Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 29-декабры № 215
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 17-сентябры, № 97) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) расмий тилдеги 1-беренеде "в прокуратуре" деген сөздөр "в органах прокуратуры" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тартипте жана учурларда кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашыруу;";
б) 8-пункт "ушул конституциялык Мыйзамда" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 6-берененин 3-бөлүгүндө "даттануулар болгон учурда ушул конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттердин орун-жайларына тоскоолдуксуз" деген сөздөр "ушул конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттердин орун-жайларына белгиленген тартипте тоскоолдуксуз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 11-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "Башкы прокуратуранын" деген сөздөр "Прокуратура органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 18-берененин 5-бөлүгү "жайгаштыруу" деген сөздөн кийин ", прокуратура органдарынын кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу" деген сөздөр менен толукталсын;
6) расмий тилдеги 24-беренеде "против порядка управления" деген сөздөр алып салынсын;
7) расмий тилдеги 32-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда "против порядка управления" деген сөздөр алып салынсын;
8) 36-берененин 1-бөлүгүндө:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:
"61) кандай гана кылмыш болбосун аны тергөөнү тергөөчүгө же тергөөчүлөрдүн тобуна тапшырууга;";
б) 8-пунктта "мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "ошондой эле коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" жана "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 9-пункт "мыйзамдарында" деген сөздөн кийин "жана башка ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр менен толукталсын;
9) 37-берененин 3-бөлүгү "ошондой эле жалпы статистикалык маалыматтарды түзөт жана" деген сөздөрдөн кийин "белгиленген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;
10) 39-берененин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууда жана пробация колдонууда мыйзамдардын сакталуусу;";
11) 42-берененин 3-бөлүгүндө "Жекече айыптоо ишин кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
12) 54-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун, аскер прокурорунун жана гарнизондун аскер прокурорунун орун басарынын, ошондой эле областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын, аскер прокуратурасынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарына 30 жаштан жаш эмес курактагы, прокурор же прокуратура органдарындагы тергөөчү кызматында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.";
13) 65-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кызматкерлерди аттестациялоону Башкы прокуратуранын жогорку аттестациялык-конкурстук комиссиясы жана аскер прокуратурасынын, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын аттестациялык комиссиялары (мындан ары - комиссия) жүргүзөт.
Башкы прокуратуранын жогорку аттестациялык-конкурстук комиссиясынын курамын Башкы прокурор бекитет, ал эми аскер прокуратурасынын, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын аттестациялык комиссияларынын курамын тийиштүү прокурорлор бекитет.";
14) 68-берененин 1-бөлүгүндө мамлекеттик тилдеги текстинде "класстык чендер" деген сөздөр "наамдар" деген сөзгө алмаштырылсын;
15) 82-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Тартиптик жаза чарасы жасалган жосундун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле жосун жасалган жагдайларды эске алуу менен салынат. Кызматкерди тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселе прокуратура органдарынын коллегиясы тарабынан каралып жаткан учурду кошпогондо, жасалган жосундун оордугу жана мүнөзү, ошондой эле башка жагдайлар тартиптик комиссия тарабынан аныкталат. Тартиптик комиссия өз ишинин натыйжасында жаза чарасынын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө прокуратура органынын жетекчисине сунуш киргизет. Тартиптик комиссияны түзүү жана анын иштөө тартиби Башкы прокурор тарабынан аныкталат.
Прокуратура органдарынын коллегиясы кызматкерди тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароодо ал жасаган жосундун оордугун, мүнөзүн жана аны менен байланышкан башка жагдайларды өз алдынча аныктайт жана тартиптик жаза чарасынын конкреттүү түрүн колдонот.";
16) 84-берененин 1-бөлүгүндө "же соттун чечиминен" деген сөздөр алып салынсын;
17) 85-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "жана мамлекеттик" деген сөздөрдөн кийин "жана (же) муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын;
18) 93-берененин 4-пунктунун "п" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
19) 96-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда "Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин аппараттарына" деген сөздөр "Жогорку Кеңештин Аппаратына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 98-берененин 4-бөлүгүнүн 6-пунктунда "даттануу болгон учурда кызматтык ырастаманы көрсөтүү менен" деген сөздөр "белгиленген тартипте кызматтык ырастаманы көрсөтүү менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-январындагы № 2 (3555) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 27-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |