МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-январындагы № 18 «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция18.01.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 18-январы № 18

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 41-берененин биринчи абзацы "144" деген цифралардан кийин ", 179" деген цифралар менен толукталсын;

2) 198-беренеде:

а) берененин аталышында "темир жол өткөөлдөрүн" деген сөздөр "темир жол кыймылдуу курамын, темир жол транспортунун инфратүзүмүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 1-бөлүктүн биринчи абзацында "темир жол өткөөлдөрүн," деген сөздөр "темир жол кыймылдуу курамын, темир жол транспортунун инфратүзүмүн жана" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 2-бөлүктүн биринчи абзацы "чиркегичтеринин" деген сөздөн кийин ", темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;

г) 3-бөлүктүн биринчи абзацы "чиркегичтеринин" деген сөздөн кийин ", темир жол кыймылдуу курамынын жана темир жол транспортунун инфратүзүмүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;

3) 463-берене "181" деген цифралардан кийин ", 183-берененин 1-бөлүгү" деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н.Жапаров

 

 

 

2023-жылдын 13-декабрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган