Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Кыргыз Республикасынын

Айыл чаба министрлигинин

буйругуна 3-тиркеме

 

Жыгач таңгактоочу же бекитүүчү материалды маркалоо тартибин

жана аларды түшүрүү ыкмасы

 

1. Бул жыгач таңгактоочу материалды маркалоо тартиби (мындан ары-Тартип) “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 11-беренелерине, Евразия экономикалык комиссиясынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 чечими менен бекитилген Евразиялык экономикалык бирликтин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантинге алынуучу продкуцияларга жана карантинге алынуучу объектилерге карата коюлуучу бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын VII жана X главаларына, Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин боюнча эл аралык конвенциясына жана №15 Фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандартка ылайык иштелип чыкты.

2. Бул тартип Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы чечими менен бекитилген Евразиялык экономикалык бирликтин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантинге алынуучу продкуцияларга жана карантинге алынуучу объектилерге карата коюлуучу бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын VII главасын Жыгач материалдарга коюлуучу бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарды аткаруу боюнча иштерди уюштурууну аныктайт.

3. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) карантинге алынуучу объекттерди газациялоо менен зыянсыздандыруу боюнча иштерди жана аларды дегазациялоо боюнча иштерди уюштуруунун тартибинде белгиленген уруксаты бар юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге (мындан ары-аткаруучу) зыянсыздандыруу боюнча иштерди жүргүзүү укугун өткөрүп бере алат.

4. Бул тартипте колдонуучу түшүнүктөр:

газация ‒ зыяндуу организмдерди жок кылуу максатында карантинге алынуучу объекттерди ууландыруучу заттардын - фумиганттардын буусу же газы менен зыянсыздандыруу;

дегазация ‒ газациялоо методу менен зыянсыздандырылган карантинге алынуучу объекттерди желдетип, шамалдатып туруу.

5. Жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарды Кыргыз Республикасынан алып чыгууда аларды маркалоо үчүн эл аралык үлгүдөгү атайын белгини (мындан ары – маркалоо белгиси) берүүнүн шарттары, ошондой эле маркалоочу белгинин формасына, аны түшүрүү ыкмаларына коюлуучу талаптар ушул Тартип менен аныкталат.

6. Жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарды карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу жана маркалоо боюнча иштерди жүргүзүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын сакталышына мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролдоону (көзөмөлдөө), маркалоочу белгини тариздөө жана берүү, аймагында жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарды карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу боюнча иштер (мындан ары - зыянсыздандыруу боюнча иштер) жүргүзүлүп жаткан өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык органы тарабынан жүргүзүлөт.

7. Маркалоо пестициддерди колдонуунун коопсуздугунун белгиленген шарттарын жана зыянсыздандыруунун башка методдорун сактоо менен жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарды зыянсыздандырууга табыштаманын негизинде жүзөгө ашырылат.

8. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыгынын кызмат адамы маркалоочу белгини берүү жөнүндө чечим кабыл алууда:

а) арыз ээсине жеке номер (мындан ары - жеке номер) берет;

б) арыз ээсин маркалоо белгисинин ээлеринин тизмесине (мындан ары - тизме) киргизет.

9. Маркалоо белгиси 1-тиркемеге ылайык тик сызык менен эки бөлүккө бөлүнгөн тик бурчтук.

Тик бурчтуктун сол жагында Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин боюнча эл аралык конвенциянын (International Plant Protection Convention (IPPC) аббревиатурасы түшүрүлгөн буудай машактын стилдештирилген сүрөтү жайгаштырылат.

Тик бурчтуктун оң жагына сырбелги жана номер коюлат:

а) жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарды экспорттоочу өлкөнүн эки орундуу сырбелгиси (KG - Kyrgyzstan);

б) ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыгы тарабынан ыйгарылган арыз ээсинин жеке номери.

Арыз ээсинин жеке номери (ыйгарым укуктуу органдын тизмесинин катар номерине туура келет), анын биринчи эки саны арыз ээси катталган Кыргыз Республикасынын регионуа таандыктыгынын сырбелгисин билдирет, кийинки үч сан өтүнмө ээсинин жеке номери болуп саналат.

Өлкөнүн сырбелгиси арыз ээсинин жеке номеринен дефис менен бөлүнөт.

в) зыянсыздандыруу методдорунун кыскартылып аталышы:

‒ термикалык иштетүү (НТ);

 ‒ бромидуу метил фумигациясы (МВ).

Зыянсыздандыруу методдорунун кыскартылган аталышы өлкөнүн сырбелгисинен жана арыз ээсинин жеке номеринен кийин көрсөтүлөт жана алардан өзүнчө сапта болот.

10. Маркалоочу белги жыгач таңгактоочу же бекитүүчү материалдын (мындан ары - материал) бүтүн бирдигине түшүрүлүүгө жана контролдоо органдарынын кызмат адамдары тарабынан көрүп чыгуу үчүн жеткиликтүү көрүнөө жерде материалдын кеминде эки карама-каршы жагында жайгашууга тийиш.

11. Маркалоо зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлгөндөн кийин дароо кызыл жана кызгылт сары түстөн башка кара түстөгү өчпөс боёк менен материалга күйгүзүү же штамптоо методу менен жазылышы керек.

Маркалоодогу маалымат жардамчы каражаттарды колдонбостон, түшүнүктүү жана көрүп кабылдоо үчүн жеткиликтүү болууга тийиш, эгерде анын окулушу сакталып калган шартта материалдарды кайталап зыянсыздандырбастан толук эскиргенге чейин колдонууга жол берилет.

Маркалоонун чегинде башка маалыматтар камтылууга тийиш эмес.

 

 

3-тиркеменин

 1-тиркемеси

 

Тамгалоо белгиси төмөнкүлөрдү билдирет

 

1) Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча эл аралык конвенция аббревиатурасы (International Plant Protection Convention (IPPC).

 

 

2) жыгач таңгактоочу жана бекитүүчү материалдарды экспорттоочу өлкөнүн эки орундуу сырбелгиси (KG - Kyrgyzstan);

3) ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыгы тарабынан ыйгарылган арыз ээсинин жеке номери.

4) зыянсыздандыруу методдорунун кыскартылган аталышы:

- термикалык иштетүү (НТ);

- бромдуу метил фумигациясы (МВ).