Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-декабры № 724
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 10-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүндө:
- 1-главанын 1-пунктундагы "чачыраган" деген сөз "чачыраган түз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган техникалык өзгөчөлүктүн 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-январындагы № 2 (3555) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| 1-тиркеме |
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК
ТУУСУНУН ҮЛГҮСҮ
Сүрөт.
Кездеменин тараптарынын катышы 5:3.
Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымын түзөт.
ӨҢҮ | PANTONE | CMYK | RGB |
Кызыл | PANTONE 1788 С | 0 - 100 - 100 - 0 | 255 - 0 - 0 |
Сары (алтын) | PANTONE Yellow С | 0 - 0 - 100 - 0 | 255 - 255 - 0 |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун негизги элементтерин түзүүдө төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:
1. Чийме масштаб боюнча аткарылууга жана өлчөмдөрү миллиметр менен берилүүгө (МАМСТ 2.301-68), ошондой эле КМС 771-99 үчүн КР МАМСТ жетекчиликке алынууга тийиш.
2. Чиймени аткаруунун ырааттуулугунун сүрөттөлүшү аткарылат.
3. Тегерек (күндүн алкагы) 4 бирдей бөлүккө бөлүнөт, мында тегеректин ар бир бөлүгүндө күндүн 10 нуру түзүлөт.
4. Күндүн нурлары бири-бири менен байланышта түзүлөт.
5. Бардык белгилөөлөр баш тамгалар менен аткарылат.".
| 2-тиркеме |
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК
ТУУСУНУН ТҮЗҮЛҮШ СХЕМАСЫ
СХЕМАЛЫК СҮРӨТҮ ЖАНА ЭЛЕМЕНТТЕРИНИН
НЕГИЗГИ ӨЛЧӨМДӨРҮ
Сүрөт.
НЕГИЗГИ ЭЛЕМЕНТТЕРДИН ПРОПОРЦИЯЛЫК
КАТЫШЫНЫН ЧИЙМЕСИ
Сүрөт.
D - нурлардын тышкы диаметри
D1 - нурлардын негизинин диаметри
D2 - күндүн алкагынын диаметри
D3 - түндүктүн тышкы диаметри
D4 - түндүктүн ички диаметри
1. Күндүн тышкы диаметри боюнча R (радиусту) алабыз жана аны 2ге бөлөбүз, андан соң горизонталдык октон 0 чекитин табабыз.
2. 0 чекитинен тартып нурлардын тышкы диаметрине чейинки аралыкты 8ге бөлөбүз.
3. 0 борборунан тартып 1 чекитине чейин түндүктүн тышкы диаметринин R (радиусун) берет.
4. Вертикалдык ок боюнча түндүктүн тышкы диаметринин төмөнкү бөлүгүнүн кесилишинде 0-1 кесиндисинин жогору жагына туура келтирип белгилеп, а-б чекиттерин табабыз.
5. Вертикалдык диаметрдин түндүктүн тышкы диаметри менен жогорку жагындагы кесилиши а-б:5х3 түзөт, мында в-г өлчөмүн алабыз. Г чекитинен тартып б чекитине чейинки аралыкты өлчөйбүз, андан соң 2ге бөлөбүз жана түндүктүн ички диаметринин R (радиусун) и O1 борборун алабыз.
Сүрөт.
Туунун 100x165 см болгон стандарттык өлчөмүндө, нурдун башталышы менен күндүн алкагынын ортосундагы аралык 0,02 мм түзөт.
КҮНДҮН 40 НУРУНУН ТҮЗҮЛҮШ ЧИЙМЕСИ
Сүрөт.
Күндүн алкагынын тегереги L=dk коэффициенти боюнча 40 бирдей бөлүккө бөлүнөт.
L - хорданын узундугу, d - Ø берилген тегерек, k - коэффициент (0,078), N чекитинен тартып өлчөөчү циркуль менен күндүн тегереги боюнча 40 жолу хорда берилет.
Күндүн нурларын түзүү үчүн:
1. 1-2 кесиндисин 3кө бөлөбүз, алынган чекиттерди I, II деген рим цифралары менен белгилейбиз.
2. Iден тартып IIге чейинки кесиндини 3кө бөлүп, алынган чекиттерди III, IV деген рим цифралары менен белгилейбиз.
3. 0-III нурдун чоң диаметрин берет.
4. 2-бөлүүнүн борборунда нурдун чоң диаметрин жүргүзөбүз.
5. 2 чекитинин борборунан 8 чекитине кесилишкен түз сызык жүргүзөбүз.
6. 2-3 кесиндисин 33кө бөлөбүз. 33-бөлүктүн 1-бөлүгүнөн (D2) D1ге чейин нурлардын негизинин диаметринин башталышы болот.
Нурлардын башталышына аралыгы чийме боюнча берилген күндүн негизине байланыш талап кылынат.
ТҮНДҮКТҮ ТҮЗҮҮНҮН ЧИЙМЕСИ
Сүрөт.
1. Г чекитинен 0 чекитине чейинки кесиндини алып, г чекитинен түндүктүн ички диаметрине кесилишкен R жүргүзөбүз - 1, 2 чекиттери.
2. Түндүктүн тышкы диаметринин R түндүктүн ички диаметринин кесилишине чейин жүргүзүп, 3, 4 чекиттерин табабыз, 5, 6 чекиттери ушундай эле табылат.
3. Күндүн алкагынын төмөнкү бөлүгүнүн вертикалдык огу боюнча кесилишинен М-0 + в-г радиусун жүргүзөбүз жана 7, 8 чекиттерин табабыз.
4. Кесиндини жети бирдей бөлүккө бөлөбүз: 1-5,2-6,8-3,7-4.
5. Чамгарактын хордасын табуу үчүн түндүктүн тышкы диаметрин алып, аны экиге көбөйтөбүз, бул чамгарактын догосун берет.
6. Догонун радиусун бириктиребиз 1-4, Л1-Л4, К1-К4..., чамгарактын догоосунун сол жана оң жагы ушундай эле кайталанат.
КҮНДҮН КЫРК НУРУНУН ЖАНА ТҮНДҮКТҮН АЙКАШТЫРЫЛГАН
ЧИЙМЕСИ
Сүрөт.
".