Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-декабры № 731
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун төртүнчү абзацында "2024-жылдын" деген сөздөр "2025-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.Жапаров |