Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-июну № 320
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүмү жаатындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 696, 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары, ошондой эле тиешелүү филиалдары менен функцияларды өткөрүп берүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы ага Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесин кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттун 17-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 6-пунктта:
"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги" деген сапта "7528", "1541" деген цифралар тиешелүү түрдө "7491", "1529" деген цифраларга алмаштырылсын;
"ведомстволук бөлүмдөрү" деген сапта "7257", "1488" деген цифралар тиешелүү түрдө "7220", "1476" деген цифраларга алмаштырылсын;
эскертүүнүн 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пунктча менен толукталсын:
"3-1) атайын эсептерде топтолгон каражаттардан каржылануучу жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин;".
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 1-пунктчасынын бешинчи абзацы жана 5, 6-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы (мындан ары - Кызмат) белгиленген тартипте:
1) кайра уюштурулуучу мекеменин бошотулуучу кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык ишке орноштуруу боюнча чараларды көрсүн;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине кайра уюштурулуучу юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын бекитүүгө ыйгарым укук берилсин.
7. Кызматтын ишин жүзөгө ашырууга чыгымдар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана 2023-2024-жылдары жерди инвентаризациялоо боюнча иштерге кеткен чыгымдарды кошпогондо, Кызматтын атайын эсебинин каражаттарынан каржыланат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 696 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ