Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-декабры № 696
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 22024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесине:
- 6-пунктта "119", "6906" деген цифралар тиешелүү түрдө "122", "6903" деген цифраларга алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүмү жаатындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кызматтын ишин жүзөгө ашырууга чыгымдар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана 2023-2024-жылдары жерди инвентаризациялоо боюнча иштерге кеткен чыгымдарды кошпогондо, Кызматтын атайын эсебинин каражаттарынан каржыланат.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2023-жылдын 26-декабрында www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |