Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 23-январы ПЖ № 6
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 "Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартибин андан ары регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 "Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында "Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды" деген сөздөр "Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жободо:
- аталышында "Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды" деген сөздөр "Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажы деп мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн органдарда жана уюмдарда өтөгөн кызматынын жалпы узактыгы түшүнүлөт.
Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага ай сайын үстөк акыны төлөө үчүн иш стажы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасындагы маалыматтардын негизинде аныкталат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасындагы маалыматтардын негизинде үстөк акы зарылдыгына жараша белгиленет.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө менен байланышкан маселелерди талаптагыдай кароо максатында мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругу (тескемеси) менен эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия түзүлөт.
Эмгек стажын белгилөө боюнча комиссиянын курамы, ошондой эле анын иштөө тартиби мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
Эмгек стажын белгилөө боюнча комиссиянын жыйналышы зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
Эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия төмөнкүлөрдү карайт:
- персоналды башкаруу кызматынын же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча иш мезгилдеринин ушул Жобонун 4-пунктунда белгиленген критерийлерге туура келиши менен байланышкан талаш маселелерди;
- ушул Жобонун 7-пунктунда каралган иштин (кызматтын) башка мезгилдерин мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажына киргизүү маселелерин.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасынан маалыматтарды колдонууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага ай сайын үстөк акыны төлөө үчүн иш стажы эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан тиешелүү протоколдо мындай мүмкүнчүлүктүн жок болуу себептерин толук баяндоону көрсөтүү менен аныкталат.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары үстөк акыны дайындоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында адам ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасынан персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эмгек акы төлөө маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө же болбосо кызмат адамына маалыматтарды берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Ушул Жобонун 7-пунктунда каралган иштин (кызматтын) башка мезгилдери мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажына киргизилген учурда үстөк акыны дайындоо эмгек стажын белгилөө боюнча комиссиянын чечиминин негизинде чыгарылган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругунун (тескемесинин) негизинде жүргүзүлөт.
Кызматчы жумуштан бошотулганда иштеген жылдары үчүн үстөк акы иштеген убактысына пропорционалдуу эсептелет жана аны төлөп берүү толук эсептешүүдө жүргүзүлөт.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-январындагы № 7 (3560) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |