Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2023-жылдын 22-декабры № 3-Д буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасында жай өнүгүп келе жаткан коркунучтарды жана тобокелдиктерди жиктөөнүн жана эсепке алуунун тартиби
1. Кыргыз Республикасында жай өнүгүп келе жаткан коркунучтарды жана тобокелдиктерди жиктөө жана эсепке алуу ушул тартиби экстремалдык климаттык кубулуштардан жана аба ырайынын өзгөрүүсүнөн келип чыккан коркунучтардын жана тобокелдиктердин болушуна баа берүүнүн укуктук уюштуруучулук ченемдерин аныктайт, ошондой эле Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын ишинин жүрүшүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.
2. Жай өнүгүп келе жаткан коркунучтардын жана тобокелдиктердин түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
– абанын температурасынын жогорулашы (жылдык орточо);
– кыртыштын шорлонуусу;
– жердин жана токойдун деградациясы;
– чөлгө айлануу;
– биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуу;
– мөңгүлөрдүн чегинүүсү жана ага байланыштуу коркунучтар жана тобокелдиктер.
3. Шарттары жана критерийлери боюнча алардын көрүнүштөрү бөлүнөт:
– коркунуч;
– тобокелдик.
Жай өнүгүп келе жаткан коркунучтар жана тобокелдиктер боюнча зыян келтирүүчү фактордун көрүнүшүнүн мүнөздөмөлөрү, алардын көрүнүштөрү жана таасирлери ушул Тартиптин тиркемесинде келтирилген.
Тиркеме
Кыргыз Республикасында жай өнүгүп келе жаткан коркунучтарды жана тобокелдиктерди жиктөөнүн жана эсепке алуунун тартиби
№ | Жай өнүгүп келе жаткан коркунучтардын жана кооптуулуктардын түрлөрү | Зыян берүүчү фактордун көрүнүшүнүн мүнөздөмөсү
| Шарттары жана критерийлери |
Таасири | |
коркунучтар | кооптуулуктар | ||||
1 | Абанын (орточо жылдык) температурасынын жогорулашы | Кыртыш менен абанын жылуулук, аэродинамикалык ысып кетиши. Адамдарга медициналык, биологиялык жана биоклиматтык параметрлер боюнча;транспортко, электр энергиясына, айыл чарбасына, биоартүрдүүлүккө тийгизген таасири. | Жылдык орточо температурасы 1°С дан 2°С га чейин. Суткалык температура 30-35°С га чейин. Аймактын нымдуулугу орточо болгон кезде, % менен. | Жылдык орточо температура 3 °C жана андан жогору. Суткалык температура 35°С дан жогору. Аймактын нымдуулугу орточо болгон кезде, % менен. | Ысык өтүү белгилерин сезген же каза болгон адамдардын санынын көбөйүшү. Транспорт, тез жардам кызматтарына басымдын күчөшү, айыл чарба мейкиндигинин, оорулардын жана биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу.
|
2 | Кыртыштын шорлонуусу | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүнө тоскоол болгон, көп өлчөмдөгү эрүүчү туздарды камтыган щелочтуу эмес топурак.
| Электр өткөрүмдүүлүгү 5,1 ден 15,0 dS/m чейин; уулуу туздардын өлчөмү 0,3 төн 0,6% га чейин; жер астындагы суулардын деңгээли 1,5 м. ден 3 м. ге чейин; 50% түшүмдүүлүктү жоготуу. | Электр өткөрүмдүүлүгү 8,6 дан 24,0 dS/m чейин; уулуу туздардын өлчөмү 0,3 төн 0.6% га чейин; жер астындагы суулардын деңгээли 1,5 м. ге чейин; 100% түшүмдүүлүктү жоготуу. | Сугат суунун орточо жылдык минералдашуусун жогорулатуу, түшүмдүүлүктү жана жерди жоготуу.
|
3 | Жердин жана токойдун деградациясы | Кыртыштын функцияларынын өзгөрүшүнө, анын касиеттеринин начарлашына, асылдуулугунун жана биологиялык ар түрдүүлүгүнүн акырындык менен жоголушуна алып келүүчү жараяндардын жыйындысы | Жер жана токой аянтын 20% дан 30% га чейин жоготуу.
| 30% дан ашык жер жана токой аянтын жоготуу.
| Жердин деградациясы жана токойлордун кыйылышы селдердин, жер көчкүлөрдүн, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүнө жана башка коркунучтуу процесстердин жыштыгынын көбөйүшүнө, жердин асылдуулугунун жана биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна алып келет. |
4 | Чөлгө айлануу | Жердин биологиялык, экономикалык түшүмдүүлүгүнүн азаюусу же жоголуусу жана/же интенсивдешүү жана чөл шарттарынын кеңейүүсү. Шамал жана чаң жүгү, жайыттардын жана токойлордун бузулушу. Топурактын үстүңкү катмарын үйлөө жана толтуруу. Транспорттун иштешиндеги кыйынчылыктар. | Жаан-чачын жылына 100 дөн 200 мм. ге чейин. PM10 эмиссиясынын айына/жылына 60 мкг/м3 минималдуу нормадан 10 % га өсүшү. Чаң менен кумдун, шамалдын өтүү узактыгы 2 саатка чейин. | Жаан-чачын жылына 100 мм чейин.
PM10 эмиссиясынын айына/жылына 60 мкг/м3 минималдуу нормадан 20% га өсүшү. Чаң менен кумдун, шамалдын өтүү узактыгы 4 сааттан ашык. | Дарактардын жыштыгынын же дарак түрлөрүнүн өзгөрүшү. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрден ашкан чаң-кумдун өтүшү. Айыл чарба аянтынын азаюусу. Дарыялардагы суунун көлөмүнүн азайышы м3 айына/жылына. Жер астындагы суулардын деңгээлинин төмөндөшү. |
5 | Биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуу | Биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголуусу, азаюусу, жок болуп кетүүсү жана жашоо чөйрөсүнүн жоголуусу.
| Сапат рейтинги 30 дан 50 гө чейин (айдоо). Жер астындагы суунун деңгээли 1,5 метрден 3 метрге чейин.
Аянтка (аянт бирдигине), гектарга түрлөрдүн санын 20% га кыскартуу. | Сапат рейтинги 30 дан аз (айдоо).
Жер астындагы суунун деңгээли 2 метрге чейин.
Аянтка (аянт бирдигине), гектарга түрлөрдүн санын 40% га кыскартуу. | Жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана токойлордун сейрек кездешүүчү түрлөрүнүн популяциясынын санын кыскартуу. Инвазиялык түрлөрдүн массалык көбөйүү борборлорунун өсүшү. Арча токоюнун төмөнкү чек арасын өйдө карай жылдыруу, биологиялык ар түрдүүлүктүн жаңы түрлөрүнүн пайда болушу. |
6 | Мөңгүлөрдүн чегинүүсү жана ага байланыштуу кооптуулуктар
| Мөңгүлөрдүн аянтынын азайышы, бул таза суунун туруктуу булактарынын болушуна жана тоо экотутумдарынын жанаша жашоосуна олуттуу таасирин тийгизет. Жердин деградациясы, энергетикалык жана экономикалык чыгымдар.
| Жылына 1 ден 2% га чейин, же абанын температурасынын көрсөткүчү 10-15°C мөңгүдө, жаз мезгилинде 3200 метрден бийиктикте «нөлдүк» изотермага жетет. | Жылына 2% дан жогору, же абанын температурасынын көрсөткүчү 10-15°C мөңгүнүн үстүндө, жай мезгилинде 4200 метрден бийиктикте «нөлдүк» изотермага жетет.
| Изотерманын кескин көтөрүлүшү, мөңгүлөрдүн "тилинин" чегиниши. Мөңгүлөрдүн аянтынын жана массалык балансынын кыскарышы. Жаңы чакан тоо көлдөрүнүн пайда болушу. Сел-суу ташкын мезгилинде дарыя агымынын көбөйүшү, андан кийин узак мөөнөткө кескин азайышы. Кургакчылыктын жыштыгынын жана айыл чарбасындагы чыгымдардын көбөйүүсү. Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын бийиктерге жылышы. |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин «Кыргыз Республикасында жай өнүгүп келе жаткан коркунучтарды жана тобокелдиктерди жиктөө жана эсепке алуу тартибин бекитүү жөнүндө» буйруктун долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ - МААЛЫМКАТ
1. Максат жана милдет
Бул буйруктун долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 699-р тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылга иш-чаралар планынын 536-пунктун ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
2. Баяндоочу бөлүк
Учурдагы кырдаалды талдоо - Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирин азыртадан эле башынан өткөрүп жатканын көрсөтүп турат. Кыртыштын деградациясы, токой оорулары, кыртыштын эрозиясы жана тузданышы, аба ырайынын кескин өзгөрүшү, шамалдын көбөйүшү, гидрологиялык агымдын режиминин жана дарыялардын деңгээлинин өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши, биологиялык ар түрдүүлүктүн өзгөрүшү, суунун жетишсиздиги алардын пайда болуу тобокелдигин азайтуу үчүн комплекстүү чечимди жана ыкмаларды талап кылат.
Кыргыз Республикасы БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын активдүү катышуучусу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 125 Мыйзамы менен БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы жөнүндө Париж макулдашуусу ратификацияланган.
БУУнун 2012-жылдын 26-ноябрындагы № FCCC/TP/2012/7 Климаттын өзгөрүшү боюнча конвенциясынын резолюциясы жай өнүгүп келе жаткан коркунучтарга жана кооптуулуктарга “деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү”, “температуранын көтөрүлүшү”, “океандын кычкылданышы”, “мөңгүлөрдүн чегинүүсү жана ага байланыштуу таасирлер”, “шорлонуу”, “жердин жана токойлордун деградациясы”, “биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу жана чөлгө айлануу” экендигин аныктаган.
Бул коркунучтар узак мөөнөттүү жана чогулуучу таасирге ээ жана андан да олуттуу жана татаал каскаддык окуяларга алып келиши мүмкүн, алардын кесепеттери калктын турмуш-тиричилигине, экономиканын жана айлана-чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизет.
Жай процесстерди каттоо жай болуп жаткан кубулуштардын натыйжасындагы чыгымдар жана бузулуулар менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн, климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирине каршы алдын алуу иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнүн биринчи ыкмасы болуп саналат.
Мындай жараяндар Кыргыз Республикасынын аймагында мурдатан эле жүрүп жатат, алар:
– абанын температурасынын (орточо жылдык) жогорулашы: 1976-жылдан азыркы учурга чейинки мезгилде жылына 0,024°С, 2030-жылга карата болжолдооолор боюнча температура жылына 1,1°С га чейин жогорулайт;
– кыртыштын шорлонушу: 2018-жылдын маалыматтары боюнча республика боюнча 1190,8 га, анын ичинен айдоо аянты 163,8 га, жайыт жана чабындылар 1027 га ны түздү;
– жердин жана токойлордун деградациясы: 2018-жылдын маалыматтары боюнча айыл чарба жерлеринин деградациясы 16369,8 га түздү, токой аянтынын көбөйүшүнүн оң динамикасына карабастан (2000-жылы 4,25% дан 2019-жылы 5,79% га чейин), токойлордун эскиришинин тенденциясынын өсүүсү байкалууда. Мамлекеттик токой фондусундагы жаш дарактардын үлүшү максималдуу деңгээлден төмөн жана 11% га жакынды түзөт. Бул өзгөчө табигый жол менен начар калыбына келтирилген карагайлуу токойлорго тиешелүү;
– чөлгө айлануу: Республика кургак, нымдуулугу төмөн райондордун зонасына кирет, 10,6 млн. га айыл чарба жерлеринин жалпы аянтынын 50% га чейини ар кандай деңгээлдеги чөлгө айлануу коркунучунда;
– биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуу: Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүүгө тийиш болгон сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрдүн тизмесине канаттуулардын 57 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү, жерде-сууда жашоочулардын 2 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 8 түрү, балыктын 7 түрү, муунак буттуулардын 18 түрлөрү кирет, ошондой эле жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын 87 түрү;
– мөңгүлөрдүн чегинүүсү жана ага байланыштуу кооптуулуктар: болжол менен 70 жылдын ичинде Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% га, ири мөңгүлөрдүн аянты 17% га кыскарган, ал эми майда мөңгүлөрдүн аянты эки жарым эсеге көбөйгөн.
Жогорудагыларды эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылга иш-чаралар планынын 536-пунктун негизинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Жай өнүгүп келе жакан кырсыктарды эсепке алууну жана каттоону улуттук механизмге киргизүү тапшырмасы берилген.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүлуп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жеке ченем жаратуучу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 14-пунктунун 5-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик башкарууну жана бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жарандык чөйрөдөгү ишин координациялоону ишке ашырат, ошого байланыштуу ушул бул буйруктун долбоору демилгеленип жатат.
Жарандык коргонуунун Мамлекеттик тутумунун алкагында жай өнүгүп келе жаткан коркунучтарды жана тобокелдиктерди жиктөө жана эсебин жүргүзүү - климаттын жана аба ырайынын өзгөрмөлүүлүгүнүн, алардын коркунучтуу көрүнүштөрүнүн жана өнүгүү тенденцияларынын таасиринен келтирилген чыгымдарды жана зыяндарды баалоо факторлорунун бири болуп саналат.
3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин бул буйругунун долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуулоонун жыйынтыгы жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин сунушталган буйругунун долбоору коомдук талкуулоону талап кылбайт.
5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү
Сунушталган буйруктун долбоору колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.
3. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин бул буйругунун долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
3. Жөнгө салуучулук таасирин талдоо жөнүндө маалымат
Сунушталган буйруктун долбоору жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердик ишмердикти жөнгө салууга багытталган эмес.
Министр генерал-майор |
Б.Э. Ажикеев |