Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 28-декабры ПЖ № 364
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку кол башчылык курамы жөнүндө
(КР Президентинин 2025-жылдын 25-августундагы ПЖ N 244 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку кол башчылык курамы төмөнкүдөй курамда аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы;
- Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары;
- Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары;
– Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басарлары.
(Абзац КР Президентинин 2025-жылдын 25-августундагы ПЖ № 244 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 9-августундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |