Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2023-жылдын 7-декабрындагы № 929 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерине тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү тартиби
1. Бул Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерине тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү тартиби тарыхый-маданий мурас объекттерге (мындан ары - объект) тарыхый-маданий экспертизаны жүргүзүүнүн тартибин белгилейт (мындан ары - экспертиза).
Экспертиза төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- тарыхый-маданий мурас объектисин тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесине киргизүүнү негиздөө;
- тарыхый-маданий мурас объектисинин тарыхый-маданий маанисинин категориясын аныктоо;
- тарыхый-маданий мурас объектисинин тарыхый-маданий маанисинин категориясын өзгөртүүнү негиздөө;
- тарыхый-маданий мурас объекттеринин корголуучу чөлкөмдөрүнүн долбоорлорунун шаар куруу документтерине ылайыктуулугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо боюнча талаптарга ылайык жерге жайгаштыруу, жер казуу, курулуш, мелиорациялык жана чарбалык жумуштардын ылайыктуулугун аныктоо;
- тарыхый-маданий мурас объектисин Кыргыз Республикасынын өзгөчө баалуу тарыхый-маданий объект деп аныктоо;
- жоготулган тарыхый-маданий мурас объектисин кайрадан калыбына келтирүү.
2. Экспертиза жеке жана юридикалык жактардын (мындан ары - тапшырыкчы) кайрылуусу боюнча жүргүзүлөт.
Экспертиза жүргүзүү үчүн эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын чечими менен 5 жана андан ашык мүчөлөрдөн турган окумуштуулар, адистер, маданият жана искусство ишмерлери, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чыгармачыл бирликтердин жана башка коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирген эксперттик комиссия түзүлөт (мындан ары - Комиссия).
3. Экспертиза жүргүзүү жөнүндө келишим тапшырыкчы менен Комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда түзүлөт, алардын көчүрмөлөрү эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга берилет.
Комиссия ишке келишим түзүлгөндөн жана тапшырыкчы толук көлөмдө жумушка төлөм жүргүзгөндөн кийин жумушка киришет. Жумушка акы төлөөнүн өлчөмү келишим менен белгиленет жана жумуштун көлөмүнө жана татаалдыгына жараша аныкталат.
Комиссия мүчөлөрү тапшырыкчыдан акчалай жана мүлктүк мүнөздөгү башка сыйакыларды, сыйлыктарды алууга укуксуз.
4. Эгерде тапшырыкчы болуп мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эсептелген учурда акы төлөө тиешелүү орган тарабынан каралган бюджеттик ассигнованиелердин чегинде жүзөгө ашырылат.
5. Экспертизанын объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- тарыхый-маданий мурас объектисинин белгилерине ээ болгон объекттер;
- чарбалык өздөштүрүүгө тийиш болгон жер участоктору;
- тарыхый-маданий мурас объектисин тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмелерине киргизүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар;
- тарыхый-маданий мурас объектисинин тарыхый-маданий маанисинин категориясын өзгөртүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар;
- тарыхый-маданий мурас объектисин Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий коруктарына, өзгөчө баалуу тарыхый-маданий объекттерине же болбосо бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурас объекттерине киргизүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар.
6. Экспертиза жүргүзүү үчүн тапшырыкчы Комиссияга каралып жаткан маселеге тиешелүү керектүү документтерди жана материалдарды берет.
7. Экспертиза өткөрүүнү баштоонун алдында Комиссия тарабынан уюштуруу отуруму өткөрүлөт, анда Комиссиянын мүчөлөрү:
- төраганы жана жооптуу катчыны шайлашат;
- иш тартибин, иш багытын жана экспертиза жүргүзүү мөөнөтүн аныкташат;
- экспертиза жүргүзүү үчүн тапшырыкчыдан суралып жаткан керектүү документтердин жана материалдардын тизмесин аныкташат.
Комиссиянын уюштуруу жыйналышы протокол менен таризделет, ага Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
8. Комиссия мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн объективдүүлүгүн, ар тараптуулугун жана толуктугун, ошондой эле өзүлөрүнүн тыянактарынын аныктыгын жана негиздүүлүгүн камсыз кылууга;
- жеке өзү жана Комиссиянын башка мүчөлөрү алган изилдөөлөрдүн натыйжаларын өз алдынча баалоого, өз компетенциясынын чегинде тыянактарды жоопкерчиликтүү жана так түзүүгө;
- экспертиза жүргүзүүдө алынган маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга.
9. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча Комиссия тарабынан корутунду таризделет, анда төмөнкү маалыматтар камтылат:
- экспертизанын тапшырыкчысы;
- Комиссия мүчөлөрүнүн маалыматтары (аты-жөнү, билими, адистиги, илимий даражасы (бар болсо), иш стажы, иштеген жери жана кызмат орду);
- экспертиза өткөрүлгөн жер;
- экспертиза өткөрүүнүн башталган жана аяктаган датасы;
- максаты жана экспертиза объектиси жөнүндө маалыматтар;
- тапшырыкчы тарабынан берилген документтердин жана материалдардын тизмеси;
- колдонулган методдорду, аткарылган иштердин көлөмүн жана мүнөзүн жана алардын натыйжаларын көрсөтүү менен жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар;
- жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында табылган жана аныкталган фактылар жана маалыматтар;
- экспертиза жүргүзүүдө чогултулган жана алынган документтердин жана материалдардын, ошондой эле пайдаланылган маалымдама адабияттардын тизмеги;
- тарыхый-маданий мурас объектисин тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесине киргизүүнүн негиздемеси (оң же терс корутунду);
- тарыхый-маданий мурас объектисинин тарыхый-маданий маанисинин категориясынын аныктамасы;
- маданий мурас объектисинин тарыхый-маданий маанисинин категориясын өзгөртүүнүн негиздемеси;
- тарыхый-маданий мурас объекттеринин корголуучу чөлкөмдөрүнүн долбоорлорунун шаар куруу документтерине ылайыктуулугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип-те тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо боюнча талаптарга ылайык жерге жайгаштыруу, жер казуу, курулуш, мелиорациялык жана чарбалык жумуштардын ылайыктуулугунун (оң корутунду) же ылайык келбес-тигинин (терс корутунду) аныктамасы;
- тарыхый-маданий мурас объектисинин Кыргыз Республикасынын өзгөчө баалуу тарыхый-маданий объектиси деген аныктамасы;
- тарыхый-маданий мурас объектисинин Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий коруктарына тиешелүүлүгүнүн негиздемеси;
- жок болуп кеткен тарыхый-маданий мурас объектисин кайрадан калыбына келтирүү зарылдыгы жөнүндө оң же терс негиздемеси.
10. Корутундуга Комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
Комиссиянын мүчөлөрү корутундуда баяндалган маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
11. Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири экспертизанын корутундусуна макул болбогон учурда корутундуга "өзгөчө пикир" деген белги менен кол коюлат. Өзгөчө пикир Комиссиянын мүчөсү кол койгон, анын экспертизанын тыянактары менен макул эместигинин себептерин негиздөөнү камтыган өзүнчө документ түрүндө таризделет.
12. Экспертизанын корутундусу 2 нускада таризделет, ал Комиссия тарабынан эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга бардык тиркелген документтер жана материалдар менен иш аяктагандан кийин 2 жумушчу күндүн ичинде берилет.
Корутунду бардык тиркелген документтер жана материалдар менен кошо электрондук вариантта да берилет.
13. Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган 10 жумушчу күндүн ичинде экспертизанын корутундусун карайт, анын негизинде тиешелүү чечим кабыл алат, ал буйрук менен таризделет.
Кароо процессинде эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган зарыл болгон учурда берилген корутунду боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Комиссиянын мүчөлөрү менен консультацияларды жүргүзөт.
Берилген корутундуну кароодо зарыл документтер жана материалдар жетишсиз экендиги аныкталган учурда эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган комиссиянын корутундусун толуктап иштеп чыгууга кайтарып берүүгө укуктуу.
Комиссия 3 жумушчу күндүн ичинде эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органга жеткире иштелип чыккан корутундуну берет.
14. Экспертизанын корутундусунун бир нускасы жана эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын чечими тапшырыкчыга жиберилет.
15. Тапшырыкчы комиссиянын корутундусуна макул болбогон учурда Тапшырыкчы кайталап экспертиза жүргүзүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу, тапшырыкчы өзүнүн макул эместигин жүйөлүү кат менен тариздейт. Ошондой эле Тапшырыкчы "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.
16. Кайталап экспертиза белгиленген ушул Тартипте Комиссиянын жаңы курамы менен жүргүзүлөт.
17. Комиссиянын корутундусу жана ага тиркелген документтер, материалдар эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан туруктуу сакталууга тийиш.