Загрузка документа…
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 291буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 25-декабрындагы № 2
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлигинин, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары - Министрлик) тарабынан жарандарга жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Министрликтин төмөнкү түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бекитилсин.
2. Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнө:
- бул буйруктун 1-пункту менен каралган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жетекчиликке алсын жана сакташсын;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын веб-сайттарга жана маалыматтык такталарга жайгаштырсын.
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык ведомстволук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн Министрлик тарабынан жүргүзүлөт.
4. Санариптик өнүктүрүү жана сатып алууларды уюштуруу башкармалыгы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын Министрликтин расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.
5. Укуктук камсыздоо башкармалыгы:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
- кабыл алынган буйруктун көчүрмөлөрү ал күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
6. Документтик камсыздоо жана административдик колдоо бөлүмү бул буйрукту Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнө жеткирсин.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
8. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин биринчи орун басары Н.С. Базарбаевге жүктөлсүн.
Министр | Г.М.Баатырова |