|
| Кыргыз Республикасынын Министрлердин Кабинетинин 2023-жылдын 23-декабрындагы № 733 токтомуна 7-тиркеме |
Жеке нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун жайына карата талаптар, аларды каттоо тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жеке нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун жайына карата талаптар, аларды каттоо тартиби “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана жеке нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун жайына карата коюлуучу критерийлерди, аларды каттоо тартибин (мындан ары – талаптар) аныктайт.
2. Жеке нотариалдык кеңсе (мындан ары – кеңсе), нотариалдык бюро (мындан ары – бюро) юридикалык жак болуп саналбайт.
3. Жеке нотариус (мындан ары – нотариус) нотариалдык ишти жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнө ылайык белгиленген нотариалдык округдун чегинде бир кеңсеге ээ болууга милдеттүү.
4. Эки жана андан ашык жеке нотариус бюрону түзө алат. Бюронун ишин жана ишмердигин уюштуруу үчүн нотариустар бюронун иш тартибин, анын иш графигин, ар бир нотариустун иш графигин, архивдик нотариалдык документтерди сактоо тартибин жана бюронун ишине байланыштуу башка маселелерди аныктаган келишим түзүүгө милдеттүү.
5. Бир бюронун нотариустары нотариалдык ишти жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасында административдик-аймактык түзүлүшүнө ылайык белгиленген бир нотариалдык округдун аймагындагы бир имаратта нотариалдык бюрону ачууга укуктуу.
6. Кеңсени, бюрону каттоо күбөлүгүндө белгиленген нотариалдык округдун чегинен тышкары жайгаштырууга жол берилбейт.
7. Кеңсе же бюро мамлекеттик нотариалдык кеңсе иштеген имаратка жайгаштырылышы мүмкүн эмес.
8. Кеңсе, бюро нотариалдык иштин ачык мүнөзүн, анын ичинде жарандардын жана юридикалык жактардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздоого тийиш.
2. Кеңсеге жана бюрого талаптар
9. Кеңсе, бюро турак эмес жайлардын категориясына кирген капиталдык курулуш имаратында жайгашууга, өрт жана электр коопсуздугунун талаптарына, санитардык ченемдерге жана эрежелерге ылайык келүүгө тийиш. Кеңсенин жана бюронун жайларынын болушу жана белгиленген талаптарга ылайык келиши тиешелүү органдардын адистеринин корутундулары, ошондой эле юстициянын аймактык органынын корутундусу менен ырасталат.
10. Кеңсенин же бюронун жайы нотариустун кабинетинен, келүүчүлөр үчүн кабылдамадан турушу керек, тиешелүү эмерек, уюштуруу техникасы, энчилүү мөөрдү, штамптарды, акча каражаттарын сактоо үчүн сейф, нотариалдык документтерди сактоо үчүн бекитилүүчү металл шкафтар менен жабдылууга тийиш.
11. Имараттын биринчи кабатында жайгашкан кеңсенин же бюронун жайынын терезелеринде металл торчолору болушу керек, кыймылдын электрондук датчиктери же күзөт агенттиги менен келишим болгон учурларды кошпогондо.
12. Кеңсени, бюрону турак жайга, жер төлөдөгү жайларга, жер алдындагы өтмөктөргө, киоскторго, павильондорго, контейнерлерге, паркингдерге жана башка убактылуу курулуштарга, курулмаларга жайгаштырууга жол берилбейт.
13. Кеңсе аянты 10 кв. м кем эмес нотариустун кабинетинен, архивдик нотариалдык документтерди сактоо үчүн жайдан, ошондой эле жарандар жана юридикалык жактар үчүн кабылдамасынан турууга тийиш.
14. Бюродо ар бир нотариустун аянты 10 кв. м кем эмес өзүнчө кабинети, жарандар жана юридикалык жактар үчүн жалпы кабылдама же кабылдама, нотариалдык бюродо нотариустардын саны боюнча архивдик нотариалдык документтерди сактоо үчүн жай болууга тийиш.
15. Кеңсе, бюро коридорду жарандар жана юридикалык жактар үчүн кабылдама (жай) катары пайдалана алат, эгерде анын туурасы 1,2 метрден кем эмес, узундугу 10 м болсо; узундугу 10 м ашык болсо 1,5 метрден кем эмес жана коридордун узундугуна карабастан 2,4 м кем эмес.
16. Архивдик нотариалдык документтерди сактоо үчүн өзүнчө жай болбогон учурда нотариустун кабинетинин аянты 12 кв. м кем болууга тийиш, мындай учурда архивдик нотариалдык документтерди бекитилүүчү металл шкафтарда же ящиктерде сактоого жол берилет.
17. Эгерде нотариустун жардамчысы (жардамчылары) болсо, анда ар бирине кошумча 6 кв. м аянт керек.
18. Нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн нотариустун кабинети нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүнүн жашыруундуулугунун сакталышын камсыздоого тийиш.
19. Көрнөктөгү кеңсенин, бюронун аталышы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен аткарылат.
20. Кеңсенин же бюронун жарандар жана юридикалык жактар үчүн кабылдамасында көрүнүктүү жерде нотариус жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты, жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын көчүрмөсү), Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасынын телефон номерлери, нотариустун(тардын) телефондорунун номерлери, нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн мамлекеттик алымдын ставкаларынын өлчөмдөрү алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жайгаштырылат.
3. Кеңсенин жана бюронун каттоо тартиби
21. Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө лицензияны (мындан ары – лицензия) алгандан кийин бир айдын ичинде нотариус(тар) кеңсени, бюрону каттоого милдеттүү.
22. Кеңсени, бюрону каттоо нотариустун(тардын) арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары – Министрлик) тарабынан ушул талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
Каттоо жөнүндө жазуу кеңсени, бюрону каттоонун электрондук реестрлеринде (мындан ары текст боюнча – электрондук реестр) Министрликтин кеңсени же нотариалдык бюрону каттоо жөнүндө буйругунун негизинде ушул талаптын 1, 2-тиркемелерине ылайык жүргүзүлөт.
23. Электрондук реестрлер кеңсенин, бюронун каттоосун ырастоо максатында жүргүзүлөт.
24. Кеңсенин, бюронун катталгандыгын ырастоочу документ болуп каттоо күбөлүгү саналат.
Каттоо күбөлүктөрүнүн үлгүлөрү Министрлик тарабынан бекитилет.
25. Каттоо күбөлүгү жарандардын кайрылууларынын тартибин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык Министрлик тарабынан берилет.
26. Кеңсени каттоого арыз төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) нотариустун байланыш маалыматтары (телефон номери, электрондук почтанын дареги);
3) нотариустун инсандыгын ырастоочу документтин реквизиттери;
4) лицензиянын реквизиттери;
5) нотариалдык округдун аталышы;
6) кеңсенин дареги.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) лицензиянын көчүрмөсү;
2) тиешелүү органдардын жана кызматтардын кеңсени санитардык ченемдерге жана эрежелерге, өрт жана электр коопсуздугунун талаптарына ылайык келүү актылары же корутундулары;
3) юстициянын аймактык органынын корутундусу;
4) ижара (субижара) укугун ырастаган документтин көчүрмөсү же башка укук белгилөөчү документ (сатып алуу-сатуу келишими, алмашуу, белекке берүү, ссуда ж.б.), техникалык паспорттун көчүрмөсү;
5) жайдын сүрөтү;
6) кесиптик жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандыруу келишими.
27. Бюрону каттоого арыз төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) нотариустардын фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) нотариустардын байланыш маалыматтары (телефон номерлери, электрондук почта дареги);
3) нотариустардын инсандыгын ырастаган документтердин реквизиттери;
4) лицензиялардын реквизиттери;
5) нотариалдык округдун аталышы;
6) бюронун дареги.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) бюрону түзүү жөнүндө нотариустардын ырасталган келишими;
2) лицензиялардын көчүрмөлөрү;
3) бюронун тиешелүү органдардын жана кызматтардын санитардык ченемдерге жана эрежелерге, өрт жана электр коопсуздугунун талаптарына ылайык келүү актылары же корутундусу;
4) юстициянын аймактык органынын корутундусу;
5) ижара (субижара) укугун ырастаган документтердин көчүрмөсү же башка укук белгилөөчү документ (сатып алуу-сатуу келишими, алмашуу, белекке берүү, ссуда ж.б.), техникалык паспорттун көчүрмөсү;
6) жайдын сүрөтү.
28. Бюронун аталышы Министрлик тарабынан ыйгарылуучу каттоо номерди жана бюро жайгашкан аймактагы администрациялык-аймактык бирдиктин аталышын камтыйт.
Бюронун аталышында номерди ыйгаруу ирети менен жүргүзүлөт, мындай номерлерди электрондук реестрде өткөрүп жиберүүгө жана кайталоого жол берилбейт. Өз ишин токтоткон бюронун аталыштары жаңыдан түзүлгөн бюрого ыйгарылбайт.
29. Кеңсенин каттоо күбөлүгү төмөнкү учурларда кайра таризделүүгө тийиш:
1) нотариалдык округ өзгөргөндө;
2) дарек өзгөргөндө;
3) нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндө.
30. Ушул талаптардын 29-пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер пайда болгондо нотариус Министрликке каттоо күбөлүгүн кайра тариздөө жөнүндө арызга ушул талаптардын 26-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен негиздер пайда болгон күндөн тартып жети жумуш күндөн кечиктирбестен кайрылууга милдеттүү.
31. Ушул талаптардын 29-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн негиз пайда болгондо нотариус Министрликке каттоо күбөлүгүн кайра тариздөө жөнүндө арызга ырастоочу документтерди тиркөө менен кайрылууга милдеттүү.
32. Бюронун каттоо күбөлүгү төмөнкүдөй учурларда кайра таризделүүгө тийиш:
1) нотариалдык аймак өзгөргөндө;
2) дарек өзгөргөндө;
3) бюронун курамы өзгөргөндө, нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндө.
33. Ушул талаптардын 32-пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер пайда болгондо бюро Министрликке каттоо күбөлүгүн кайра тариздөө жөнүндө арызга ушул талаптардын 27-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен негиздер пайда болгон күндөн тартып жети жумуш күндөн кечиктирбестен кайрылууга милдеттүү.
34. Бюронун курамы өзгөргөндө, нотариустун(тардын) фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндө бюро Министрликке каттоо күбөлүгүн кайра тариздөө жөнүндө арызга ырастоочу документтерди тиркөө менен кайрылууга милдеттүү.
35. Каттоо күбөлүгү жоголгондо же бузулганда кеңсе же бюро жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде каттоо күбөлүгүнүн дубликатын алууга укуктуу.
Каттоо күбөлүгү бузулган учурда арызга каттоо күбөлүгүнүн бузулган бланкы да тиркелет.
36. Каттоо күбөлүгүнүн жоголгон же бузулган бланкы арыз берилген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.
37. Министрлик арыз берилген күндөн тартып он төрт жумуш күндүн ичинде жогорку оң бурчунда “Дубликат” деген жазуусу бар каттоо күбөлүгүнүн дубликатын берет.
38. Каттоо күбөлүгүн алгандан кийин нотариус бир айлык мөөнөттө нотариалдык ишти жүргүзүүгө киришүүгө милдеттүү.
39. Кеңсени каттоо күбөлүгү Министрликтин чечими менен жокко чыгарылууга тийиш:
1) эгерде нотариус бир айдын ичинде нотариалдык ишти жүргүзүүгө киришпесе;
2) каттоо күбөлүгүндө жана электрондук реестрде көрсөтүлгөн дарек боюнча кеңсе иш жүзүндө жок болсо.
40 Бюронун каттоо күбөлүгү Министрликтин чечими менен жокко чыгарылууга тийиш:
1) эгерде бир айдын ичинде нотариустар нотариалдык ишти жүргүзүүгө киришпесе;
2) каттоо күбөлүгүндө жана электрондук реестрде көрсөтүлгөн дарек боюнча бюро иш жүзүндө жок болсо.
41. Кеңсе лицензияны чакыртып алган же колдонулушу токтотулган күндөн тартып жоюлат.
42. Бюро бир айдын ичинде бюрону түзбөгөн бир нотариус курамда калганда жоюлат.
43. Каттоо күбөлүктөрүн толтурууда бузулган бланктар аларды кайталап пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган каражаттар жана ыкмалар менен жок кылынат, бул жөнүндө комиссия тарабынан тиешелүү актылар түзүлөт, анын курамы Министрлик тарабынан аныкталат.
1-тиркеме
ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ МИНИСТЕРСТВО ЮСТИЦИИ
№ КК______ Жеке нотариалдык кеңсени каттоо жөнүндө
КАТТОО КҮБƟЛΥГΥ № ____ (регистрационное удостоверение о регистрации частной нотариальной конторы № ________)
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө уруксат берген ______ жылдын «___» _____________ лицензиясынын негизинде берилди. Жеке нотариустун нотариалдык округунун жайгашкан жерин аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин _____ -жылдын «___» ________ № ____ буйругунун негизинде ( ________________________) берилди.
(выдано на основании лицензии Министерства юстиции Кыргызской Республики на право занятия частной нотариальной деятельностью от «___» _________ _____ года). (выдано на основании приказа Министерства юстиции Кыргызской Республики от «__» _________ _____ года об определении местонахождения нотариальной конторы частного нотариуса).
_____________________________________________________________
______________________________________ нотариалдык округунда (в нотариальном округе)
________________________________________________дареги боюнча (по адресу)
_____________________________ _______________ жетекчи (руководитель) (ф.а.а.)
2-тиркеме
ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ МИНИСТЕРСТВО ЮСТИЦИИ
№ КК _______ Нотариалдык бюрону каттоо жөнүндө
КАТТОО КҮБƟЛΥГΥ № ____ (регистрационное удостоверение о регистрации нотариального бюро № ________)
Нотариустардын нотариалдык бюронун жайгашкан жерин аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин _____ -жылдын «___» ________ № ____ буйругунун негизинде ( ________________________) берилди. (выдано на основании приказа Министерства юстиции Кыргызской Республики от «__» _________ года об определении местонахождения нотариального бюро нотариусов)
Курамында: (в составе:)
1.____________________________________________________________ (ф.а.а.),
_____-жылдын «___» ________ № ____ жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиянын негизинде аракеттенген (действующий (ая) на основании лицензии на право занятия частной нотариальной деятельностью от «___» _________ _____ года);
2.____________________________________________________________ (ф.а.а.),
_____-жылдын «___»________ № ____ жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиянын негизинде аракеттенген (действующий (ая) на основании лицензии на право занятия частной нотариальной деятельностью от «___» _________ _____ года);
3.____________________________________________________________ (ф.а.а.), _____-жылдын «___»________ № ____ жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиянын негизинде аракеттенген (действующий (ая) на основании лицензии на право занятия частной нотариальной деятельностью от «___» _________ _____ года).
_____________________________________________________________
_______________________________________нотариалдык округунда (в нотариальном округе)
________________________________________________дареги боюнча (по адресу)
_________________________ _________________ жетекчи (руководитель) (ф.а.а.) | |||
|
АРЫЗ
Жеке нотариалдык кеңсени округ боюнча дарек аркылуу каттоону: (облус, шаар/район, көчө, үй/кабат/каб.) жана каттоо күбөлүгүн берүүнү (кайра тариздөөнү) суранам.
Тиркемелер:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20__-жылдын “___” ______ №___ токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустарынын нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү тартиби жөнүндө нускамасына ылайык келгендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгынын корутундусу;
– тиешелүү органдардын жана кызматтардын адистеринин кеңсенин санитардык ченемдерге жана эрежелерге, өрт жана электр коопсуздугунун талаптарына шайкештиги актылары;
– юстициянын аймактык органынын адисинин корутундусу;
– Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын актысы (корутундусу);
– Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин актысы (корутундусу);
– ижара (субижара) укугун ырастаган документтин көчүрмөсү же башка укук белгилөөчү документ (сатып алуу-сатуу келишими, алмашуу, белекке берүү, ссуда ж.б.), техникалык паспорттун көчүрмөсү;
– кесиптик жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандыруу келишими;
- лицензиянын көчүрмөсү;
– жайдын сүрөтү.
______________________ _________________
(Ф.А.А.) колу
датасы
|
| Кыргыз Республикасынын юстиция министри ____________________ (Ф.А.А) ____________________ (Ф.А.А.) ____________________ жашаган жеринин дареги ____________________ байланыш маалыматтары |
АРЫЗ
Жеке нотариалдык бюрону округ боюнча юридикалык дарек аркылуу каттоону: (облус, шаар/район, көчө, үй/кабат/каб.) жана каттоо күбөлүгүн берүүнү (кайра тариздөөнү) суранам.
Тиркемелер:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетнин 20__-жылдын “___” ______ №___ токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустарынын нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү тартиби жөнүндө нускамасына ылайык келгендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгынын корутундусу;
- нотариустардын бюро түзүү жөнүндө күбөлөндүрүлгөн келишими;
- лицензиялардын көчүрмөлөрү;
- тиешелүү органдардын жана кызматтардын адистеринин бюрону санитардык ченемдерге жана эрежелерге, өрт жана электр коопсуздугунун талаптарына шайкештиги актылары;
- юстициянын аймактык органынын адисинин корутундусу;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын актысы (корутундусу);
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин актысы (корутундусу);
- ижара (субижара) укугун ырастаган документтин же башка укук белгилөөчү документ (сатып алуу-сатуу келишими, алмашуу, белекке берүү, ссуда ж.б.), техникалык паспорттун көчүрмөсү;
- кесиптик жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандыруу келишими;
- жайдын сүрөтү.
_________________________ _________________
(Ф.А.А.) колу
датасы