Загрузка документа…
КРПрезидентинин
2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 15-сентябрында ПЖ № 236
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 34 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренесинелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 34 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө” Жарлыгына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санында:
- төмөндөгүдөй редакциядагы 31-пункт менен толукталсын:
“
31 | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТООЛУУ РЕГИОНДОРДУ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ИШ-АРАКЕТТЕРДИН БЕШ ЖЫЛДЫГЫНЫН ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА АТАЙЙЫН ӨКҮЛҮ | 1 |
”;
-“БАРДЫГЫ:” позициясындагы “259” деген цифралар “260” деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |