Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-декабры № 662
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин энергетика чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы N 488 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 26 "Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институту" мекемеси "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту" мекемеси болуп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункттун 25-пунктчасында "Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институту" деген сөздөр "Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институту" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин башкаруу схемасында:
- "Энергетика жана экономика илим-изилдөө институту" деген сөздөр "Энергетика илимий-изилдөө институту" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун 4-пунктчасында "жана экономика" деген сөздөр алып салынсын;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы N 488 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 15-декабрындагы № 99 (3548) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |