Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 20-декабры ПЖ № 347
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик үлүш катышкан айрым чарбалык коомдордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жөнүндө жободо:
- төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51. Улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялар (үлүштөр) бар чарбалык коомдордо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.";
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттин атынан акционер (катышуучу) болуп чыккан чарбалык коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизүүгө;".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өздөрүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 20-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 12-январындагы № 3 (3556) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |