Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 651 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-октябры № 563
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саламаттык сактоону башкаруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60, 2024-жылдын 27-мартындагы № 140, 2024-жылдын 29-мартындагы № 142, 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 153, 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 154, 2024-жылдын 6-июнундагы № 295, 2024-жылдын 7-июнундагы № 297 , 2024-жылдын 13-июнундагы № 310, 2024-жылдын 24-июнундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Саламаттык сактоону башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 60 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 154 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 142 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 331 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 153 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 297 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-июнундагы № 295 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 310 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтунун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтунун уставында:
- 3, 10, 33-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Институттун директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар, жашы 70тен ашпаган адистердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адис жок учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.";
- 21-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
10. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы № 140 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 27-октябрындагы № 86 (3535) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |