Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-декабры № 655
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 364 "Атайын декларацияны берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Декларациялоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана купуялуулугун сактоо максатында, "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 364 "Атайын декларацияны берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- 1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Активдер жөнүндө атайын декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү, атайын декларациялардын реестрин жүргүзүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;";
- 3-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин атайын декларацияларды күбөлөндүргөн декларанттар атайын декларацияны ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык тартипте жана формада күбөлөндүргөнгө укуктуу.
Атайын декларацияны ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык тартипте жана формада күбөлөндүрүүдө ушул токтом күчүнө киргенге чейин күбөлөндүрүлгөн атайын декларация ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан декларанттын катышуусунда жок кылынат.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3547) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
|
Активдер жөнүндө атайын декларацияларды
толтуруу, күбөлөндүрүү жана Активдер жөнүндө
атайын декларациялардын реестрин жүргүзүү
ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын активдер жөнүндө атайын декларацияларды толтуруу, ошондой эле Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестрин жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте пайдаланылуучу түшүнүктөр "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында кандай мааниде пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат:
1) активдер - атайын декларация берилген күнгө карата менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси декларант болуп саналган мүлк жана мүлктүк укуктар (анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, банктык эсептердеги акча каражаттары, Кыргыз Республикасындагы жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары накталай акча каражаттары, баалуу кагаздар, виртуалдык активдер, Кыргыз Республикасындагы коммерциялык уюмдардын жана/же чет өлкөлүк уюмдардын уставдык капиталына жана мүлкүнө катышуу үлүштөрү (пайлары);
2) декларациялоо объекттери - декларациялоо субъектине таандык, Кыргыз Республикасынын аймагында жана/же анын чегинен тышкары жайгашкан, мурда декларацияланбаган жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте декларантка таризделбеген жана/же башка жакка таризделген, ошондой эле бул мүлккө укуктарды алуу жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн наркы боюнча декларациялоо субъекти тарабынан таризделген, сатып алуунун иш жүзүндө төлөнгөн (реалдуу) наркынан айырмаланган активдер;
3) декларациялоо субъекттери - Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана башка мамлекеттин жарандыгы бар, бирок Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартпаган Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаты бар адамдар, кайрылмандар;
4) декларант - "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте атайын декларацияны күбөлөндүрүү үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылган декларациялоо субъекти;
5) атайын декларация - жеке катар номери бар жана декларант тарабынан ага таандык активдерди декларациялоо фактысын жана акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун ырастаган так отчеттуулуктагы документ;
6) активдерди декларациялоо - ыйгарым укуктуу кызмат адамында атайын декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү жолу менен активдерди ыктыярдуу декларациялоо менен байланышкан декларанттын иш-аракеттери;
7) ыйгарым укуктуу кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын мамлекеттик нотариустары, ''Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жеке жактын активдери жөнүндө атайын декларацияны күбөлөндүрүүчү нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуктуу Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин жана башка мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдары;
8) декларациялоо мөөнөтү - "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган, жеке жактар өз активдерин декларациялоо үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрыла алган мезгил аралыгы;
9) Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестри - ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан түзүлүүчү жана жүргүзүлүүчү реестр, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын жеке катар номери, декларацияланган датасы, декларанттын жеке маалыматтары, ошондой эле кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын бузулгандыгы же жоголгондугу жөнүндө маалымат;
10) декларациялык босого – 100 000 000 (жүз миллион) сомдон ашкан кирешелердин жана мүлктүн наркынын жыйынды суммасы;
11) декларациялык төлөм - декларациялоо босогосунан ашкан суммага карабастан "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык декларациялоо субъекттери тарабынан бир жолу төлөнүүчү 1 000 000 (бир миллион) сом;
12) активдердин номиналдык ээси - активдердин иш жүзүндөгү ээсинин кызыкчылыгында жана/же анын тапшырмасы боюнча активдердин менчик ээсинин (ээлик кылуучунун) укуктарын жүзөгө ашырган жак;
13) активдердин иш жүзүндөгү ээси - активдердин номиналдык ээси активдердин менчик ээсинин (ээсинин) укуктарын анын кызыкчылыгында жана/же тапшырмасы боюнча жүзөгө ашырган декларант;
14) жеке маалыматтар - декларанттын фамилиясы, аты, атасынын аты, ИСН (ИЖН), жашаган/катталган жери, декларанттын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары: документтин сериясы, номери, ким тарабынан берилген, берилген датасы.
2-глава. Активдер жөнүндө атайын декларацияны
толтуруу жана күбөлөндүрүү тартиби
3. Активдер жөнүндө атайын декларация ыйгарым укуктуу кызмат адамында болот жана декларант тарабынан төмөнкү документтер берилген учурда ага таандык активдерди легалдаштырууга ниеттенген декларантка берилет:
1) декларанттын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ;
2) мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
3) эгерде декларациялануучу активдердин наркы декларациялык босогодон ашып кетсе, декларациялык төлөмдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.
4. Активдер жөнүндө атайын декларация мыйзамдарда белгиленген тартипте берилген ишеним кат боюнча аракеттенген декларанттын жеке өзү же анын өкүлү тарабынан бир нускада төмөнкүдөй тартипте толтурулат:
- "Бланкты берген жана активдер жөнүндө атайын декларацияны күбөлөндүргөн органдын аталышы" деген сапта активдер жөнүндө атайын декларацияны күбөлөндүргөн, декларанттын жашаган же катталган жери боюнча мамлекеттик нотариалдык конторанын же активдер жөнүндө атайын декларацияны күбөлөндүргөн нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укугу бар Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин жана башка мамлекеттик мекемелердин аталышы көрсөтүлөт;
- "Декларанттын фамилиясы, аты, атасынын аты" деген сапка декларанттын фамилиясы, аты, атасынын аты толук көрсөтүлөт;
- "Декларанттын ИСН (ИЖН)" деген сапта калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылган, декларанттын идентификациялык салык номери же идентификациялык жеке номери көрсөтүлөт;
- "Жашаган жери же катталган жери" деген сапта декларанттын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документке ылайык эсептик каттоонун дареги көрсөтүлөт;
- "Декларанттын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары" деген тиешелүү саптарда документтин түрү, сериясы, номери, берилген күнү жана декларанттын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти берген мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт;
- "Декларациялануучу актив(дер)" деген сапта декларацияланып жаткан активдин аталышы, саны, активди идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтар, активдин наркы жана эгерде актив кыймылдуу, кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар жана юридикалык жактын мүлкүндөгү үлүш түрүндө декларацияланып жатса, активдин номиналдык ээси ким экендиги көрсөтүлөт. Эгерде акча каражаттары декларацияланып жатса, анда декларацияланып жаткан акча каражаттарынын валютасы жана суммасы көрсөтүлөт.
5. Активдер жөнүндө атайын декларацияны толтурууда оңдоолорго, кырып өчүрүүлөргө жана сызып оңдоолорго, арифметикалык каталарга жол берилбейт.
6. Декларант тарабынан активдерди декларациялоо билдирүү мүнөзүндө болот жана активдер жөнүндө атайын декларацияны толтурууда декларант ыйгарым укуктуу кызмат адамына декларацияланып жаткан активдерге укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтерди бербейт.
7. Декларант активдер жөнүндө атайын декларация толтурулгандан кийин аны толтуруунун тууралыгын, ошондой эле анын күбөлөндүрүүчү жазуусун текшерүү үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына берет.
8. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы күбөлөндүрүү жазуусун тапшыруу алдында декларант тарабынан активдер жөнүндө атайын декларациянын туура толтурулгандыгын текшерет жана андан кийин активдер жөнүндө атайын декларациянын "Ыйгарым укуктуу кызмат адамынын күбөлөндүрүү жазуусу" деген сабында төмөнкүдөй мазмундагы жазуу жазат:
"Жазуулар жасалган жыл, ай, дата. Мен, (кызмат орду, ыйгарым укуктуу кызмат адамынын Ф.А.А.) муну менен активдер жөнүндө атайын декларация толтурулгандыгын жана менин катышуумда (декларанттын Ф.А.А) кол коюлгандыгын, активдер жөнүндө атайын декларацияга кол койгон адамдын ким экендиги аныкталгандыгын ырастайм.
________________ реестринде катталды
___________ мамлекеттик алым алынды
________ декларациялык төлөм төлөндү
Гербдүү мөөрдү басуу менен ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу".
9. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы активдер жөнүндө атайын декларацияны берүүдөн же аны күбөлөндүрүүдөн баш тартууга төмөнкү учурларда укуктуу:
1) инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ берилбегенде;
2) мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбегенде;
3) декларанттын активдер жөнүндө атайын декларациядагы жеке маалыматтары анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ менен дал келбегенде;
4) "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурда декларациялык төлөмдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбегенде;
5) эгерде декларант изделип жаткан адамдардын улуттук жана эл аралык тизмелерине жана санкциялык тизмектерге киргизилгенде;
6) "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонулбаган активдер болгондо.
10. Активдер жөнүндө атайын декларация мамлекеттик жана/же расмий тилдерде толтурулат жана күбөлөндүрүлөт.
11. Эгерде активдер жөнүндө атайын декларация бир нече өзүнчө барактарда толтурулса, алар боо өткөрүлүп байланууга, алардын барактарына номер коюлууга тийиш. Боо өткөрүлгөн барактардын саны гербдүү мөөрдү тиркөө менен ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу менен күбөлөндүрүлөт.
12. Күбөлөндүрүлгөн активдер жөнүндө атайын декларация жоголгон же бузулган учурда ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан активдер жөнүндө жаңы атайын декларация берилет, анын төлөнгөндүгү да квитанция менен ырасталууга тийиш.
Декларант активдер жөнүндө жаңы атайын декларацияны толтурууга жана ыйгарым укуктуу кызмат адамына декларациялоо мөөнөтү аяктаганга чейин ушул Тартипте белгиленген тартипте берүүгө укуктуу.
Активдер жөнүндө бузулган атайын декларация ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан декларанттын катышуусунда Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестринде чагылдыруу менен жок кылынат.
13. Декларант активдер жөнүндө атайын декларацияны алган күнү активдер жөнүндө атайын декларацияны күбөлөндүргөн ыйгарым укуктуу кызмат адамынан анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн да ыйгарым укуктуу кызмат адамында калтырбастан алууга укуктуу.
14. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы, башка мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан активдер жөнүндө атайын декларациядан декларанттын макулдугусуз көчүрмөлөрдү алууга тыюу салынат.
3-глава. Активдер жөнүндө атайын декларациялардын
реестрин жүргүзүү тартиби
15. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы декларанттын катышуусунда активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестрине төмөнкү маалыматтарды киргизет:
- 1-графада активдер жөнүндө атайын декларациянын жеке катар номери көрсөтүлөт;
- 2-графада активдер жөнүндө атайын декларация толтуруу датасы көрсөтүлөт;
- 3-графада активдер жөнүндө атайын декларация берген адамдын жеке маалыматтары көрсөтүлөт (декларанттын фамилиясы, аты, атасынын аты толугу менен көрсөтүлөт; калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылган декларанттын идентификациялык салык номери же идентификациялык жеке номери (декларанттын ИСН (ИЖН); декларанттын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документке ылайык эсептик каттоо дареги; декларанттын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин сериясы, номери, берилген датасы жана берген мамлекеттик органдын аталышы);
- 4-графада атайын декларациянын бузулгандыгы же жоголгондугу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
16. Активдер жөнүндө атайын декларацияда камтылган активдер тууралуу маалыматтар Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестрине киргизилбейт.
17. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан жасалган нотариалдык иш-аракет ал тарабынан Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестринде гана катталат.
4-глава. Пайдаланылбаган, бузулган активдер жөнүндө
атайын декларацияларды сактоо, жок кылуу, ошондой эле
Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестрин сактоо тартиби
18. Активдер жөнүндө атайын декларацияларды так отчеттуулуктагы документ катары ыйгарым укуктуу кызмат адамына өткөрүп берүүнүн жана жок кылынууга тийиш болгон активдер жөнүндө атайын декларацияларды кайтарып берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги) тарабынан аныкталат.
19. Активдер жөнүндө атайын декларациялар жана Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестри күйбөгөн темир ящиктерде (сейфтерде) сакталат, алар активдер жөнүндө атайын декларацияны күбөлөндүргөн ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан мөөрлөнүп бекитилет же пломбаланат.
20. Активдер жөнүндө атайын декларациялар ушул Тартипте каралган тартипте жок кылынганга чейин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын жайларында сакталат.
21. Пайдаланылбаган, ошондой эле сактоодо, толтурууда, өндүрүштүк жараксыздыкта бузулгандыктын кесепетинен пайдаланылбаган атайын декларациялар Юстиция министрлигинин буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан жок кылынууга тийиш.
22. Активдер жөнүндө атайын декларацияларды жок кылуу боюнча комиссия комиссиянын төрагасынан жана анын 5 адамдан кем эмес мүчөлөрүнөн турат.
23. Ыйгарым укуктуу кызмат адамдары актыны түзүүдө жараксыз, пайдаланылбаган активдер жөнүндө атайын декларациялардын ичинен жок кылууга берилгендердин жана бузулгандардын жалпы санын, активдер жөнүндө ар бир атайын декларациянын жеке катар номерин көрсөтөт.
24. Активдер боюнча атайын декларацияны жок кылуу боюнча комиссия активдер боюнча атайын декларацияны өрттөө, майдалоо же башка алгылыктуу жолдор менен жок кылуунун убактысын, ордун жана жолдорун аныктайт.
25. Жок кылуу алдында активдер жөнүндө атайын декларацияларды жок кылуу боюнча комиссия жок кылынуучу активдер жөнүндө атайын декларациялардын санын эсептейт жана активдер жөнүндө атайын декларациялардын катар номерлерин салыштырат, ушул Тартиптин тиркемесине ылайык эки нускада активдер жонүндө атайын декларацияларды жок кылуу жөнүндө акт түзөт, ага активдер жөнүндө атайын декларацияларды жок кылуу боюнча комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коёт жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
26. Так отчеттуулуктагы бланктарды жок кылуу активдер жөнүндө атайын декларацияларды жок кылуу боюнча комиссиянын катышуусунда жүзөгө ашырылат.
27. Колдонулбаган активдер жөнүндө атайын декларацияларды каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин жана Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестри ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан белгиленген тартипте Юстиция министрлигине кайтарылып берилүүгө тийиш.
28. Юстиция министрлигине караштуу так отчеттуулуктагы бланктарды жок кылуу боюнча комиссия пайдаланылбаган декларациянын бланктарын белгиленген тартипте жок кылууга милдеттүү.
29. Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестрлери мамлекеттик архивге тапшырылганга чейин Юстиция министрлигинин архивинде 10 жыл сакталат.
30. Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестрине номер коюлуп, боо өткөрүлүп байланып жана мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
| Активдер жөнүндө атайын декларацияларды толтуруу, күбөлөндүрүү жана Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестрин жүргүзүү тартибине тиркеме |
Активдер жөнүндө атайын декларацияны жок кылуу АКТЫ
Дата _____________________________
Жок кылуу орду _____________________________________________________________________ Жок кылынууга тийиш болгон активдер жөнүндө атайын декларациялар ______________________
Жок кылынууга тийиш болгон активдер жөнүндө атайын декларациялардын жалпы саны, номерлери менен _________________________________________________________________________________ (бланктардын жалпы саны көрсөтүлөт) Жок кылуу ыкмасы ____________________________________________________________________ Жок кылынган активдер жөнүндө атайын декларациялардын саны, номерлери менен ____________
Комиссиянын төрагасы: Комиссиянын мүчөлөрү: |
". |
".
| 2-тиркеме |
|
№ 000000
Бланкты берген жана активдер жөнүндө атайын декларацияны күбөлөндүргөн органдын аталышы ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________
Активдер жөнүндө атайын декларация (жалгыз нуска)
Декларанттын фамилиясы, аты, атасынын аты: ______________________________________________________________________________________ декларанттын ИСН (ИЖН): ______________________________________________________________ катталган/жашаган жери: __________________________________________________________ Декларанттын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары: Документтин түрү __________________, сериясы _____________________, Номери ________________ Берилген датасы _____________________, документти берген орган _____________________________ ____________________________________________________________________________________
Декларациялануучу актив(дер): (активдин аталышы, саны, активди идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтар, активдин наркы, активдин номиналдык ээси (акча каражаттарынан тышкары) көрсөтүлөт ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________
Декларанттын Ф.А.А. жана колу: ______________________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________________ Ыйгарым укуктуу кызмат адамынын күбөлөндүрүү жазуусу:
|
". |