Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ, СПОРТ, ЖАНА ЖАШТАР САясаты МИНИСТРЛИГИ
буйруК
2023-жылдын 7-декабры № 929
Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерине тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу
“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 9-пунктунун 4-пунктчасына ылайык буйрук кылам:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерине тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Басма сөз кызматы бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмү ушул буйрукту “Эркин Тоо” гезитине жарыялоо үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды которуп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгы:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;
2) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо маселелерин тескеген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарына жүктөлсүн.
Министр | А.А.Максутов |