Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 26-декабрындагы № 839
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-декабры № 704
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-мартындагы № 135 “Кыргыз
Республикасынын бюджеттик системасынын
бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын
коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибин
бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруу тартибин тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 111-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 135 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарга жайгаштыруу тартибинде:
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Бюджеттик системанын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын жайгаштыруудан пайыздык киреше түрүндө алынган акча каражаттары Бирдиктүү казыналык эсептеги бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине которулууга тийиш.”;
- 21-пункттун 8-пунктчасынын бешинчи абзацында “эң жогорку” деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 104 (3553) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |