МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-январындагы № 28 «Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Мыйзамы

Редакция30.01.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 30-январы № 28

Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу

1-берене.

1983-жылдын 21-мартында Страсбургда кабыл алынган Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга кошулсун.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Европа Кеңешинин Башкы катчысына депонирлесин.

3-берене.

ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

 

 

2023-жылдын 20-декабрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган