Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ
буйруК
2023-жылдын 22-декабры № 3-Д
«Кыргыз Республикасында жай өнүгүп келе жаткан коркунучтарды жана тобокелдиктерди жиктөө жана эсепке алуу тартибин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 699-р тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылга иш-чаралар планынын 536-пунктун ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2018-жылдын 29-январындагы № 58 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясын” ишке ашыруу боюнча 2-этаптын (2023-2026-жылдарга) иш-чаралар планынын «Жай өнүгүп келе жаткан кырсыктарды эсепке алууну жана каттоонун улуттук механизмин киргизүүнүн» 9.7-пунктунун күтүлгөн натыйжаларына жетүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 14-пунктунун 5-пунктчасына ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасында жай өнүгүп келе жаткан коркунучтарды жана тобокелдиктерди классификациялоо жана эсепке алуу Тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрү, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар ушул буйрукту жетекчиликке жана иштөөгө кабыл алышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө башкармалыгынын башчысы, ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы:
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук булактарда, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат катары жөнөтсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
6. Буйрук тиешелүү тараптарга жеткирилсин.
7. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр Генерал-майор |
Б.Э.Ажикеев |