Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 9-августу ПЖ № 186
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө
Чет өлкөдөгү мекендештер менен өз ара аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын күч-аракеттерин координациялоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин курамы 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 1-августундагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана администрациялык ведомстволору ушул Жарлыкты бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле донорлордон тартылган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин КУРАМЫ
Жапаров Садыр Нургожоевич - Кыргыз Республикасынын Президенти, Кеңештин төрагасы;
Байсалов Эдил Жолдубаевич - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Кеңештин катчысы.
Кеңештин мүчөлөрү:
Примов Улан Бердибаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кулубаев Жээнбек Молдоканович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Амангелдиев Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Акаев Каныбек Муталиевич - "Бакай-Ата" региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Новосибирск шаары, Россия Федерациясы;
Искендеров Канат Искендерович - "Кыргыз биримдиги" тынчтыкты, достукту жана этностор аралык өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого көмөктөшүү боюнча региондор аралык коомдук уюмунун президенти, Москва шаары, Россия Федерациясы;
Мамасадыков Турдубек Абдымаликович - Санкт-Петербург шаарындагы жана Ленинград облусундагы кыргыз диаспорасынын активисти, Санкт-Петербург шаары, Россия Федерациясы;
Осмонбеков Кубанычбек Бекболотович - "Кыргыз диаспорасынын кеңеши" эл аралык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча региондор аралык коомдук уюмунун жетекчиси, Москва шаары, Россия Федерациясы;
Чериков Азизбек Арапбаевич - "Менин Кыргызстаным" Хакас региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Абакан шаары, Хакасия Республикасы, Россия Федерациясы;
Батаева Назгуль Жанышбековна - кыргыздардын улуттук маданий автономиясынын жетекчиси, Красноярск шаары, Россия Федерациясы;
Бакирова Зыйна Арзымаматовна - "Мекендештер" Кыргыз улуттук-маданий автономиясы" Челябинск шаардык коомдук уюмунун төрагасы, Челябинск шаары, Россия Федерациясы;
Салахунов Марсель Жусупович - "Табарман" жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү, Москва шаары, Россия Федерациясы;
Долонбаева Гүлшан Абдибаитовна - "Кыргызстан-Урал" кыргыз диаспорасынын төрагасы, Екатеринбург шаары, Россия Федерациясы;
Курманбекова Нура Мееркуловна - "Мекендештер" кыргыздардын улуттук-маданий автономиясы жергиликтүү коомдук уюмунун төрагасы, Петропавловск-Камчатск шаары, Россия Федерациясы;
Молдалиева Айкан Аргынбаевна - Улуттук коомдор кеңешинин жетекчиси, Сочи шаары, Россия Федерациясы;
Гнатовская Атыркүл Абдысатаровна - "Умай Эне" кайрымдуулук фондунун президенти, Москва шаары, Россия Федерациясы;
Сариев Закир Акматович - "Эмгек мигранты" гезитинин башкы редактору, Казань шаары, Россия Федерациясы;
Карабаева Сонунбу Исраиловна - Кыргыз диаспорасынын аялдар кеңешинин төрагасы, Москва шаары, Россия Федерациясы;
Мамаева Октом - Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз маданий автономиясынын төрагасынын орун басары, Санкт- Петербург шаары, Россия Федерациясы;
Исмаилов Азамат Турдукеевич - "Бустер трейд" жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Украинадагы өкүлү, "Кыргызстандын агрардык платформасы" коомдук уюмунун президенти, Киев шаары, Украина;
Сыдыков Алтынбек Тойчубаевич - Алматы шаарындагы "Замандаш" ассоциациясынын өкүлү, Алматы шаары, Казакстан Республикасы;
Жееналиев Уланбек Токтомаматович - жеке ишкер, Алматы шаары, Казакстан Республикасы;
Аширбеков Жарашбек Абжалбекович - жеке ишкер, Астана шаары, Казакстан Республикасы;
Абдыкадырова Бурул Абдыкадыровна - Ташкент шаарындагы кыргыз маданий борборунун мүчөсү, Ташкент шаары, Өзбекстан Республикасы;
Исаков Рустам - Тажикстан Республикасындагы "Мекендеш" улуттук маданий борборунун төрагасы, Дүйшөмбү шаары, Тажикстан Республикасы;
Акматов Токтобек Маматович - Гуанчжоу шаарындагы "Goldmark Group Limited" соода-транспорт компаниясынын негиздөөчүсү, Гуанчжоу шаары, Кытай Эл Республикасы;
Төлөнбаева Асылкүл Кудусовна - "Кырхан" коомдук уюмунун төрагасы, Сеул шаары, Корея Республикасы;
Сарыгулов Айбек Жамангулович - "Кыргызстандын достук жана маданият коому" коомдук фондунун ардактуу төрагасы, Стамбул шаары, Түркия Республикасы;
Такабаев Тимурлан Айдарбекович - Анкара шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү, Анкара шаары, Түркия Республикасы;
Ниязалиев Дастан Нарынбекович - кыргызстандыктардын "Ордо" коомдук бирикмесинин тең төрагасы, Мюнхен шаарындагы Жогорку колдонмо башкаруу мектебинин экзамен алуу бөлүмүнүн референти жана доценти, Мюнхен шаары, Германия Федеративдүү Республикасы;
Султанов Алидин Абдрахманович - кыргыз диаспорасынын өкүлү, Вена шаары, Австрия Республикасы;
Даминова Саадаткан Кушбаковна - Чехиядагы кыргыздар шериктештигинин башчысы, Кыргыз Республикасынын Чехиядагы ардактуу консулу, Прага шаары, Чехия;
Бектенова Айзада - кыргыз диаспорасынын башчысы, Лондон шаары, Улуу Британия;
Жантаев Эрбол Тургунович - Филадельфия шаарындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы, Пенсильвания штаты, Америка Кошмо Штаттары;
Азимбаев Улан - Кыргыз маданий борборунун директору, Чикаго шаары, Иллинойс штаты, Америка Кошмо Штаттары;
Казыбаева Мира - "Kyrgyzstanis in Canada" коомчулугунун негиздөөчүсү, Торонто шаары, Канада;
Салыкбеков Элдияр Салыкбекович - "Бирге" ассоциациясынын жетекчиси, Италия Республикасы;
Мыйтанова Жанара Борончуевна - "Бириккен Араб Эмираттарындагы жаштардын демилгечи тобу" фейсбуктагы социалдык тобунун администратору, "Silk Road Holidays Homes Rental LLC" компаниясынын тең ээси, Абу-Даби шаары, Бириккен Араб Эмираттары;
Орозалиев Ажымурат Нурдинович - Бириккен Араб Эмираттарындагы Нью-Йорк университетинин инженер-изилдөөчүсү, Абу-Даби шаары, Бириккен Араб Эмираттары;
Суранчиева Малика Токторбековна - кыргыз диаспорасынын өкүлү, Доха шаары, Катар Мамлекети;
Акималиева Айгуль Акималиевна - кыргыз диаспорасынын лидери, Куала-Лумпур шаары, Малайзия;
Сыдыков Азиз Эрикович - коомдук активист, "Барс" компаниясынын директору, Токио шаары, Япония;
Тургуналиев Максат Сейитбекович - коомдук активист, Познань шаары, Польша;
Турсалиева Аймээрим - Оксфорд университетинин география жана айлана-чөйрө мектебинин илимий кызматкери, Цюрих шаары, Швейцария Конфедерациясы;
Тилек Эрмек уулу - кыргыз диаспорасынын өкүлү, "Postnord" фирмасынын кардарлары менен иштөө боюнча менеджери, Стокгольм шаары, Швеция Королдугу.