КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 30-январы № 28
Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене.
1983-жылдын 21-мартында Страсбургда кабыл алынган Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Европа Кеңешинин Башкы катчысына депонирлесин.
3-берене.
ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 20-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |