Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 24-январы № 25
"Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 10, 794-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) биринчи жана экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кайрылман - Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн көчүп келүүнү каалаган (көчүп келген) жана кайрылман статусун алган чет өлкөлүк жаран (жарандыгы жок адам) болуп саналган этникалык кыргыздар;
кайрылман статусу - этникалык кыргыз болуп саналган чет өлкөлүк жарандын (жарандыгы жок адамдын) белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталуучу убактылуу социалдык жана укуктук статусу;";
б) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"этникалык кыргыз - чет өлкөлүк жаран (жарандыгы жок адам) болуп саналган кыргыз улутундагы адам.";
2) 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Кайрылман статусу
Кайрылман статусу туруктуу жашоо максатында Кыргыз Республикасына көчүп келүүнү каалаган (көчүп келген) этникалык кыргызга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
Адамда кайрылман статусунун болушу анын Кыргыз Республикасынын аймагындагы социалдык жана укуктук статусун аныктайт жана Кыргыз Республикасы тарабынан берилүүчү социалдык жана укуктук кепилдиктерди алууга укук берет.";
3) 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
"Арыз ээси сканерленген документтерди миграция боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын расмий электрондук дарегине жиберүүгө укуктуу. Документтер ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу берилген же электрондук дарекке жөнөтүлгөн учурда, өтүнүчкө кол койгон адамдын кол тамгасынын аныктыгы жана өтүнмөгө тиркелген документтин көчүрмөсүнүн анын түп нускасына ылайык келүүсү нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт.
Этникалык кыргыздар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрылман статусун берүү жөнүндө кайрылганда, мамлекеттик алымдарды жана консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттарды төлөөдөн бошотулат.";
4) 8-статьянын бешинчи жана алтынчы бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кайрылман ырастамасы кайрылман деп таанылган адамдын социалдык жана укуктук статусун тастыктоочу, Кыргыз Республикасында жүргөн жери боюнча каттоого туруу жана мамлекеттик кепилдиктерди алуу үчүн негиз болуп саналуучу, инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.
Кайрылман ырастамасынын үлгүсү, аны берүү, алмаштыруу жана жараксыз деп таануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
5) 10-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кайрылман статусун токтотуу жөнүндө кабарлама, анын даттануу себептерин, мөөнөттөрүн жана тартибин көрсөтүү менен чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде адамдын жеке өзүнө (ыйгарым укуктуу өкүлүнө) тапшырылат же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан анын катталган же иш жүзүндө жашаган жери боюнча жөнөтүлөт.
Кайрылман статусун токтотуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.";
6) 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-берене. Кайрылман статусун берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге даттануу
Адамга кайрылман статусун берүүдөн баш тартууда, баш тартуунун себептерин жана кабып алынган чечимге даттануу тартибин көрсөтүү менен чечим арыз ээсинин жеке өзүнө (ыйгарым укуктуу өкүлүнө) чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде тапшырылат же андан ары жөнөтүү үчүн өтүнмө берилген жер боюнча арыз ээсине жөнөтүлөт.
Кайрылман статусун берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.";
7) 15-статьяда:
а) биринчи бөлүктүн жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык зарыл болгон медициналык-санитардык жардам алууга;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Кайрылмандар Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында аныкталган шарттарда жана тартипте өздөрү катталган жана жашаган айыл аймагынын аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан мөөнөттүү пайдалануу үчүн жер алууга укуктуу.";
8) 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык кайрылмандарга калктуу конуштардын жерлеринин категориясынан турак үй куруу жана тейлөө, жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жер участокторун кайтарымсыз мөөнөттүү пайдаланууга берет, ал жер кайрылман Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте анын менчигине өтөт.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-январындагы № 8 (3561) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 13-декабрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |