Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 355 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институтунун УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 554, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институту (мындан ары - Институт) молекулалык биология жана молекулалык-клеткалык медицина жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик илим-изилдөө уюму болуп саналат.
2. Институттун уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Институттун уюштуруучусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу", "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
5. Институт финансы-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка ээ, обочолонгон мүлкү, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар юридикалык жак болуп саналат. Институт жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктарга жана милдеттерге ээ.
6. Институттун мүлкү ага Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилет.
7. Институт илим-изилдөө ишинин багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, медициналык иштин багыттары боюнча - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине отчет берет.
8. Институттун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институту";
- расмий тилде - "Научно-исследовательский институт молекулярной биологии и медицины при Национальном центре кардиологии и терапии имени академика Мирсаида Миррахимова при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики";
Институттун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде - "МБМИИИ";
- расмий тилде - "НИИМБМ".
9. Институттун жайгашкан жери (юридикалык дареги): 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 3.
10. Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Институттун максаттары жана милдеттери
11. Институттун негизги максаты адамдардын жана жаныбарлардын жашоо тиричилигинин жана ооруларынын молекулалык-биологиялык жана фундаменталдык негиздерин изилдөөнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү болуп саналат.
12. Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) илимий жана илимий-уюштуруу жаатында:
- моногендик жана көп факторлуу оорулардын өрчүшүнүн молекулалык-генетикалык механизмдери, Кыргыз Республикасынын элдеринин популяциялык генетикасы, Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрүнүн генетикалык биотүрлөрү жана жаныбарларынын жергиликтүү тукумдары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- ар түрдүү ооруларды алдын алуунун, аныктоонун жана дарылоонун жаңы илимий жана диагностикалык технологияларын, жогорку натыйжалуу биохимиялык жана молекулалык-генетикалык методдорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- Кыргыз Республикасында молекулалык-клеткалык фундаменталдуу илимди өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды жана программаларды аныктоо боюнча мамлекеттик саясатка көмөк көрсөтүү;
- молекулалык-клеткалык биология жана фундаменталдык медицина маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын окумуштууларынын күч-аракеттерин координациялоо;
- ата мекендик медицина жана биология илимин өнүктүрүүгө, түзүүгө жана практикалоого мүмкүндүк берүүчү эл аралык түз байланыштарды түзүү;
- мамлекеттик жана коомдук, анын ичинен эл аралык уюмдардан изилдөөчүлүк жана башка гранттарды алуу;
- фундаменталдуу медициналык-биологиялык проблемалар боюнча эл аралык, республикалык, региондук программаларга, долбоорлорго жана илим-изилдөө иштерине илимий экспертиза жүргүзүүгө катышуу;
2) билим берүү жана илимий кадрларды даярдоо жаатында:
- молекулалык-генетикалык, биохимиялык жана иммунологиялык изилдөөлөр жаатында изилдөөчүлөр үчүн жумуш орундарын түзүү жана жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жана илим-изилдөө институттарынын, илим-изилдөө институттарынын бакалаврларына, магистранттарына, аспиранттарына жана изденүүчүлөрүнө, ошондой эле чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын жана илим-изилдөө институттарынын изденүүчүлөрүнө молекулалык-клеткалык биология жаатында илим-изилдөө иштерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн берүү;
- айрым илимий маселелерди чечүү же Институттун жаңы илимий багыттарына байланышкан иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн туруктуу же убактылуу илим-изилдөө жамааттарын (анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөштөр менен) белгиленген тартипте түзүү;
- Институттун илимий кызматкерлерине белгиленген тартипте аттестация өткөрүү, түзүмүн өзгөртүү, түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринин функциялык милдеттерине өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- адамдардын жана жаныбарлардын ооруларын диагностикалоо боюнча заманбап талаптарга жооп берген окуу китептерин, колдонмолорду, монографияларды, методикалык колдонмолорду, медициналык-экономикалык стандарттарды иштеп чыгуу жана басып чыгаруу;
- биологиялык жана медициналык факультеттери бар жогорку окуу жайларына келишимдик негизде окуу жана лабораториялык базаларды берүү;
- медицина кызматкерлери жана практикалык багыттагы биологдор үчүн илимий-практикалык конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды, ошондой эле окутуучу тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү.
3-глава. Институттун укуктары жана милдеттери
13. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
- ушул Уставда белгиленгендердин чегинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өз ишинин максаттарына ылайык ага бекитилген мүлккө карата ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашырууга;
- эскирген, жешилген жана пайдаланууга жараксыз илимий жабдууларды, приборлорду, инструменттерди, транспорт каражаттарын, чарбалык жана лабораториялык инвентарларды баланстан эсептен чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз каражаттарынын эсебинен өз имараттарын курууга жана реконструкциялоого, ошондой эле капиталдык оңдоого, курулуш объекттерин жана сатып алынган жабдууларды өз убагында колдонууга киргизүүгө;
- эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн акча каражаттарын кызматкерлерди материалдык сыйлоо үчүн пайдаланууга;
- өз мүлкүнө жана өзүнүн ишинин бардык түрлөрүнөн (анын ичинде эл аралык фонддордон) алынган финансы каражаттарына ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө;
- илимий-өндүрүштүк жана илим-изилдөө иштерин жүргүзүүдөн алынуучу каражаттарды Институттун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө, анын инфратүзүмүн күтүүгө, жаңы илим-изилдөө, диагностикалык технологияларды колдоого, Институттун кызматкерлерин социалдык коргоого жана башка максаттарына жумшоого;
- өз каражаттарын тескөөгө, салыктар жана төлөмдөр боюнча бюджет, банк мекемелери, жеткирүүчүлөр, подрядчылар жана Институттун өтүнмөлөрү боюнча ар түрдүү кызматтарды көрсөткөн башка уюмдар менен өз убагында эсептешүүнү камсыз кылууга;
- эл аралык илим-изилдөө уюмдары, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары жана илимий борборлору менен илим-изилдөө иштерин аткарууга илимий кызматташуу жөнүндө макулдашууларды белгиленген тартипте түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "молекулалык биология" адистиги боюнча жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо үчүн аспирантураны жана клиникалык ординатураны ачууга;
- молекулалык-генетикалык багыттар боюнча илим-изилдөө иштерин аткарууга чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү биоэтикалык комитет түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Институттун илимий кызматкерлерине окумуштуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясына өтүнүч кат берүүгө.
14. Институт өзүнүн максаттарына жана милдеттерине ылайык илим-изилдөө, билим берүү, басма, диагностикалык, өндүрүштүк жана башка иштерди жүргүзүүгө укуктуу. Бул иштерден түшкөн кирешелер жана бул кирешелердин эсебинен сатып алынган мүлк Институттун өз алдынча тескөөсүнө түшөт жана өзүнчө баланста эсепке алынат.
15 Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
- финансы жана материалдык-техникалык каражаттардын сакталышын камсыз кылууга жана аларды өзүнүн ишинде натыйжалуу пайдаланууга;
- бухгалтериялык, статистикалык эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүгө, бухгалтериялык эсептин компьютердик системасын киргизүүгө жана жакшыртууга;
- Институттун толук кандуу иштеши үчүн реактивдер жана башка сарпталуучу материалдар менен материалдык-техникалык камсыздоо боюнча ыкчам иш жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын, эмгекти коргоонун жана коопсуздук техникасынын, социалдык камсыздандыруунун эрежелерин жана ченемдерин, эмгек тартибин сактоого.
16. Институт ага ыкчам башкаруу укугунда таандык болгон мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, менчиктештирүүгө же башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
17. Институттун кызматкерлеринин эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен регламенттелет.
4-глава. Институттун түзүмү
18. Институттун түзүмү окумуштуулар кеңешинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу менен Институттун директору тарабынан бекитилет.
5-глава. Институтту башкаруу
19. Институттун ишин директор жетектейт.
20. Институттун директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар, жашы 70тен ашпаган адистердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адис жок учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
21. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
22. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Институттун директорунун кызмат орду бош болгон учурда анын милдеттерин аткарууну директорунун орун басарына үч айдан ашык эмес мөөнөткө жүктөйт.
23. Институттун директорунун орун басары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча Институттун директору тарабынан дайындалат.
24. Институттун директорунун орун басары менен түзүлгөн эмгек келишими аяктаган мөөнөт Институттун директорунун ыйгарым укуктары аяктаган мөөнөт менен дал келет.
6-глава. Институттун окумуштуулар кеңеши
25. Окумуштуулар кеңеши Институттун сунуш берүүчү коомдук-кесиптик органы болуп саналат. Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик башкаруу персоналынын жалпы жыйналышында, Институттун директорунун сунушу боюнча жашыруун добуш берүү менен үч жылдык мөөнөткө шайланышат. Илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик башкаруу персоналынын жалпы жыйналышы эгерде ага эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу.
26. Окумуштуулар кеңешинин курамына Институтта иштебеген алдынкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү киришет.
27. Окумуштуулар кеңеши эгерде жыйынга анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу. Окумуштуулар кеңешинин чечимдери эгерде аларга Окумуштуулар кеңешинин добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
28. Институттун директору Окумуштуулар кеңешинин төрагасы болуп саналат.
7-глава. Институттун каржылоо жана материалдык камсыздоо булактары
29. Институттун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик бюджеттин каражаттары;
- илимий долбоорлорду жана программаларды аткарууга жеке жана юридикалык жактар тарабынан бөлүнгөн каражаттар;
- илимий изилдөөлөрдөн, илимий-өндүрүштүк, илимий-билим берүү, басма жана башка иштен түшкөн кирешелер;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү жана салымдары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
30. Институт ишинде мамлекеттин менчигин, жайды, жабдууларды, инвентарды жана башка мүлктүк баалуулуктарды ыкчам башкаруу укугунда пайдаланат.
31. Институттун ишин контролдоо ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте ишке ашырылат.
8-глава. Институттун ишин токтотуу жана кайра уюштуруу
32. Институттун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте аны жоюу учурунда токтотулушу мүмкүн.
33. Институтту кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Институттун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
35. Институт жоюлган учурда мүлкү жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.