Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин буйругуна 6-тиркеме |
Карантинге алынган өндүрүмдөрдү жана объекттерди
текшерип кароо тартиби
Жалпы жоболор
1. Ушул карантинге алынган өндүрүмдөрдү жана объектилерди текшерип кароо тартиби (мындан ары ‒ Тартип) «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 5, 9 жана 12-беренелерине, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими жана №23 Фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарт менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контроль (көзөмөл) жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобонун III главасынын 3.3 – 3.14 – пункттарына жана жана №23 Фитосанитардык чаралардын эл аралык стандартына ылайык иштелип чыкты.
2. Карантинге алынган продукцияны жана объекттерди текшерип кароо, жүргүзүү тартиби карантинге алынган продукцияны жана объекттерди импорттоо жана экспорттоодо текшерип кароо жол-жобосун баяндайт.
3. Текшерип кароонун негизги максаты жүктүн (объекттин) фитосанитардык регламентацияларга шайкештигин көз чаптырып текшерип кароо, документтерди текшерүү, ошондой эле жүктүн аныктыгын жана бүтүндүгүн текшерүү жолу менен аныктоону көздөйт.
4. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын адиси жүктүн (объекттин) фитосанитардык регламенттерге шайкештигин карантинге алынуучу материалдардагы зыяндуу организмдерди табууга багытталган визуалдык текшерүү, документтерди текшерүү, ошондой эле жүктүн аныктыгын жана бүтүндүгүн текшерүү жолу менен аныктайт.
5. Ушул Тартипте төмөнкүлөрдү билдирген түшүнүктөр колдонулат:
Кароо ‒ карантинге алынган объекттердин бар же жок экендигин табуу жана (же) сынамдарды жана (же) үлгүлөрдү ылгап алуу мүмкүнчүлүгү менен карантиндик фитосанитардык талаптардын сакталышын текшерүү максатында карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди текшерип кароо;
Көрүп чыгуу ‒ үлгүлөрдү (сынамыктарды) ылгабастан, карантиндик объекттерди идишти жана таңгакты, транспорт каражаттарын жана ташуу үчүн шаймандарды (анын ичинде транспорттук каражаттардын кабиналарын, салондорун, жүк жана жүк бөлүмдөрүн) ачпастан табуу максатында карантинге алынган продукцияны, карантинге алынган объекттерди көрүп текшерүү.
Транспорт каражаттары – карантинге алынган продукциянын партиясын которуштуруу үчүн пайдаланылган транспорт каражаттары.
Транспорттук (ташуучу) документтер – Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык ташууда жүктү коштоого тийиш болгон коносамент, коштомо кагаз же башка документтер.
6. Ушул Тартипте колдонулган башка түшүнүктөр «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана 1951-жылдын 6-декабрындагы Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча эл аралык конвенцияда жана фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарттарда белгиленген мааниде колдонулат.
7. Жүктөрдү текшерип кароонун максаты импорттоо же экспорттоо учурунда карантиндик зыяндуу организмдер боюнча фитосанитардык талаптарга шайкештикти тастыктоо болуп саналат:
‒ экспорттоо учурунда жүргүзүлгөн текшерип кароо, жүк кароодон өтүп жатканда импорттоочу өлкөнүн фитосанитардык талаптарына жооп бергендигин далилдейт;
‒ импорттоо учурунда жүргүзүлгөн текшерип кароо, жүктүн ЕЭК Комиссиянын кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 чечими менен бекитилген жүктүн ЕАЭБдин Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына шайкештигин ырастайт.
8. Текшерип кароо жүргүзүү учурунда ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамында төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:
‒ өз функцияларын аткаруу үчүн керектүү ыйгарым укуктарга;
‒ зыяндуу организмдерди аныктоо жагында зарыл квалификацияга жана техникалык компетенцияларга;
‒ зыяндуу организмдерди, өсүмдүктөрдү, өсүмдүк азыктарын жана башка карантинге алынуучу материалдарды идентификациялоо жөндөмүнө жана мүмкүнчүлүгүнө;
‒ текшерип кароо жүргүүзү үчүн зарыл болгон каражаттарды, шаймандарды жана жабдууларды колдоно билүүгө;
‒ колдонмолор (үлгүлөрдү тандоо боюнча, зыяндуу организмдер боюнча маалымдама материалдар);
‒ объективдүү жана калыс болуу.
Импорттоого же экспорттоого сертификатка байланыштуу документтер:
‒ фитосанитардык сертификаттар же реэкспорттук фитосанитардык сертификаттар:
‒ жүк декларациялары;
‒ импорттоого уруксаттар (талап боюнча);
‒ дарылоо жана маркировкалоо жөнүндө документтер же сертификаттар (талап боюнча);
‒ келип чыгышы тууралуу сертификаттар;
‒ өндүрүүчүлөрдүн же таңгактоочулардын реестри (талап боюнча);
‒ сертификациялоо программаларына тийиштүү документтер (мисалы: үрөндүк картошканы сертификациялоо программалары, эркин зоналар боюнча документтер);
‒ карантиндик фитосанитардык лабораториянын корутундусу.
Документтерди текшерүү тартиби
9. Жүктү коштоочу документтерди текшерүү.
Импорт жана экспорт учурунда документтер төмөнкүлөргө текшерилет:
‒ толуктугуна;
‒ ырааттуулугуна;
‒ тактыгына;
‒ аныктыгына жана жарамдуулугуна.
Текшерүү процедурасы
10. Визуалдык текшерүүнүн техникалык талаптары төмөнкү процедураларды камтыйт:
‒ жүктүн аныктыгын жана бүтүндүгүн текшерүү;
‒ ачылып кетпегендигин жана төгүлбөгөнүн текшерүү;
‒ транспорт каражатын, кузовдун жана кабинанын ички жана тышкы беттерин, таңгактоочу материалды кароо;
‒ зыяндуу организмдерди табууга жана карантиндик фитосанитардык талаптарды сактоого (мисалы: топурактын, төшөлүүчү материалдын жоктугун, жүктүн маркаланышынын болушун) визуалдуу текшерүү.
Карантинге алынуучу өндүрүмдү анын үстүнөн, тарасын жана (же) таңгагын кароодо морфологиялык белгилери боюнча карантиндик объекттерге окшош организмдер, өсүмдүктөрдүк ооруларынын симптомдору, карантинге алынуучу өндүрүмдүн карантиндик объекттерден бузулуу белгилери табылган учурда карантинге алынуучу өндүрүмдү текшерип кароо жүргүзүлөт.
Текшерип кароо талаптары
11. Карантинге алынган продукцияны жана объекттерди текшерип кароо мамлекеттик чек арадагы, жүк баруучу пункттагы же жүк чогултулган жердеги ыйгарым укуктуу органдын адиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
12. Эгерде карантинге алынган продукцияны зыянсыздандыруу жөнүндө чечим аны көрүп чыгуунун же текшерип кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан кабыл алынса, карантинге алынган продукцияны зыянсыздандыруу жүргүзүлгөндөн кийин дагы текшерип кароо керек.
13. Бүткүл жүктү текшерип кароо мүмкүн болбогондо милдеттүү түрдө үлгүлөр (сынамыктар) алынат жана аларды текшерип кароонун жана лабораториялык экспертизанын натыйжалары боюнча жүктүн карантиндик фитосанитардык абалы белгиленет.
14. Текшерип кароону жүзөгө ашырууда төмөнкү талаптар сакталат:
‒ карантинге алынган продукцияны жана объекттерди текшерип кароо жабдылган жерде жүргүзүлөт;
‒ карантинге алынуучу продукциянын таңгагында маркалоонун бар же жок экендигин, ошондой эле маркалоодо камтылууга тийиш болгон маалыматты текшерүү (эгерде карантинге алынуучу продукцияны таңгактоого жана маркалоого карата бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарда талаптар каралса);
‒ кароонун жыйынтыктары документтештирилет;
‒ үлгүлөрдү (сынамыктарды) алуу “Айыл чарба продукциясы Карантиндик текшерип кароодо жана экспертизада үлгүлөрдү (сынамыктарды) алуу методдору” ГОСТ 12430-66 мамлекет аралык стандартка ылайык жүргүзүлөт.
15. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатында лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн карантинге алынуучу продукциянын үлгүлөрүн алуу карантинге алынуучу продукциянын ээсинин же анын ыйгарым укуктуу адамынын катышуусу менен ыйгарым укуктуу органдын адиси тарабынан карантинге алынуучу продукция турган жерде жүргүзүлөт.
Карантинге алынуучу продукциянын тандалып алынган үлгүлөрү сейф пакеттерге салынат (пломбаланат) жана толтурулган этикеткасы менен жабдылат.
16. Карантинге алынуучу продукцияда карантиндик объекттер менен булгануу белгилери бар же жок экендигин аныктоо максатында карантинге алынуучу продукциянын тандалып алынган үлгүлөрү белгиленген тартипте карантиндик фитосанитардык лабораторияга жиберилет.
Текшерип кароонун натыйжасы (импорттоодо жана экспорттоодо)
17. Импорттоодо текшерип кароонун натыйжасы документтештирилет:
2010-жылдын 18-июнундагы № 318 Бажы бирлигинин Комиссиясынын чечими менен бекитилген Евразиялык экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө Жобонун 1-тиркемесине ылайык текшерип кароонун жыйынтыгы боюнча карантиндик фитосанитардык контролдоо (көзөмөлдөө) актысы түзүлөт.
18. Экспорттоодо текшерип кароонун натыйжасы документтештирилет:
‒ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык лабораториялык экспертизанын жыйынтыктарын алгандан кийин карантиндик текшерип кароо актысы толтурулат, (Тартиптин 1-тиркемеси).
19. Фитосанитардык талаптарга ылайык келген учурда текшерилип каралуучу карантинге алынган продукцияга жана объектиге карата төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынат:
‒ фитосанитардык сертификатты берүү;
‒ карантинге алынган продукцияны ташып келүүгө уруксат.
20. Фитосанитардык талаптарга ылайык келбегендиги аныкталган учурда текшерип каралуучу карантинге алынган продукцияга жана объектиге карата төмөнкүдөй чечим кабыл алуу менен ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык жазма эскертүү түзүлөт:
‒ фитосанитардык сертификатты берүүдөн баш тартуу;
‒ кошумча текшерүү жүргүзүү;
‒ карантинге алынган продукцияны жана объектти зыянсыздандыруу;
‒ карантинге алынган продукцияны жок кылуу;
‒ карантинге алынган продукцияны кайтарып берүү;
‒ карантинге алынган продукцияны жана объектти тазалоо.
| 6 - тиркеменин 1-тиркемеси |
ФИТОСАНИТАРДЫК СЕРТИФИКАТТЫ БЕРҮҮГӨ
КАРАНТИНДИК ТЕКШЕРҮҮ АКТЫСЫ
__________________________________________________ өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын өсүмдүктөрдүн карантини боюнча башкармалыгы
«_____» ________________20____ ж..
Мен, ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан, _____________________________________________________________________________
(кызматы, аты-жөнү)
катышуусунда ____________________________________________________
________________________________________________________________
________________________________________________________________
(жүк жөнөтүүчү уюмдун өкүлүнүн аты-жөнүн, анын аталышын көрсөтүү дареги, жеке жактар үчүн: аты-жөнү, жашаган жери,паспорту: сериясы, документ берген орган, берилген күнү)
Карантинге алынган продукциянын партиясына кароо жүргүзүлдү:__________________________________________________________________
(карантинге алынуучу продукциянын аталышы жана саны)
жана транспорттук каражатына _______________________________________________________________________________________________
(транспорттук каражатардын номерлери)
Продукциянын партиясын түзүүчү (жүктөөчү) жер (дареги)__________________________
Орундардын саны жана таңгактын сүрөттөлүшү _____________________________________________________________________________
Айырмалоочу белгилер (маркалоо)___________________________________________________________________
Тандалган үлгүлөр (проба) өлчөмдө:__________________________________________
Үлгүлөр менен иш-аракет (үлгүлөр): _____________________________________________________________________________
Сунуштама:_________________________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
Акт ээсинин катышуусунда түзүлгөн
(ээсинин өкүлү) жүктүн: _________________ ________________________________
(колу) (өкүлдүн толук аты-жөнү)
м.о. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы: _____________________________
| 6 - тиркеменин 2-тиркемеси |
Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган
ЖАЗМА ЭСКЕРТҮҮ №
Мен, ____________________________ өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү карантинге алынган объекттин өкүлүнүн (ээсинин) катышуусунда
____________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________
Материалдын аталышы, келип чыгышы, текшерүү орду
Саны ________________________________________ сертификаттын болуусу
_____________________________________________________________________________
Көрсөтүлгөн материалды текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталды:
__________________________________________________________
__________________________________________________________
Лабораториялык экспертизага тандалып алынган үлгүлөрдүн саны____________________
Инспектордун корутундусу: _____________________________________________________
____________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________
Ыйгарым укуктуу органдын өкүлү ________________
м.о.
Материал ээси (өкүлү) __________________