Редакцияот 09.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

2-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 9-августундагы ПЖ № 186 Жарлыгына)

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) туруктуу иштеген консультативдик-кеңешүүчү орган болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасын өнүктүрүү маселелери, чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле кыргыз тилин, кыргыз элинин руханий жана маданий мурастарын колдоо жана сактоо маселелери боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча мекендештердин Кыргыз Республикасынын бийлигинин мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсүн чыңдоону камсыз кылган чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алууну камсыз кылат.

2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Кеңеш саясий максаттарды көздөбөйт.

2. Кеңештин негизги максаты, милдеттери, функциялары жана ишинин принциптери

4. Кеңештин негизги максаты Кыргыз Республикасын динамикалуу экономикалык, маданий, социалдык өнүктүрүү, чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча мамлекет менен мекендештердин ортосунда өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана натыйжалуу кызматташтыкты камсыз кылуу болуп эсептелет.

5. Кеңештин ишинин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, муниципалдык органдар, ошондой эле коомдук (өкмөттүк эмес) уюмдар жана чет өлкөдөгү мекендештердин бирикмелери менен өз ара аракеттенүү;

2) миграция чөйрөсүндө эл аралык уюмдар жана алардын уставдык органдары менен кызматташуу;

3) экономикалык, маданий, социалдык, билим берүү, гуманитардык жана башка багыттагы долбоорлорду иштеп чыгууга катышуу жана колдоо, ошондой эле чет өлкөдөгү мекендештерге карата мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;

4) чет өлкөдөгү мекендештердин жашоо сапатын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын руханий жана маданий мурасын сактоо боюнча кыргыз диаспораларынын жана бирикмелеринин күч-аракеттерин координациялоо;

5) чет өлкөдөгү мекендештердин көйгөйлөрү жөнүндө коомдун кабардар болушун жогорулатуу жана маалымат алмашуу;

6) чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерди, Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык өзгөртүп түзүү процессине тартуу;

7) Кеңештин ишинин багыттарына байланыштуу кыйла маанилүү маселелер боюнча коомдук пикирди изилдөө жана алынган маалыматты Кеңештин ишин өркүндөтүү максатында пайдалануу.

6. Коюлган максатка жетишүү үчүн Кеңеш төмөнкү функцияларды аткарат:

1) чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу менен байланышкан негизги маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды киргизүү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;

2) миграция, анын ичинде эмгек миграциясынын маселелери боюнча программалык документтерди аныктоого жана иштеп чыгууга катышуу;

3) Кыргыз Республикасынын экономикасына тикелей чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга көмөктөшүү;

4) Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүгө багытталган чет өлкөдөгү мекендештердин күч-аракеттерин координациялоо;

5) комиссиялардын жана Кеңештин жумушчу топторунун ишинин натыйжаларын кароо;

6) Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;

7) чет өлкөдөгү мекендештердин тарыхый мекени менен маданий, интеллектуалдык жана ишкердик байланыштарын кеңейтүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү.

7. Кеңештин ишинин негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) коом алдындагы жоопкерчилик;

2) Кеңештин мүчөлөрүнүн ыктыярдуулугу жана тең укуктуулугу;

3) чет өлкөдөгү мекендештер үчүн ачыктык;

4) иштин мыйзамдуулугу, ачык-айкындуулугу;

5) чечимдердин негиздүүлүгү;

6) чечимдерди кабыл алууда коомдук пикирди эске алуу;

7) соңку натыйжага багытталуу;

8) кызыкчылыктардын макулдашылгандыгы;

9) коллегиялуулук.

3. Кеңештин түзүмү жана курамы

8. Кеңештин Катчылыгынын функциясын миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

9. Кеңештин катчылыгы төмөнкү функцияларды аткарат:

1) Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын уюштуруу жана Кеңештин мүчөлөрү менен жумушчу өз ара аракеттенүү;

2) Кеңештин мүчөлөрү киргизген сунуштарга ылайык Кеңештин жыйналышынын күн тартибин даярдоо;

3) чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

4) кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруунун натыйжалары жана ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлор тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо;

5) Кеңештин чечимдеринин, сунуштарынын жана сунуштамаларынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;

6) ички иш кагаздарын жүргүзүү, анын ичинде Кеңештин ишине тиешелүү протоколдорду, чечимдерди жана башка документтерди даярдоо жана сактоо;

7) Кеңештин курамына киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштамаларды даярдоо үчүн Кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, чет өлкөлүк мекемелерине суроо-талаптарды жөнөтүү;

8) компетенциясынын чегинде башка функцияларды жүргүзүү.

10. Кеңештин жеке курамын Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.

11. Кыргыз Республикасынын Президенти Кеңештин төрагасы болуп эсептелет. Кеңештин Төрагасынын бир орун басары болот.

12. Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:

- мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча Кеңештин катчылыгы сунуш кылган жетекчилердин деңгээлиндеги Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү;

- мекендештердин маселелери менен 5 (беш) жылдан кем эмес иштеген мекендештер жана диаспоралардын, коммерциялык эмес уюмдардын, кыргыз коомчулугунун өкүлдөрү.

Төмөнкү адамдар Кеңештин мүчөсү боло албайт:

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу барлар;

- эл аралык кылмыш-жаза полициясы уюмунун (Интерпол) жана алар жүргөн мамлекеттердин укук коргоо органдарынын издөө материалдарында фигурант болуп саналгандар;

- террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү болуп саналгандар.

Кеңештин курамына кирүү үчүн талапкер Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

- кайрылуу-кат;

- коммерциялык эмес уюмдун, мекендештер бирикмесинин, кыргыз коомчулугунун өкүлдөрүнүн өтүнмөсү;

- жарандын инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү;

- жүргөн өлкөдө соттолбогондугу тууралуу маалымкаты;

- резюме.

4. Кеңештин укуктары жана милдеттери

13. Жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу үчүн Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:

- Кеңештин милдеттеринин чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин өзүнүн жыйналыштарында угууга;

- Кеңештин катчысынын сунушу боюнча эксперттик баалоону жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, башка уюмдардын адистерин жана эксперттерди, анын ичинде чет өлкөлүк эксперттерди белгиленген тартипте тартууга;

- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгууга жана киргизүүгө;

- мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган жана Кеңештин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого;

- ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлор жана мекендештердин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жөнүндө чет өлкөдөгү мекендештерге маалымдоо;

- Кеңештин комиссияларын жана жумушчу топторун түзүүгө;

- Кеңештин иш регламентин бекитүүгө.

14. Кеңештин мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:

- Кеңештин жыйналышынын күн тартибин түзүүгө катышууга жана сунуштарды берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган интеллектуалдык, материалдык, финансылык жана башка ресурстарды тартууга.

15. Кеңештин Төрагасы:

- Кеңештин ишинин негизги багыттарын аныктайт;

- Кеңештин жыйналышында төрагалык кылат, Кеңештин протоколуна, чечимдерине жана башка документтерине кол коет.

Төраганын орун басары:

- төрага жок учурда анын милдеттерин аткарат;

- Кеңештин комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишин көзөмөлдөйт.

Кеңештин төрагасынын чечими боюнча ал жок учурда төраганын ыйгарым укуктары Кеңештин орун басарына убактылуу жүктөлүшү мүмкүн.

Кеңештин мүчөлөрүнүн милдеттери:

- ушул Жобонун жана Кеңештин ишин жөнгө салуучу башка документтердин талаптарын сактоо;

- Кеңештин жыйындарына катышуу;

- Кеңештин ишине тиешелүү документтерди изилдөө жана талдоо;

- Кеңештин жумушчу топторунун жана комиссияларынын ишине катышуу;

- чечимдерди кабыл алууга активдүү катышууга жана добуш берүү укугун колдонууга;

- Кеңештин жыйналыштарынын чечимдерин аткаруу;

- ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө Кеңештин катчылыгы аркылуу Кеңешке (жылына бир жолу) маалымдоо;

- этика ченемдерин сактоо, Кеңештин башка мүчөлөрүнүн пикирин урматтоо.

5. Кеңештин ишин уюштуруу

16. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына кол коюлган күндөн тартып төрт жылды түзөт. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык Кеңештин мүчөсү боло албайт. Кеңештин жаңы курамын түзүү Кеңештин учурдагы курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин алты ай калганда башталат.

17. Кеңештин жыйналыштары Кеңештин төрагасынын демилгеси боюнча же Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 1/3 жазуу жүзүндөгү сунушу боюнча эки жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

18. Кеңештин мүчөлөрүнө Кеңештин жыйналышын чакыруу жөнүндө жазуу жүзүндө же электрондук байланыш каражаттарын колдонуу менен, жыйналыштын күн тартибин, ошондой эле жыйналыштын убактысын жана ордун көрсөтүү менен, жыйналышка чейин 10 күндөн кечиктирбестен кабар берилет.

19. Чет өлкөдөгү мекендештердин ичинен Кеңештин мүчөлөрүнүн жыйналыштарына катышуусу аралыктан (онлайн режиминде) теле жана видеокоммуникацияларды колдонуу менен болушу мүмкүн.

20. Жыйналышка Кеңештин мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 катышса, Кеңештин жыйналышы укуктуу болуп эсептелет.

21. Кеңештин жыйналыштарына Кеңештин мүчөлөрү, чакырылган адамдар, ошондой эле коюлган маселелерди чечүүгө кызыкдар адамдар катышат.

22. Кеңештин жыйналыштарында чечимдер Кеңешке катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда Кеңештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.

23. Кеңештин ишинин алкагында эки жылда бир жолу "Мекендештер" форумун өткөрүү каралат.

6. Кеңештин чечимдери жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү

24. Кеңештин чечими Кеңештин жыйналышынын протоколу менен таризделет, ага Кеңештин Төрагасы жана катчысы кол коёт.

25. Кеңештин протоколу Кеңештин жыйналышы өткөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде Кеңештин катчылыгы тарабынан түзүлөт жана Кеңештин жыйналышына төрагалык кылуучу кол койгондон кийин Кеңештин бардык мүчөлөрүнө электрондук коммуникация каражаттарын (электрондук почта) колдонуу менен жиберилет.

26. Кеңештин чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү Кеңештин катчылыгы тарабынан жүзөгө ашырылат.

27. Сунуштамалар жана/же сунуштар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кеңештин жыйналышы өткөрүлгөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралууга тийиш.