Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 22-февралы ПЖ № 34
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы ПЖ № 237, 2023-жылдын 8-декабрындагы ПЖ № 336, 2024-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 88, 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 124 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы ПЖ № 336 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
1).I.бөлүмүнүн «Саясий мамлекеттик кызмат орундары» 1-главасында:
– алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Коопсуздук кеңешинин катчысы, Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү»;
– он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары – бөлүмдүн башчысы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги, Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысынын орун басары – сектордун башчысы, Президенттин атайын өкүлү, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, Министрлер Кабинетинин атайын өкүлү, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчисинин орун басары, Президенттин Администрациясынын борборунун директорунун орун басары, Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысы (башкармалыктын курамында), Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмүнүн башчысы»;
–.он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
–.он үчүнчү абзацы «Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн (башкармалыктын курамында) башчысынын орун басары,» деген сөздөрдөн кийин «Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальнигинин орун басары – сектор башчысы,» деген сөздөр менен толукталсын;
–.он төртүнчү абзацы «Президенттин Администрациясынын башкы эксперти,» деген сөздөрдөн кийин «Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы – сектордун башчысы,» деген сөздөр менен толукталсын;
2).II бөлүмүнүн «Административдик мамлекеттик кызмат орундары» 4-главасынын 1-пунктундагы «Улук референт» деген сөздөр алып салынсын.
3. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 88 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 78 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия жөнүндө жободо:
– 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8..Комиссиянын катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик сыйлыктар маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү (мындан ары – Комиссиянын катчылыгы) тарабынан аткарылат.»;
–.15-пунктунда «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча» деген сөздөр алып салынсын.
5..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо:
–.31-пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацында «, улук референттер» деген сөздөр алып салынсын.
6..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы № 348 «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
–.1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө жободо:
–.4-пункттунда «Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары,» деген сөздөр алып салынсын;
–.10-пункттунда «Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары жана» деген сөздөр алып салынсын;
–.12-пункттун 8-пунктчасында «, Коопсуздук кеңештин Төрагасынын орун басарына» деген сөздөр алып салынсын.
7. (КР Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 124 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
–.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 3-июнундагы № 249 «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгы;
–.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө» Жарлыгынын 4-пункту;
–.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 472 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын кайра уюштуруу жөнүндө» Жарлыгынын 2-пункту;
–.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы № 64 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 2, 4-пункттары;
.–.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 127 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир жарлыктарына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 2, 3-пункттары;
–.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 193 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 472 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын кайра уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы.
9..Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн, анын ичинде:
– бошогон кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча;
–.Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду ушул Жарлыкка ылайык келтирүү боюнча.
10..Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |