Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 364 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 9-августу ПЖ № 335
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамы төмөнкүдөй аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы;
- Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы;
- Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары;
- Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басарлары.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 26-июлундагы № 144 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командачылык курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |