында эл аралык почта жөнөтүүлөрүнүн түзүлгөн партияларына карата Дүйнөлүк почта союзунун актыларында каралган документтер, почта байланышынын дайындалган оператору тарабынан "Нарын" ЭЭЗдин аймагында таризделет.
30. Почта байланышынын дайындалган оператору тарабынан түзүлгөн эл аралык почта жөнөтүүлөрүн эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлардан, "Нарын" ЭЭЗдин аймагында өндүрүлгөн товарлардан жана ушул Тартиптин 26-пунктунда көрсөтүлгөн товарлардан "Нарын" ЭЭЗдин аймагынан ташып чыгуу бажылык декларацияланууга тийиш. Бажылык декларациялоодо Дүйнөлүк почта союзунун актыларында каралган жана эл аралык почта жөнөтүүлөрүн коштогон документтер кабыл алынат:
1) жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясы катары;
2) товарларга карата шарттар аткарылган учурда ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна ылайык товарларга декларация катары:
- бажы алымдары, салыктар төлөнбөйт;
- тыюу салуулар жана чектөөлөр белгиленген эмес;
- ички рынокту коргоо чаралары колдонулбайт.
31. Почта байланышынын дайындалган оператору чектеш чет мамлекеттин аймагынан бажылык декларациялоосуз ташып келинген жана "Нарын" ЭЭЗдин аймагынан ташып чыгарылган партия товарларынан эл аралык почта жөнөтүүлөрүн түзүү боюнча операцияларды жасоо үчүн чет өлкөлүк товарлардын эсебин жүргүзөт.
32. Почта байланышынын дайындалган оператору ушул Тартиптин 26-пунктунда көрсөтүлгөн товарлар жөнүндө маалыматтарды жана жеке жактын - товарларды алуучунун өздүгүн күбөлөндүрүүчү жеке колдонуу үчүн эл аралык почта жөнөтүүлөрү менен кайра салынган маалыматты кварталына бир жолу "Нарын" ЭЭЗдин товарларын контроль жүргүзүүчү бажы органы менен макулдашылган формада жана бажы органынын суроо-талабы боюнча бажы органына берет.
33. Укук коргоо органы бажы органынан эл аралык почта жөнөтүүлөрүндө кайра жөнөтүлгөн товарлар жөнүндө маалыматты бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштарды жасаган жактарга карата кылмыш-жаза иштеринин фактылары боюнча гана суроого укуктуу.
5. "Нарын" ЭЭЗдин товарларын контролдоо жана эсепке алуу боюнча өзгөчөлүктөр
34. "Нарын" ЭЭЗдин аймагында радиациялык материалдардын бажы контролунун техникалык каражаттары менен жабдылбаган өткөрүү пункттары аркылуу ташып келинген товарларга радиациялык контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында продукцияга, жүктөргө (багажга) радиациялык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
35. Бажы органдарына жүктөлгөн радиациялык контроль, бажы органдарынын товарлардын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына/аймагынан Кыргыз Республикасындагы келүү (чыгуу) орду болуп саналган контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу жылдырууда жүзөгө ашырылат.
36. "Нарын" ЭЭЗдин субъекти эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды жана "Нарын" ЭЭЗдин аймагында даярдалган товарларды эсепке алууну жүргүзөт жана товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштырууну жүргүзгөн бажы органына мындай товарлар жөнүндө отчет берет.
37. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлар менен болуп өтүүчү ар кандай өзгөрүүлөр эсепке алуу документтеринде чагылдырылат.
38. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды жана "Нарын" ЭЭЗдин аймагында даярдалган товарларды эсепке алууну жүргүзүү тартиби, ошондой эле бажы органына мындай товарлар жөнүндө отчет берүүнүн мөөнөттөрү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
39. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Тартиптин 19-пунктунда белгиленген жеке жактар "Нарын" ЭЭЗдин аймагынан өткөндө "Нарын" ЭЭЗдин товарларына бажылык контролду жүргүзүүнүн тартиби аныкталат.
40. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, "Нарын" ЭЭЗдин башкы дирекциясы же "Нарын" ЭЭЗдин субъекттери "Нарын" ЭЭЗдин аймагында ушул Тартиптин 18-пунктуна ылайык атайын аянтчалардын (комплекстердин, борборлордун) аймактарында жеке жактарга товарлардын сатылышын эсепке алуунун автоматташтырылган системасын киргизет.
"Нарын" ЭЭЗдин башкы дирекциясынын же "Нарын" ЭЭЗдин субъекттеринин эсепке алуунун автоматташтырылган системасы "Нарын" ЭЭЗдин субъекттери тарабынан бажы органдарына берилген маалыматтар бажы органдарынын маалыматтык системалары менен техникалык жактан ылайык келүүгө жана салыштырууга мүмкүндүк берүүгө тийиш.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системаларын "Нарын" ЭЭЗдин аймагына киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 токтому менен бекитилген мамлекеттик маалыматтык системаларды түзүүнүн, өнүктүрүүнүн, эксплуатацияга киргизүүнүн, эксплуатациялоонун жана эксплуатациядан чыгаруунун тартибине карата талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.
41. Бажы органынын уруксаты менен эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды жана "Нарын" ЭЭЗдин аймагында даярдалган товарларды ЕАЭБ Бажы кодексинин 205-беренесинин 4-пунктунда белгиленген учурларда "Нарын" ЭЭЗдин аймагынан эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосун аяктабастан ташып чыгууга жол берилет.
Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды жана "Нарын" ЭЭЗдин аймагында даярдалган товарларды "Нарын" ЭЭЗдин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун иш-аракетин аяктабастан өзүнүн өндүрүштүк жана технологиялык муктаждыктары үчүн ташып чыгууга жол берилген шарттар Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан аныкталат.
42. Ушул Тартиптин 41-пунктунда көрсөтүлгөн уруксатты бажы органынын берүү тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
6. "Нарын" ЭЭЗдин аймагын жабдууга карата талаптар
43. Иши бажылык жактан контролдонууга тийиш болбогон "Нарын" ЭЭЗдин аймагы жана "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагы ушул бөлүмгө ылайык тосулбайт жана жабдылууга тийиш эмес.
44. Ушул бөлүмдүн талаптарына ылайык эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун колдонулушу жана таасири каралган ЭЭЗдин субъектинин аймагы товарларды сактоону, товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болбогон бөтөн адамдардын жетүүсүн жокко чыгарууну камсыз кылуу үчүн жабдылат жана тосулат.
45. Ушул Тартиптин 18-пунктунда көрсөтүлгөн атайын аянтчалардын (комплекстердин, борборлордун) аймактары товарларды сактоону камсыз кылуу үчүн жабдылууга тийиш, "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагын жабдууга карата талаптарга ылайык тосулбайт.
46. Ушул Тартиптин 44 жана 45-пункттарында көрсөтүлгөн "Нарын" ЭЭЗдин субъекттеринин аймактары транспорт каражаттарынын коопсуз жүрүүсүн камсыз кылуу үчүн белгиленүүгө жана жол төшөлүүгө тийиш.
47. "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагын тосуу темир бетондон, бетондон, кыштан, металл конструкциялардан же болбосо ушул материалдардын айкалышынан, металл жана бетон мамылардагы тикенек зымдан турган үзгүлтүксүз конструкция болууга жана бийиктиги 2,5 метрден кем болбоого тийиш.
48. Ушул Тартиптин 44 жана 45-пункттарында көрсөтүлгөн "Нарын" ЭЭЗдин субъекттеринин аймагын жабдууга төмөнкү талаптар коюлат:
1) кирүүчү жолдордун болушу (транспорттун түрүнө карабастан);
2) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мындай аймактарда товарларды бажы тариздөөнүн ордун аныктаган учурда бажы органдарынын товарларды бажы жол-жобосуна жана бажы контролуна жайгаштырууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүчү кызматкерлери үчүн кызматтык жайлардын болушу;
3) "Нарын" ЭЭЗдин субъекттеринин товарларды ташуунун бажы операцияларын аяктоо үчүн зарыл болгон убактысында товарларды жана товарларды ташуучу транспорт каражаттарын сактоону камсыз кылуу үчүн аймактын корголушу;
4) мындай аймактын периметрине, бажы контролуна тийиш болгон товарлар жайгаштырылган жайлардын ичинде видеобайкоо системасынын болушу;
5) "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагында же алар жайгашкан жерге жакын санитардык-тиричилик ыңгайлуу шарттарынын болушу;
6) "Нарын" ЭЭЗдин субъекти менен өрт коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда мүмкүн болуучу өрттөрдү өчүрүү боюнча өз ара аракеттенүүнүн бекитилген планынын, ыкчам өрт өчүрүү планынын болушу, ошондой эле аймактын, имараттардын, курулмалардын жана жайлардын өрт коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши;
7) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын мындай аймакта товарларды бажылык тариздөө орду аныкталган учурда, товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык текшерүү үчүн жабдылган аянтчанын, эстакаданын (же текшерүү чуңкурунун) болушу.
49. "Нарын" ЭЭЗдин субъекттеринин жайлары сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылуучу товарларды сактаган жана кампага жыйнаган учурда, зарылдыгы болсо муздатуучу жабдуулар менен атайын жабдылууга тийиш.
50. "Нарын" ЭЭЗдин субъекттеринин аймактарын техникалык жабдууга төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) уюштуруу техниканын, глобалдык Интернет тармагына жетүүсү бар компьютерлердин болушу;
2) дарбазаларда, жайларда, сыйымдуулуктарда жана товарлар жана транспорт каражаттары турган башка жерлерде бекитүүчү түзүлүштөрдүн болушу;
3) товарларды таразалоо үчүн таразага тартуунун ар кандай чектери бар таразалардын болушу;
4) "Нарын" ЭЭЗдин субъекти, иштөө убактысы жана анын иштөө тартиби жөнүндө маалыматтарды чагылдырган маалыматтык стенддин болушу.
Мында ушул Тартиптин 44, 45, 48 жана 50-пункттарында көрсөтүлгөн Нарын ЭЭЗдин субъекттеринин аймагын жабдуу жана техникалык камсыздоо "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин эсебинен жүргүзүлөт.
51. "Нарын" ЭЭЗдин субъектинин аймагы ишти жүргүзүүнү ыңгайлаштыруу максатында жүктөөчү-түшүрүүчү техника (автожүктөгүчтөр, электр жүктөгүчтөр жана электр карлар, механика арабачалары, крандар, тельферлер, көтөргүчтөр ж.б.) менен жабдылат.
52. Тосмонун фасады (кире бериш дарбазанын же текшерип-өткөрүү пункттарынын жанында) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтому менен бекитилген Бажылык контролдоо зоналарын түзүү жана белгилөө тартибине ылайык мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде бажылык контролдоо зонасын билдирген формадагы белгиленген белгилер менен билдирилет.