Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 27-декабры ПТ № 273
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жободо:
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Бош кызмат орундарына дайындоо жөнүндө чечим тиешелүү түрдө кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүм тарабынан белгиленген тартипте таризделет.
Президенттин Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн, Мамлекеттик катчыны, Коопсуздук кеңешинин катчысын, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү, Президенттин басма сөз-катчысын, кеңешчилерин, атайын өкүлдөрүн, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктерин, өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин (сектор башчысын кошпогондо), республикалык маанидеги шаарлардын мэрлерин, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдери Президенттин Жарлыгы менен таризделет.
Президенттин жардамчыларын, Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчилерин жана жардамчыларын, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарларын (биринчи орун басарын кошкондо), Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысын, Президенттин Администрациясынын өз алдынча секторунун башчысын, Президенттин Администрациясынын бөлүм башчысы - башкармалыктын начальнигинин орун басарын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин, Президенттин карамагындагы мамлекеттик органдардын жетекчилерин, коргоо, коомдук тартипти жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын, райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчыларын - акимдерин, облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдер Президенттин тескемеси менен таризделет.
Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдүн (бөлүмдөр, секторлор) жетекчилерин (башкармалыктын начальнигинин орун басары кызмат ордун айкалыштырган бөлүм башчыларды кошпогондо) жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башка кызматкерлерин кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдер Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемеси менен таризделет.
Министрлер Кабинетинин номенклатурасына кирген кызмат адамдарын кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдер Министрлер Кабинетинин тескемеси менен таризделет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын кеңешчилерин жана жардамчыларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын коомдук башталыштагы кеңешчилерин жана жардамчыларын, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын номенклатурасына кирген кызмат адамдарын кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдер Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен таризделет.".
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |