Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 27-декабры № 213
«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене
«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берененин 1-пункту «булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү» деген сөздөрдөн кийин «жана микрогенерациялоочу объекттерден электр энергиясын сатууну» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 2-январындагы № 1 (3554) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 29-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |