Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 10-январы № 6
"Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 395-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"турист - акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө укугу жок, ден соолукту чыңдоо, таанышуу, кесиптик-ишкердик, спорттук, диний жана башка максаттарда убактылуу башка өлкөгө (жерге) удаасы менен 6 айга чейинки же бир түндөн кем эмес мөөнөткө келген адам;";
б) мамлекеттик тилдеги төртүнчү абзацта "котормочу-тилмечтердин" деген сөздөр "котормочу-гиддердин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) мамлекеттик тилдеги алтынчы абзацта "иш-аракеттер" деген сөздөр "ишмердүүлүк" деген сөзгө алмаштырылсын;
г) мамлекеттик тилдеги жетинчи абзацта "саякаты же жүрүштөрү" деген сөздөр "саякаттары же жүрүштөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) мамлекеттик тилдеги сегизинчи-онунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"чыгуу туризми - Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адамдардын башка өлкөгө болгон саякаттары же жүрүштөрү;
кирүү туризми - Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган адамдардын Кыргыз Республикасынын чегинде саякаттары же жүрүштөрү;
социалдык туризм - мамлекет тарабынан социалдык муктаждыктарга бөлүнгөн каражаттардан субсидиялануучу саякаттар же жүрүштөр;";
е) мамлекеттик тилдеги он биринчи абзацта "ыкмаларын пайдалануу" деген сөздөр "ыкмаларын колдонуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ж) мамлекеттик тилдеги он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"туристтик өндүрүмдү жылдыруу - туристтик өндүрүмдү ишке ашырууга (жарнама, атайын көргөзмөлөргө, жарманкелерге катышуу, туристтик өндүрүмдү сатуу боюнча туристтик маалымат борборлорун уюштуруу, каталогдорду, китепче-баракчаларды чыгаруу жана башкалар) багытталган чаралардын жыйындысы;";
з) мамлекеттик тилдеги он бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"экскурсиялык ишмердүүлүк - жаратылыш, тарых жана маданият эстеликтери, музейлер жана башкалар менен тааныштыруу максатында күн мурунтан түзүлгөн маршруттар боюнча адис-экскурсоводдун коштоосунда 24 саатка чейинки мөөнөттө саякаттарды уюштуруу боюнча ишмердүүлүк;";
и) мамлекеттик тилдеги он жетинчи абзацта "иш-аракеттерди жүргүзгөн уюмдардын, ошондой эле экскурсиялык кызмат жана котормочу-тилмечтердин" деген сөздөр "ишмердүүлүктү жүргүзгөн уюмдардын, ошондой эле экскурсиялык кызмат жана котормочу-гиддердин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
к) мамлекеттик тилдеги он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"туроператордук ишмердүүлүк - юридикалык жак же жеке ишкер (мындан ары - туроператор) тарабынан жүргүзүлүүчү туристтик өндүрүмдү түзүү, алдыга жылдыруу жана сатуу боюнча ишмердүүлүк;
турагенттик ишмердүүлүк - юридикалык жак же жеке ишкер (мындан ары - турагент) тарабынан жүргүзүлүүчү туристтик өндүрүмдү алдыга жылдыруу жана сатуу боюнча ишмердүүлүк;";
л) мамлекеттик тилдеги жыйырма биринчи абзацта "котормочу-тилмечтин" жана "иш-аракети" деген сөздөр "котормочу-гиддин" жана "ишмердүүлүгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
м) мамлекеттик тилдеги жыйырма үчүнчү абзацта "туристтик иштин" жана "аныктаган документ" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "туристтик ишмердүүлүктүн" жана "макулдашууну тастыктоочу документи" деген сөздөргө алмаштырылсын;
н) статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү-жыйырма жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"туристтик ишмердүүлүктүн субъекттеринин жана туристтик ресурстардын бирдиктүү мамлекеттик реестри - Кыргыз Республикасынын туристтик ишмердүүлүктүн субъекттери жана туристтик ресурстары жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык ресурс;
туруктуу туризм - туризмдин түрү, мында айлана-чөйрөнүн ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу камсыз кылынат, кабыл алуучу коомдоштуктардын социалдык-маданий өзгөчөлүктөрү колдоого алынат, узак мөөнөттүү экономикалык процесстердин натыйжалуулугу жана жашоого ылайыктуулугу камсыз кылынат, ал эми туризмди өнүктүрүүдөн алынган каражаттардын бир бөлүгү туристтик ресурстарды калыбына келтирүүгө жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү технологияларын өркүндөтүүгө багытталат;
туризмди туруктуу өнүктүрүү - узак мөөнөттүү мезгилге багытталган туризмди өнүктүрүү, мында өнүгүүнүн экономикалык, экологиялык, социалдык жана маданий максаттарын ишке ашырууда тең салмактуулукка жетишилет, туристтик ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун жана ар тараптуу өнөктөштүктүн негизинде бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктары эске алынат;
маркетингдик ишмердүүлүк - Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлүүчү туристтик өндүрүмдөргө жана кызмат көрсөтүүлөргө көңүл бурдуруу үчүн атайын иш-чараларды уюштурууга багытталган ишмердүүлүк.";
2) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- туруктуу туризмди өнүктүрүүнү;
- туристтердин коопсуздугун камсыз кылууну;
- маркетингдик иш-чараларды өткөрүүнү, өлкөнүн оң имиджин түзүүнү;
- туристтик инфратүзүмдү өнүктүрүүнү;
- эл аралык стандарттарга ылайык туризмди туруктуу өнүктүрүүнү;
- туризм анын ичинде жер чөйрөсүндө мамлекеттик менчик ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну;
- туризмдин айрым аймактарына, түрлөрүнө жана борборлоруна дифференцияланган мамилени колдонууну.";
3) 4-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги биринчи бөлүктө "иш-аракеттин", "бул шарттардын бузулушу үчүн" деген сөздөр "ишмердүүлүктүн", "анын шарттарын бузгандыгы үчүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) мамлекеттик тилдеги төртүнчү бөлүктүн биринчи жана экинчи сүйлөмдөрүндө "иш", "акыга", "өндүрүп" деген сөздөр "ишмердүүлүк", "акы төлөнүүчү", "төлөп" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"Туристтерди жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.";
4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 41-статья менен толукталсын:
"41-статья. Туристтик ресурстардын жана туристтик ишмердүүлүктүн субъекттеринин бирдиктүү мамлекеттик реестри
Туристтик ресурстардын жана туристтик ишмердүүлүктүн субъекттеринин бирдиктүү мамлекеттик реестри төмөнкүлөрдөн турат:
- Кыргыз Республикасынын туристтик ресурстарынын реестринен;
- туристтик ишмердүүлүктүн субъекттеринин реестринен.
Туристтик ресурстардын реестри жаратылышты коргоо мыйзамдарында каралган айлана-чөйрөгө жол берилген таасирди эске алуу менен туристтик ресурстардын статусу, алардын географиялык абалы, чектери, коргоо режими жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Туристтик ишмердүүлүктүн субъекттеринин реестри Кыргыз Республикасында туристтик кызмат көрсөтүүчү адамдар - туристтик кызмат көрсөтүүчүлөр жөнүндө маалыматты камтыйт. Туристтик ишмердүүлүктүн субъекттерин реестрге киргизүүнү кабарлоо тартибинде ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.
Туристтик ресурстардын жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн субъекттеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";
5) 8-статьяда:
а) биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Туризм чөйрөсүндөгү экономикалык ишмердүүлүк акчалай каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуудан жана туризмдин жаңы материалдык-техникалык базасын түзүүдөн, ошондой эле мамлекеттик бюджетте валюталык кирешелердин көбөйүүсүнөн, туристтик ишмердүүлүктүн субъекттеринин каражаттарын кооперациялоодон, калкты иш менен камсыз кылуудан жана анын ар кандай керектөөлөрүн канааттандырууну камсыз кылуудан турат.";
б) экинчи бөлүктө:
- мамлекеттик тилдеги биринчи абзацта "иш" деген сөз "ишмердүүлүк" деген сөзгө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги экинчи абзацта "продуктуну" деген сөз "өндүрүмдү" деген сөзгө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги үчүнчү абзацта "калыптандыруу" деген сөз "түзүү" деген сөзгө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги төртүнчү абзацта "инфраструктурасын өркүндөтүү" деген сөздөр "инфратүзүмүн жакшыртуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги алтынчы абзацта "жана чет өлкөлүк" деген сөздөр ", кирүүчү жана чыгуучу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- туристтик долбоорлорду ишке ашырууда эл аралык аянтчаларды пайдалануу үчүн туризмди өнүктүрүү маселелери боюнча чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү.";
в) үчүнчү бөлүктө:
- мамлекеттик тилдеги биринчи абзацта "иш" деген сөз "ишмердүүлүктү" деген сөзгө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги экинчи абзацта "ишинен" деген сөз "ишмердүүлүктөн" деген сөзгө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги алтынчы абзацта "көрсөтүүдөн, иш-аракеттин башка түрлөрүнөн" деген сөздөр "көрсөтүүлөрдөн жана ишмердүүлүктүн башка түрлөрүнөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) мамлекеттик тилдеги төртүнчү бөлүктүн биринчи сүйлөмүндө "иш" деген сөз "ишмердүүлүк" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 11-статьяда:
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) мамлекеттик тилдеги текстинде "иш-аракеттин" деген сөз "ишмердүүлүктүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
7) 12-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза, жарандык мыйзамдарында жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте белгиленет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 16-январындагы № 4 (3557) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 30-ноябрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |