Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 29-ноябры № 431-НИ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу жөнүндө
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны: андан ары өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинентинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 1 -пунктуна жана 3-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддер жана агрохимикаттардын каталогу 1-тиркемеге ылайык;
2) Карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларды дегазациялоо боюнча иштерин жүргүзүү жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Жыгач таңгактоочу же бекитүүчү материалдарды маркалоо тартибин жана аларды түшүрүү ыкмасы 3-тиркемеге ылайык;
4) Зыяндуу организмдерди табуу жана идентификациялоо боюнча методикалык көрсөтмөлөр 4-тиркемеге ылайык;
5) Карантинге алынган объекттерде жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерди табууга карантиндик фитосанитардык зонаны жана карантиндик фитосанитардык режимди белгилөөгө багытталган карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүү боюнча методикалык көрсөтмө 5-тиркемеге ылайык;
6) Карантинге алынуучу продукцияны жана объекттерди кароо боюнча нускаманы 6-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын,
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин реалдуу сектор башкармалыгы;
1) расмий жарыяланган кундөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;
2) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- 2020- жылдын 23-январындагы № 1-дп "Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ченем жаратуу ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин буйругу;
- 2021- жылдын 21-июнундагы № 1-дп "2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддер жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогун бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин буйругу.
5. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2023-жылдын 5-декабрында agro.gov.kg расмий сайтында жарыяланды
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо реалдуу сектор маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басарына жүктөлсүн.
Министр | А.С. Джаныбеков |