Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 18-январы № 18
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 41-берененин биринчи абзацы "144" деген цифралардан кийин ", 179" деген цифралар менен толукталсын;
2) 198-беренеде:
а) берененин аталышында "темир жол өткөөлдөрүн" деген сөздөр "темир жол кыймылдуу курамын, темир жол транспортунун инфратүзүмүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктүн биринчи абзацында "темир жол өткөөлдөрүн," деген сөздөр "темир жол кыймылдуу курамын, темир жол транспортунун инфратүзүмүн жана" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-бөлүктүн биринчи абзацы "чиркегичтеринин" деген сөздөн кийин ", темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 3-бөлүктүн биринчи абзацы "чиркегичтеринин" деген сөздөн кийин ", темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 463-берене "181" деген цифралардан кийин ", 183-берененин 1-бөлүгү" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 13-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |