Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-апрели № 205
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 724, 2025-жылдын 7-октябрындагы № 644, 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 753, 2026-жылдын 18-майындагы №350 токтомдорунун редакциялаына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 10-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(Преамбула Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 724 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин
ТЕХНИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 724, 2025-жылдын 7-октябрындагы № 644 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун техникалык сүрөттөлүшү
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ушул Техникалык өзгөчөлүктүн 1-тиркемесинде келтирилген үлгүгө ылайык тик бурчтуу кызыл кездемеден даярдалган, анын ортосунда тегиз чачыраган түз кырк нурлуу сары түстөгү тегерек күн алкагынын сүрөтү жайгаштырылган, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгү тартылган.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 724 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Элдин оймо-чийме маданиятында Күн - жарыкты, ачыктыкты, жашоого туруктуулукту билдирет. Анын от жалынына окшогон кырк нуру - бул бир элге бириктирилген кырк уруу.
"Түндүк" - сфера формасындагы конструкция, кыргыз боз үйүнүн төбөсүнө орнотулат жана жарык кирүүчү терезе болуп эсептелет. Түндүктүн тегерек алкагы кайчылаш бириктирилген чамгарактан турат. Түндүк асман менен жерди байланыштырат, үй кутунун символу катары кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунда күн менен айкаштырылган түндүк Кыргыз Республикасында - тоолуу өлкөдө ынтымактуу жашаган бардык элдердин биримдигин билдирет.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун туурасы анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун туурасынын бештен үчүн түзөт. Күн менен нурлуу алкактын диаметринин катышы - бештен үчтү түзөт. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымын түзүп турат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун түзүлүш схемасы ушул техникалык өзгөчөлүктүн 2-тиркемесинде келтирилген.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жана анын сүрөттөлүшү, өлчөмдөрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясында сакталып турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун эталонунун түстүк жана схемалык сүрөттөлүшүнө шайкеш келиши керек.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун түсү ушул техникалык өзгөчөлүктүн 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн түскө шайкеш келиши зарыл.
51. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун учтугу ушул техникалык өзгөчөлүктүн 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 644 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык сүрөттөлүшү
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ушул техникалык өзгөчөлүктүн 3-тиркемесинде келтирилген үлгүгө ылайык төмөнкүдөй сүрөттөлүшү бар тартылган тегерек түрүндө болот:
- ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкар;
- көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо кыркалары жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күн;
- тегеректин оң жана сол капталдарына жайгаштырылган пахта жана буудай сабактары;
- тегеректин жогорку бөлүгүндө жайгаштырылган "КЫРГЫЗ" жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнө жайгаштырылган "РЕСПУБЛИКАСЫ" деген жазуулар.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби символдордун шарттуу тили менен кыргыз элинин менталитети, табиятынын, маданиятынын жана чарбасынын өзгөчөлүктөрү чагылдырылган тегерек түрүндө болот.
Алдыңкы планда көк түстөгү тегеректин төмөнкү көпчүлүк бөлүгүндө канатын кенен жайган ак шумкардын астынан алынган сүрөтү түшүрүлгөн. "Ак шумкар" тазалыктын жана асыл ойдун символу катары уламыштарда жана элдик эпостордо айтылып келет. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербиндеги бул куштун сүрөттөлүшү кыргыздардын жашоо мүнөзүн, салттуу маданиятын билдирет жана анын артындагы мелмилдеп жаткан Ысык-Көл жана мөңгү баскан Ала-Тоо чокулары менен кыргыз жерин коргоону билдирет. Тегеректин түпкүрүндөгү тоонун артынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин жогорку бөлүгүн ээлеп, Кыргызстандын ыйык жерине алтын нурун чачкан күн чыгып келе жатат.
Борбордук сюжет керектүү маалымат берүүчү тилке түрүндөгү кооз кырбууланган алкакка алынган: жогорку жагында - "Кыргыз", төмөнкү жагында - "Республикасы" деген сөздөр жайгаштырылган. Кырбуунун каптал жактары чанагынан ачылган пахтанын жана буудайдын - Кыргызстандын жеринде эгилген негизги өсүмдүктөрдүн стилге салынган, орнамент мотивдеринде түзүлгөн кооздуктарынан турат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жылуу-муздак түс гаммасында берилген. Кочкул фондогу сүрөттөрдүн ачык сөлөкөтү даана жана көркөм тартылган. Тегеректин чети контурдук сызык менен чийилген. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби геральдиканын негизги стандарттуу ченемдерине шайкеш келет.
8. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин тартуу схемасы ушул техникалык өзгөчөлүктүн 4-тиркемесинде берилген.
9. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтүн тартууда анын өлчөмдөрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясында сакталып турган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин эталонунун түстүү жана кара-ак сүрөттөлүшүнө шайкеш келиши керек.
10. Түстөр ушул техникалык өзгөчөлүктүн 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн түстөргө шайкеш келиши зарыл.
11. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин бир түстүү сүрөтүн тартууга жол берилет.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин бир түстүү сүрөтү бир түстөгү контурдук сызыктар менен тартылган сүрөттү жана көлөмдүү сүрөтүн (рельефтүү, горельефтүү, оюлган), ошондой эле металлга түшүрүлгөн (чегип түшүрүү, оюу ж.б.) сүрөтү түрүндө болот, мында сүрөттүн түсү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жасалган материалдын түсүнө шайкеш келиши керек.
| 1-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК
ТУУСУНУН ҮЛГҮСҮ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 724 токтомунун редакциясына ылайык)
Сүрөт.
Кездеменин тараптарынын катышы 5:3.
Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымын түзөт.
ӨҢҮ | PANTONE | CMYK | RGB |
Кызыл | PANTONE 1788 С | 0 - 100 - 100 - 0 | 255 - 0 - 0 |
Сары (алтын) | PANTONE Yellow С | 0 - 0 - 100 - 0 | 255 - 255 - 0 |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун негизги элементтерин түзүүдө төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл:
1. Чийме масштаб боюнча аткарылууга жана өлчөмдөрү миллиметр менен берилүүгө (МАМСТ 2.301-68), ошондой эле КМС 771-99 үчүн КР МАМСТ жетекчиликке алынууга тийиш.
2. Чиймени аткаруунун ырааттуулугунун сүрөттөлүшү аткарылат.
3. Тегерек (күндүн алкагы) 4 бирдей бөлүккө бөлүнөт, мында тегеректин ар бир бөлүгүндө күндүн 10 нуру түзүлөт.
4. Күндүн нурлары бири-бири менен байланышта түзүлөт.
5. Бардык белгилөөлөр баш тамгалар менен аткарылат.".
| 2-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК
ТУУСУНУН ТҮЗҮЛҮШ СХЕМАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 724 токтомунун редакциясына ылайык)
СХЕМАЛЫК СҮРӨТҮ ЖАНА ЭЛЕМЕНТТЕРИНИН
НЕГИЗГИ ӨЛЧӨМДӨРҮ
Сүрөт.
НЕГИЗГИ ЭЛЕМЕНТТЕРДИН ПРОПОРЦИЯЛЫК
КАТЫШЫНЫН ЧИЙМЕСИ
Сүрөт.
D - нурлардын тышкы диаметри
D1 - нурлардын негизинин диаметри
D2 - күндүн алкагынын диаметри
D3 - түндүктүн тышкы диаметри
D4 - түндүктүн ички диаметри
1. Күндүн тышкы диаметри боюнча R (радиусту) алабыз жана аны 2ге бөлөбүз, андан соң горизонталдык октон 0 чекитин табабыз.
2. 0 чекитинен тартып нурлардын тышкы диаметрине чейинки аралыкты 8ге бөлөбүз.
3. 0 борборунан тартып 1 чекитине чейин түндүктүн тышкы диаметринин R (радиусун) берет.
4. Вертикалдык ок боюнча түндүктүн тышкы диаметринин төмөнкү бөлүгүнүн кесилишинде 0-1 кесиндисинин жогору жагына туура келтирип белгилеп, а-б чекиттерин табабыз.
5. Вертикалдык диаметрдин түндүктүн тышкы диаметри менен жогорку жагындагы кесилиши а-б:5х3 түзөт, мында в-г өлчөмүн алабыз. Г чекитинен тартып б чекитине чейинки аралыкты өлчөйбүз, андан соң 2ге бөлөбүз жана түндүктүн ички диаметринин R (радиусун) и O1 борборун алабыз.
Сүрөт.
Туунун 100x165 см болгон стандарттык өлчөмүндө, нурдун башталышы менен күндүн алкагынын ортосундагы аралык 0,02 мм түзөт.
КҮНДҮН 40 НУРУНУН ТҮЗҮЛҮШ ЧИЙМЕСИ
Сүрөт.
Күндүн алкагынын тегереги L=dk коэффициенти боюнча 40 бирдей бөлүккө бөлүнөт.
L - хорданын узундугу, d - Ø берилген тегерек, k - коэффициент (0,078), N чекитинен тартып өлчөөчү циркуль менен күндүн тегереги боюнча 40 жолу хорда берилет.
Күндүн нурларын түзүү үчүн:
1. 1-2 кесиндисин 3кө бөлөбүз, алынган чекиттерди I, II деген рим цифралары менен белгилейбиз.
2. Iден тартып IIге чейинки кесиндини 3кө бөлүп, алынган чекиттерди III, IV деген рим цифралары менен белгилейбиз.
3. 0-III нурдун чоң диаметрин берет.
4. 2-бөлүүнүн борборунда нурдун чоң диаметрин жүргүзөбүз.
5. 2 чекитинин борборунан 8 чекитине кесилишкен түз сызык жүргүзөбүз.
6. 2-3 кесиндисин 33кө бөлөбүз. 33-бөлүктүн 1-бөлүгүнөн (D2) D1ге чейин нурлардын негизинин диаметринин башталышы болот.
Нурлардын башталышына аралыгы чийме боюнча берилген күндүн негизине байланыш талап кылынат.
ТҮНДҮКТҮ ТҮЗҮҮНҮН ЧИЙМЕСИ
Сүрөт.
1. Г чекитинен 0 чекитине чейинки кесиндини алып, г чекитинен түндүктүн ички диаметрине кесилишкен R жүргүзөбүз - 1, 2 чекиттери.
2. Түндүктүн тышкы диаметринин R түндүктүн ички диаметринин кесилишине чейин жүргүзүп, 3, 4 чекиттерин табабыз, 5, 6 чекиттери ушундай эле табылат.
3. Күндүн алкагынын төмөнкү бөлүгүнүн вертикалдык огу боюнча кесилишинен М-0 + в-г радиусун жүргүзөбүз жана 7, 8 чекиттерин табабыз.
4. Кесиндини жети бирдей бөлүккө бөлөбүз: 1-5,2-6,8-3,7-4.
5. Чамгарактын хордасын табуу үчүн түндүктүн тышкы диаметрин алып, аны экиге көбөйтөбүз, бул чамгарактын догосун берет.
6. Догонун радиусун бириктиребиз 1-4, Л1-Л4, К1-К4..., чамгарактын догоосунун сол жана оң жагы ушундай эле кайталанат.
КҮНДҮН КЫРК НУРУНУН ЖАНА ТҮНДҮКТҮН АЙКАШТЫРЫЛГАН
ЧИЙМЕСИ
Сүрөт.
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин ҮЛГҮСҮ
(Кагаз түрүндөгүсү КР Юстиция министрлигинде)
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин түзүлүш СХЕМАСЫ
(Кагаз түрүндөгүсү КР Юстиция министрлигинде)
5-тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК
ТУУСУНУН УЧТУГУНУН
СҮРӨТТӨЛҮШҮ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы №350 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун учтугу алтын түстүү металлдан жасалат жана найзанын учу түрүндөгү каскактын ичине жайгаштырылган байыркы кыргыз элинин негизги эн тамгасынын, түркүктүн, жер шарынын, ошондой эле канатын кере жайган Ак шумкардын түшүрүлгөн сүрөтүнөн турат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун стандарттык учтугунун өлчөмдөрү: бийиктиги – 0,3350 м, туурасы – 0,1200 м. Бирок учтуктун өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун өлчөмдөрүнө жана пропорцияларына жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Учтук – бул туунун каскагынын металл учу, ал каскакка втулканын жардамы менен бекемделген. Тарыхый жактан кыргыздарда учтук баалуу металлдардан жасалган. Мисалы «Манас» эпосунда: «Айчыгы алтын кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу» деген саптар кездешет. Согуш жана коргонуу учурунда ал найза катары да кызмат кылган. Тынчтык мезгилинде салтанатты, даңктуулукту, айбаттуулукту жана жогорку искусствону билдирген.
Эн тамга – байыркы кыргыздардын негизги тамгасы. Ал көз карандысыздыктын, кубаттуулуктун, тең салмактуулуктун жана адилеттүүлүктүн символу.
Жер шары – тынчтыктын жана меймандостуктун символу, бүткүл адамзаттын мекени жана уясы.
Түркүк – кыргыздын «Манас» эпосунда Манастын өзүн сүрөттөөдө «Асман менен жериңдин, Тирөөсүнөн бүткөндөй. Айың менен күнүңдүн, Бир өзүнөн бүткөндөй» деген саптар кездешет. Байыркы кыргыздар да дөөлөт менен байлыкка ээ болгондо жоопкерчиликти өз мойнуна алып, өздөрүн элдин тирөөчү менен салыштырган. Түркүктөгү учтукта эн тамга, жер шары жана Ак шумкар кармалып турат.
Ак шумкар – ак шумкар эркиндикти, айкөлдүктү, адилеттүүлүктү, тазалыкты, эрдикти жана берилгендикти билдирет.