ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 703 «Ар жылдык»Жылдын мыкты мугалими«жана»Жылдын мыкты тарбиячысы«республикалык конкурстарын өткөрүү тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 22-декабры № 703

Ар жылдык "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурстарын өткөрүү тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 156 "Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктунун 1-пунктчасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Ар жылдык "Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Ар жылдык "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн татып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-январындагы № 2 (3555) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У . Жапаров