Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-январы № 21
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - ММК фонду) 2024-жылга бюджети кирешелер боюнча 29 861 401,7 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 29 861 401,7 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2-берене
ММК фондунун 2025-2026-жылдарга пландык мезгилинин бюджети 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-берене
ММК фондунун 2024-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 3-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
4-берене
ММК фондунун 2024-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү 4 жана 5-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
5-берене
ММК фондунун 2025-2026-жылдарга программалык негиздеги бюджетинин долбоору 6-тиркемеге ылайык жактырылсын.
6-берене
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен ММК фондуна берилүүчү ассигнованиелердин өлчөмү төмөнкүдөй суммада белгиленсин:
1) 2024-жылга – 22 586 161,7 миң сом;
2) 2025-жылга план – 23 596 628,0 миң сом;
3) 2026-жылга план – 23 978 751,5 миң сом.
ММК фондуна берилген республикалык бюджеттин каражаттарынын пайдаланылбай калган калдыктары алар берилген бюджеттин кирешесине өндүрүлүүгө тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун бюджетинен ММК фондунун бюджетине берилүүчү каражаттардын көлөмү төмөнкүдөй суммада белгиленсин:
1) 2024-жылга – 4 702 669,6 миң сом;
2) 2025-жылга план – 4 905 768,3 миң сом;
3) 2026-жылга план – 5 101 093,5 миң сом.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонд ММК фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча келип түшкөн каражаттарды жыл ичинде өз убагында толук көлөмдө которууну камсыз кылсын.
7-берене
1. ММК фондунун бюджетинин 2024-жылга карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчасынын көлөмү 391 889,1 миң сом суммасында белгиленсин.
2. Жыл ичинде түзүлгөн жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча жыл ичинде болгон табигый кырсыктарга, кыйроолорго, террористтик актыларга жана башка өзгөчө кырдаалдарга байланышкан милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын финансылык камсыз кылуу менен оор кырдаалдар келип ыккан учурда ММК фондунун чыгашалар боюнча милдеттенмелерин аткарууга багытталсын.
8-берене
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө укуктуу:
1) ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана (же) тескемелерине ылайык ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору киргизилгенге чейин киреше булактарын көрсөтүү менен, кечиктирилгис иш-чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон, бекитилген бюджеттен тышкары кошумча каржылоо жөнүндө;
3) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун бюджетинин киреше бөлүктөрү аткарылбаган учурда, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан ассигнованиелердин жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүлөрүнүн өлчөмдөрүн азайтуу жагына өзгөртүү жөнүндө.
9-берене
Ушул Мыйзамга бюджеттик жылдын ичинде эки жолудан ашык эмес - учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнуна чейин жана 1-ноябрына чейин өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн экендиги белгиленсин.
10-берене
Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал/өзгөчө кырдаал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимдерин кабыл алуу жолу менен ММК фондунун бюджетинин параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу экендиги белгиленсин.
11-берене
Сот органдарынын чечими боюнча жеке жана юридикалык жактардын аткаруу баракчалары боюнча төлөмдөр тиешелүү саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
12-берене
1. Бирдиктүү төлөөчү тутумунун саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча эсептер үчүн колдонулуучу базалык ченемдер 2024-жылга 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2024-жылга калктын жан башына базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу боюнча эсептик көрсөткүч отуз эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө белгиленсин.
13-берене
1. Келишимдик негизде көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну администрациялоо жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар ММК фондуна жүктөлө тургандыгы белгиленсин.
2. ММК фондунун жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын эсептериндеги пайдаланылбаган каражаттардын калдыктары (республикалык бюджеттен ассигнованиелерден тышкары (трансферттер)) кезектеги бюджеттик жылга которулат.
3. ММК фонду бюджетти аткаруу процессинде келишимдик негизде жасалган кызмат көрсөтүүлөр үчүн Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына акы төлөөнү өз убагында жана толук жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик тартат.
4. ММК фондунун бюджетинин каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
5. Саламаттык сактоо уюмдары жана ММК фонду тарабынан бюджеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен пайдаланылган каражаттар, алар берилген тиешелүү бюджеттин кирешесине которулууга тийиш.
6. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына, жылдын башына карата атайын эсептерде топтолуучу каражаттардын калдыктарын, ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин пайдаланууга уруксат берилсин.
14-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-январындагы № 7 (3560) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамды ишке ашырууга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 21-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-январы № 21
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө
(КР 2025-жылдын 17-январындагы N 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - ММК фонду) 2024-жылга бюджети кирешелер боюнча 20108235,4 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 20108235,4 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР 2025-жылдын 17-январындагы N 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене
ММК фондунун 2025-2026-жылдарга пландык мезгилинин бюджети 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-берене
ММК фондунун 2024-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 3-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
4-берене
ММК фондунун 2024-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү 4 жана 5-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
5-берене
ММК фондунун 2025-2026-жылдарга программалык негиздеги бюджетинин долбоору 6-тиркемеге ылайык жактырылсын.
6-берене
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен ММК фондуна берилүүчү ассигнованиелердин өлчөмү төмөнкүдөй суммада белгиленсин:
1) 2024-жылга - 12230161,7 миң сом;
2) 2025-жылга план - 23596628,0 миң сом;
3) 2026-жылга план - 23978751,5 миң сом.
ММК фондуна берилген республикалык бюджеттин каражаттарынын пайдаланылбай калган калдыктары алар берилген бюджеттин кирешесине өндүрүлүүгө тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун бюджетинен ММК фондунун бюджетине берилүүчү каражаттардын көлөмү төмөнкүдөй суммада белгиленсин:
1) 2024-жылга - 5045951,0 миң сом;
2) 2025-жылга план - 4905768,3 миң сом;
3) 2026-жылга план - 5101093,5 миң сом.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонд ММК фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча келип түшкөн каражаттарды жыл ичинде өз убагында толук көлөмдө которууну камсыз кылсын.
(КР 2025-жылдын 17-январындагы N 12 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене
1. ММК фондунун бюджетинин 2024-жылга карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчасынын көлөмү 420495,9 миң сом суммасында белгиленсин.