Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген |
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72, 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674 2013-жылдын 3-июлундагы № 396, 2015-жылдын 10-августу № 566 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен иштелип чыкты.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Радиациялык көзөмөл радиациялык коопсуздукту камсыздоонун абдан маанилүү бөлүгү болуп эсептелет жана радиациялык коопсуздуктун принциптерин жана нормативдердин, анын ичинде дозалардын жана жол берилчү деңгээлдердин белгиленген негизги чектеринен ашпоонун талаптарын сактоонун даражасын аныктайт.
1.3. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү жана алынып чыгуучу продукцияга, жүктөргө (багажга) радиациялык көзөмөлдү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн жалпы талаптары белгиленет. Бул Жобого ылайык радиациялык көзөмөл радиоактивдүү материалдардын бажы контролунун техникалык каражаттары менен камсыздалбаган өткөрмө пункттарынан алынып өтүүчү продукцияга, жүктөргө (багаж) карата жүргүзүлөт.
Радиоактивдүү материалдардын бажы/чек ара контролунун техникалык каражаттары менен жабдылган өткөрмө пункттарда радиациялык көзөмөл адамдарга жана алардын кол жүктөрүнө, товарлар жана транспорт каражаттарына карата бажы/чек ара органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 674, 2015-жылдын 10-августу № 566 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1.4. Радиациялык көзөмөл жүргүзүүнүн себеби Кыргыз Республикасынын аймагынан иондуу нурлануу булактарынын билдирилбеген булактарын алып чыгууну жана алып кирүүнү болтурбоодо.
1.5. Иондуу нурлануу - радиоактивдүү ажыроодо, ядролук өзгөрүүлөрдө, заряддуу бөлүктөрдүн затта кармалып калышында пайда болуучу жана айлана-чөйрө менен таасирлешүүдө ар кандай белгидеги иондорду жаратуучу нурлануу.
II. Радиациялык көзөмөлдөөнүн тартиби
2.1. Радиациялык көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын Улуттук аккредитация системасынын талаптарына ылайык аккредиттелген органы же мекемеси тарабынан жүргүзүлөт.
2.2. Юридикалык жактар же жеке адамдар менчигинин түрүнө, ведомстволук жана аймактык таандыктыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү продукциянын радиациялык көзөмөлдөн өтүшүн камсыздашат.
2.3. Арыз берүүчү продукцияга, жүктөргө (багажга) радиациялык текшерүү жүргүзүүгө арыз берет.
Арыз берүүчү арыздагы так эмес маалыматтар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
2.4. Алынып келүүчү жана алынып чыгуучу жүктөрдү (багажды) радиациялык контролдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- тапшырылган документтерди кароо жана текшерүү;
- транспорттук бирдиктер (вагондор, автомашиналар, цистерналар, контейнерлер, багаж) турган жерге радиациялык контроль жүргүзүү үчүн баруу;
- гамма-нурлануулардын деңгээлин дозиметриялык өлчөө транспорттук бирдиктердин өзүндө жүргүзүлөт (өлчөөлөрдүн саны алардын көлөмүнө же чоңдугуна жараша болот);
- көрсөткүчтөрдү эсептөө жана санитардык-эпидемиологиялык корутундуну тариздөө.
2.5. Гамма-нурлануунун эквиваленттик дозасынын күчүн өлчөө аныкталган тартипте текшерүүдөн өткөрүлгөн СРП 68-01, СРП-88М, ДРГ-05 типтериндеги радиометриялык аппараттар жана ушундай окшош касиеттери бар башка аппараттар менен жүргүзүлөт.
2.6. Чыгымдар акы төлөнүүчү кызматтардын бааларынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте бекитилген, колдонуудагы прейскурантына жараша эсептелет.
2.7. Жүргүзүлгөн дозиметриялык жана радиометриялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары продукциянын, жүктөрдүн, товарлардын текшерүүгө берилген түрүнө санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын милдеттүү түрдө болуучу корутундусуна киргизилет.
2.8. Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып чыгуучу жана алынып келүүчү же транзит аркылуу өтүүчү жүктөрдүн (багаждын) радиациялык деңгээлинин фондук өлчөмдөрдөн ашыктыгы аныкталган учурда жүктү сактоо үчүн аянтты уюштуруу жана атайын укуктуу органдардын компетенттүү өкүлдөрү чечим чыгаруу үчүн кетүүсүн камсыздоо зарыл.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Милдеттүү түрдө радиациялык контролдонуучу продукциянын (товарлардын) тизмеси
3.1. Милдеттүү радиациялык контролго алынуучулар:
- тамак-аш продукциясы, азык-түлүктүк сырье;
- эл керектөөчү товарлар;
- курулуш материалдары;
- металлдар жана металл калдыктары;
- отун-энергетика продукциясы.