Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXX КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 18-декабры №172/30-5
Токмок шаарынын мэриясына караштуу жергиликтүү салыктар жана жыйымдар башкармалыгын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 12-декабрындагы №1-22/3717 кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаарынын мэриясына караштуу жергиликтүү салыктар жана жыйымдар башкармалыгын түзүүгө макулдук берилсин.
2.Токмок шаарынын мэри (Нусувалиев М.О.) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде бул башкармалыктын Жобосун (Уставын), түзүмүн жана штаттык санын иштеп чыксын жана Токмок шаардык кеңешинин бекитүүсүнө киргизсин.
3.Токмок шаардык кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы №155/19-3 токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М.Сансызбаев |