Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 15-апрели ПЖ № 115
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө
Экономиканын туруктуу өсүшүнө дем берүү, жагымдуу инвестициялык климатты жана иш чөйрөсүн түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин (мындан ары - Улуттук агенттик) карамагына тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
1) төмөнкү функциялар:
- инвестициялар чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун өзгөчө (атайын) режимине ээ эркин жана башка экономикалык зоналарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси деп кайра атоо менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Улуттук агенттик жөнүндө жобо ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык;
2) Улуттук агенттиктин башкаруу схемасы ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери Кыргыз Республикасынын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана экспортту илгерилетүү боюнча милдеттерди Улуттук агенттик менен өз ара аракеттенип, жүзөгө ашырат деп аныкталсын.
4. Министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары инвестицияларды тартуу маселелери боюнча Улуттук агенттик менен өз ара аракеттенүү функцияларын жетекчилердин орун басарларынын бирине жүктөсүн.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул Жарлык бекитилген штаттык сандын жана мамлекеттик органдар үчүн республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат;
2) эмгек мыйзамдарына жана мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги "KADI" мамлекеттик мекемесинин ээлеген кызмат орундары боюнча Улуттук агенттиктин карамагына берилген функцияларды жүзөгө ашыруучу иштеп жаткан кызматкерлери Улуттук агенттиктин борбордук аппаратына квалификациялык талаптарга ылайык кайра дайындалууга тийиш;
3) Улуттук агенттиктин кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын эмгек акысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген колдонуудагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык төлөнөт.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
7. Улуттук агенттик жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
1) финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды андан ары пайдаланууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн биргелешкен комиссияны түзсүн, тиешелүү жол-жоболорду аткарууну уюштурсун;
2) штатты өткөрүп берүүдө өткөрүлүп берилүүчү функцияларды аткаруу үчүн ушул Жарлык күчүнө кирген датага карата өткөрүлүп берилип жаткан функциялар боюнча тиешелүү кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер которулууга тийиш экендиги көңүлгө алынсын;
3) бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрсүн;
4) мамлекеттик органдарга жүктөлгөн функцияларды үзгүлтүксүз аткарууну камсыз кылсын;
5) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башкаруу СХЕМАСЫ
|
|
|
|