МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 27-декабрындагы № 213 «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция27.12.2023 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 27-декабры № 213

«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене

 

«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

15-берененин 1-пункту «булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү» деген сөздөрдөн кийин «жана микрогенерациялоочу объекттерден электр энергиясын сатууну» деген сөздөр менен толукталсын.

 

2-берене

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 2-январындагы № 1 (3554) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

2023-жылдын 29-ноябрында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган