Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-майы № 255
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын асыл тукум субъекти статусун ыйгаруу жана ажыратуу тартибин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 516 "Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында асыл тукум заводдору жана фермалары статусун ыйгаруунун жана ажыратуунун тартибинде:
- 6-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын, ветеринария боюнча мамлекеттик органдардын адистери (каралуучу субъект жайгашкан аймактагы), илимий институттардын окумуштуулары, мал чарбачылыгы чөйрөсүндөгү адистер (тармактык мал чарбачылыгы ассоциацияларынын өкүлдөрү, менчиктин ар кандай формасындагы асыл тукум заводдорунун жетекчилери жана зоотехниктери) - ар бир уюмдан бирден же экиден адис кирет.";
- 7-пунктта:
экинчи абзацтагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Комиссия жыл сайын асыл тукум чарба статусуна ээ субъекттерге мониторинг жүргүзөт, анын жыйынтыгы боюнча алардын асыл тукум статусуна шайкеш келишине карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга корутунду киргизет.";
- 8-пункттагы, 12-пункттун биринчи абзацындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча асыл тукум субъекттеринин алардын статусуна ылайык келбегендиги аныкталган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна статусунан ажыратуу жөнүндө тиешелүү чечимдин долбоорун киргизет.";
- жогоруда аталган Тартиптин 1-тиркемесинде:
"Артыкчылыктуу породалар, породалык топтор" графасынын сегизинчи сабы "эдилбай" деген сөздөн кийин арашан" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган Тартиптин 3-тиркемесинде:
- "эдилбай" деген сөздөн кийин ", арашан" деген сөздөр менен толукталсын;
"асыл тукум заводдорунда" графасында:
"Жалпы башы" сабындагы "1000" деген цифралар "500" деген цифраларга алмаштырылсын;
"а.и. тубар кой" сабындагы "700" деген цифралар "350" деген цифраларга алмаштырылсын;
"Кочкорлор" саптарындагы "30" деген цифралар "15" деген цифраларга алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Тартиптин 4-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Жылкылардын породалык жана азыктык сапаттарын баалоо үчүн минималдуу ТАЛАПТАР
Жаңы кыргыз, аргын жылкы породалары
Негизги критерийлер | Үйүрдөгү малдын көрсөткүчтөрү | |
асыл тукум заводдорунда | асыл тукум фермаларда | |
Жалпы башы | 50 | 40 |
а.и. тубар бээлер | 30 | 25 |
Айгырлар | 4 | 2 |
Тирүүлөй салмагы, кг: |
|
|
Айгырлар | 420-450 | 400-420 |
Бээлер | 400-420 | 380-400 |
Быштылар 3,5 жаш | 300-340 | 260-280 |
Кунандар 2,5 жаш | 260-280 | 220-240 |
Тай кунандар 1,5 жаш | 240-260 | 200-220 |
Эркек тайлар 6 ай | 160-180 | 140-160 |
Бышты байталдар 3,5 жаш | 300-320 | 250-270 |
Байталдар 2,5 жаш | 250-270 | 210-230 |
Кунан байталдар 1,5 жаш | 230-250 | 200-210 |
Ургаачы тайлар 6 ай | 160-180 | 140-160 |
Кулундун туулушу 100 бээге, % | 75,0 | 70,0 |
Таза кандуу минги, орустун таскактуу жылкы породалары
Негизги критерийлер | Үйүрдөгү малдын көрсөткүчтөрү | |
асыл тукум заводдорунда | асыл тукум фермаларда | |
Бээлер | 30 | 20 |
Айгырлар | 2 | 2 |
Тирүүлөй салмагы, кг: |
|
|
Айгырлар | 410-430 | 400-420 |
Бээлер | 400-420 | 370-400 |
Быштылар 3,5 жаш | 350-380 | 250-280 |
Кунандар 2,5 жаш | 330-350 | 220-240 |
Тай кунандар 1,5 жаш | 310-320 | 200-220 |
Эркек тайлар 6 ай | 160-180 | 140-160 |
Бышты байталдар 3,5 жаш | 300-320 | 260-280 |
Байталдар 2,5 жаш | 260-280 | 210-230 |
Кунан байталдар 1,5 жаш | 230-250 | 200-210 |
Ургаачы тайлар 6 ай | 150-160 | 140-160 |
Кулундун туулушу 100 бээге, % | 65,0 | 60,0 |
".